dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Бүгүн, 00:47

Электр энергиясынын баасын кымбаттатуу демилгеси кайрадан чиновниктер тарабынан көтөрүлүүдө

Бүгүн, 00:14

Бишкекте болгон катуу шамалдан улам кулаган дарак "Лексус" автоунаасын басып калды - ВИДЕО

Кечээ, 16:18

Кубат Оторбаев, Акыйкатчы: "Мага кылмыш иши козголду деген маалымат чындыкка туура келбейт"

Кечээ, 15:53

Улуу муундарга волейбол боюнча турнир уюштурган депутат Жыргалбек Турускулов аларды жаштарга ар тараптан үлгү болууга чакырды - ФОТО

Кечээ, 15:25

Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге толугу менен ишенет

Кечээ, 15:07

Өзбек ырчысы Шавкат Мирзиёевге ыр арнап, клиби интернетке жарыяланды + ВИДЕО

Кечээ, 13:45

Атамбаев: "Кыргыз армиясы кезинде куралы, жада калса кийими да жетишпей, далай кордуктарга чыдады"

Кечээ, 13:02

Сен билесиңби же селсебет билеби?

Кечээ, 11:10

Sputnik агенттиги "Ты супер!" шоусунун катышуучуларына сыйлык тапшырды

Кечээ, 11:00

Өзбекстанда GTA, Mortal Kombat өңдүү 34 оюнга тыюу салынды

Кечээ, 10:58

Селден улам Кыргызстан менен Тажикстанды бириктирген жол жабылды

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Информация, распространенная некоторыми интернет-сайтами о том, что панциенты Жалал-Абадского областного центра психического здоровья постоянно нарушают покой студентов профтехлицея №1 в городе Жалал-Абад и терроризируют их, не обоснована, поскольку
26.05.17

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74  млн. сомов

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 7  февраля 2017 года, на  специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 74 млн. 379 тыс. 929 сом. Спецсчет открыт.
08.02.17

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 20 января  2017 года, в специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 19 млн. 129 тыс. 872 сом 85 тыйын. Все желающие физические и юридические лица могут оказать финансовую помощь по следующим
20.01.17

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

Кыргызстанка Таттыгуль Дооталиева, 1984 года рождения была доставлена на допрос в ГКНБ КР. После беседы со следователями девушке было вынесено официальное предупреждение по поводу ее публикации в социальных сетях.
19.01.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Президент Алмазбек Атамбаев “Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө” Жарлыгына кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев “Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө” Жарлыгына кол койдуЖарлыкка ылайык, Жусуп Баласагын – кыргыз жана башка түрк элдеринин мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы өзгөчө барктуу инсан. Чыгыш мусулман кайра жаралуу доорунун залкар ойчулу, Карахандар каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери мамлекеттик башкаруунун теориясына жана тажрыйбасына, түрк дүйнөсүнүн руханий асыл-нарктарын жана маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкон.

Карахандар каганаты өз курамындагы азыркы түрк элдеринин ата-бабалары руханий, маданий, экономикалык жана саясий өнүгүүнүн жогорку деңгээлине жеткен X-XII кылымдардагы эң ири мамлекет болгон. Улуу Кыргыз каганатынын доору 

(IX-X кылымдар) менен катар эле карахандар доору да кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон жана тарых илими тарабынан бул доорду терең изилдөө талап кылынат.

Азыркы Кыргызстандын аймагында 60тан ашык шаар болгон. Карахандар доорунан бери сакталган архитектуралык белгилүү эстеликтерге Бурана мунарасы, Өзгөндөгү тарыхый-архитектуралык комплекс, Шах-Фазил көрүстөнү, Таш-Рабат кербен сарайы жана башкалар кирет.

Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатынын Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору – Баласагын шаарында туулган.

1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги “Кутадгу билиг” (“Куттуу билим”) эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган. Бул чыгарма – дүйнөлүк руханий мурастын, түрк адабиятынын, маданиятынын жана илиминин залкар эстелиги. Кыргыздар жана башка түрк элдери “Кутадгу билиг” эмгегин өздөрүнүн жазма адабиятынын алгачкы түрк-мусулмандык шедеври деп эсептешет.

“Кутадгу билиг” Карахандар мамлекетиндеги адамдардын турмуш-тиричилиги жана социалдык түзүлүшү жөнүндө бай маалыматтарды камтыгандыктан, башкарууну түрк элдеринин жана мусулман маданиятынын бийик руханий-адеп-ахлактык принциптери менен шайкеш келтирген, мамлекетти башкаруунун теориясы жана практикасы тууралуу энциклопедиялык трактат катары өзгөчө бааланат.

“Кутадгу билиг” эмгегинин автору мындан миң жыл мурда эле ар бир адамды өзүнүн диний ишенимдерин жеке тагдыры үчүн гана эмес, коомдун байгерчилиги, биримдиги жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн болгон жоопкерчиликке да шайкеш кылууга чакырган. Жусуп Баласагындын идеялары кыргыз мамлекеттүүлүгү чоң сыноодон өтүп, кайра жаралуу мезгилин башынан кечирип жаткан азыркы мезгилде да актуалдуу болууда.

Жусуп Баласагындын баа жеткис мурасын окуп-үйрөнүү Кыргызстандын материалдык маданиятынын эстеликтерин сактоого жана натыйжалуу пайдаланууга жакшы мүмкүндүк ачат. Алардын айрымдары – Улуу жибек жолунда жайгашкан Бурана (Баласагын), Ак-Бешим (Суяб), Кызыл-Суу (Невакет) 2014-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизилди. Карахандар доорунун мурастарын изилдөө жана жайылтуу Кыргызстандын элинин руханий жана маданий дөөлөттөрүн байытууга, ошондой эле  өлкөбүздүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө болууга тийиш.

Жусуп Баласагындын инсан катары зор тарыхый маанисин, анын түрк-мусулман маданиятын калыптандырууга кошкон чоң салымын, карахандар доорунун Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхындагы маанисин эске алып, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана элдин ынтымагын бекемдөө, кыргызстандыктардын жаңы муунун патриоттуулукка жана адеп-ахлакка тарбиялоо үчүн ойчулдун идеяларын жайылтуу максатында токтом кылынат:

1. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы 2015-2016-жылдары жогорку улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

1) Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;

2) Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин, анда төмөнкү багыттар каралсын:

– коомчулукта, биринчи кезекте жалпы билим берүү уюмдарында, жогорку окуу жайларында жана маданий мекемелерде улуттук жана эл аралык долбоорлордун, анын ичинде жарандык коом демилге кылгандарынын колдоосу менен кеңири маалыматтык жана агартуу иштерин өткөрүү;

– Кыргызстанга “Кутадгу билиг” кол жазмаларынын сакталып калган көчүрмөлөрүн алып келүүнү уюштуруу;

– “Кутадгу билиг” кол жазмасын азыркы кыргыз тилине жаңыча илимий которууну уюштуруу;

– илимий-изилдөө иштерин, тарыхчылардын, түркологдордун, филологдордун, философтордун жана саясат таануучулардын эл аралык конференцияларын өткөрүү;

– карахандар дооруна жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган китептерди чыгаруу, ошондой эле “Куттуу билим” китебин ар кандай курактагы окурмандар үчүн ыңгайлаштырып кыргыз, орус, англис тилдеринде даярдоо жана жаңы басып чыгаруу;

– жогорку окуу жайларынын окуу пландарына, биринчи кезекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын даярдоо боюнча окуу планына Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” китебинин идеяларына арналган темаларды иштеп чыгуу жана киргизүү, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарында сабактарды өткөрүү үчүн методикалык куралды иштеп чыгуу;

– зарыл болгон реставрациялык жана башка иштерди жүргүзүп, ошондой эле тиешелүү туристтик маршруттарды иштеп чыгып  Бурана мунарасы республикалык архитектуралык-археологиялык музей-комплексинин, Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексинин, түрк каганаттарынын башка эстеликтеринин базасында Түрк каганаттарынын тарыхынын музей комплексин түзүү;

– региондун жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жөнүндө илимди өнүктүрүү максатында, ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон карахандар доорунун эстеликтерин жана объекттерин табуу максатында Кыргызстандын аймагында издөө-изилдөө иштерин, археологиялык казууларды жүргүзүү;

– Мамлекеттик тарых музейинде жана өлкөнүн башка музейлеринде Жусуп Баласагын жөнүндө, ошондой эле Кыргыз жана Карахандар каганаттары жөнүндө экспозицияларды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу;

– карахандар доору жөнүндө документалдуу фильмди жана Жусуп Баласагын жөнүндө көркөм фильмди тартуу;

– юбилейлик эстелик медалдарды жана тыйындарды чыгаруу;

3) Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган иш-чаралардын планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүүнү караштырсын;

4) Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы, Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), Түрк академиясы жана башка эл аралык уюмдар менен бирге иштеп Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын жогорку эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча чараларды иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын.

3. Жогоруда аталган чаралардын ичинен биринчи кезектегилерин жүзөгө ашыруу боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фондунан 1 000 000 

(бир миллион) сом Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондуна бөлүнсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

INTER.KG

(оценки:0)
Похожии статьи:

Бул маселе боюнча баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев ЮНЕСКОнун эгидасы астында улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө маселеси каралганы жатканын маалымдап, “Биз бул чыгаан инсанды улуттук баалуулуктардын катарында улуу рухий мурас катары таануубуз кажет”,- дейт


Жалал-Абадда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата бир айлык жарыяландыЖалал-Абад шаарында Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата 2016-жылдын 1-апрелинен 1-майына чейин бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди.


Стамбулда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын салтанаттуу ачылышы болдуСалтанаттуу иш чарага ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дүсен Касеинов, Кыргызстандын Түркиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри А. Максүтов, КР Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Махир Үнал катышууда.


2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяландыКыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 30-декабрда “2016-жылды Тарых жана маданият жылы  деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.


Жалал-Абадда Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына даярдыктар башталдыЖалал-Абад шаарынын муниципалдык ишканалары Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына карата даярдык иштерин баштап жиберишти. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.


Комментарии: Президент Алмазбек Атамбаев “Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө” Жарлыгына кол койду:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай,  таасир талаш күчөй баштады
Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы
Эл берген мандатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган Үмбөт Кыдыралиев
Эл өкүлү Үмбөт Кыдыралиевдин буга дейре кыргыз спортуна кошкон эбегейсиз эмгегин эч кимибиз тана албасак керек.
КСДПдагы Артыков баштаган айрым депутаттар мандаттарын тапшырбай тырышууда
Айтылуу «серый кардинал» Икрамжан Илмиянов ажонун кеңешчилигинен кеткени парламентке келээри боюнча катуу кеп болгон. Аныгында иш
Болотканов
Көп жылдан бери Өмүрбек Бабановдун жеке иштерин бүткөрүп, анын коомдук жардамчысы, жандоочусу, маалымат катчысы,
Ширшовдун үйү Албек Ибраимовго өттүбү?
Ширшов курган ошол элиталык үйлөрдөн (корей улутундагы Тень аттуу жардамчысынын наамында дейт) андагы ИИМ жетекчиси Мелис
Феликс Кулов алдыдагы аламан байгелерге жаңы адамдар менен чыгат
Жанагы жарашса-жарашпаса да жанталашып сүйлөп калганга аракет кылып, “Бакылдак” атка конгон Кожобек Рыспаев баш болгон бир




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.