dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Леонид Маевский прокомментировал приговор кыргызскому оппозиционеру

Леонид Маевский прокомментировал приговор кыргызскому оппозиционеру

Предприниматель, владелец акций ряда телекоммуникационных компаний Леонид Маевский в беседе с «Ъ» прокомментировал приговор, который вчера был вынесен кыргызскому оппозиционеру лидеру партии «Ата Мекен» Омурбеку Текебаеву.
18.08.17

Чиновник в соцсети призывал убить участницу конкурса красоты от Кыргызстана

Чиновник в соцсети призывал убить участницу конкурса красоты от Кыргызстана

Специалист Государственного комитета информационных технологий и связи КР Сабыр Кайыков, участвуя в обсуждении в социальной сети Facebook по поводу лишения гражданства Сусанны Егорян, представлявшей Кыргызстан на конкурсе World Next Top Model 2017,
10.08.17

Узбекистан представит странам ЦА свою региональную политику

Узбекистан представит странам ЦА свою региональную политику

Министерство иностранных дел Узбекистана при участии Информационно-аналитического центра международных отношений, Представительства ПРООН и офиса Координатора проектов ОБСЕ проведет в Ташкенте 11 августа международную конференцию «Центральная
10.08.17

В Хакасии организаторы бунта в тюрьме, среди которых были кыргызстанцы, предстанут перед судом

В Хакасии организаторы бунта в тюрьме, среди которых были кыргызстанцы, предстанут перед судом

Следственные органы Хакасии завершили расследование уголовного дела в отношении 22-летнего и 37-летнего осужденных, отбывающих наказание в в исправительной колонии №35. Об этом сообщает пресс-служба СУ СК РФ по Хакасии.
09.08.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Жеңишбек Жумакадыр, акын: «Президентиңер ушинтти» деп Түркиядагы студенттерди куубаган түрк бийлиги эми “Чубак ажыңар чогуу сүрөткө түштү” деп кууп жибербесе керек...

"Жаратканды тааныган, чыныгы жарыкты тапкан адам шайтан жана напси сунуштаган убактылуу нерсеге алданбайт."

Устаз Фетхуллах Гүлен Хожаефенди.

СҮРӨТ ТЕМАСЫН УЛАЙ...

Жеңишбек Жумакадыр, акын: «Президентиңер ушинтти» деп Түркиядагы студенттерди куубаган түрк бийлиги эми “Чубак ажыңар чогуу сүрөткө түштү” деп кууп жибербесе керек...

Тарыхты карасак улуу аалымдардын атагын алыстан угуп, ага жолугуп илиминин берекесинен алайын, батасына канайын деп урматтап барган аалымдардын окуялары толтура. Мен анда-санда Устаз Фетхуллах Гүлен Хожаефендинин ырларын которуп баракчама коюп койгон жайым бар. Албетте, анан мага жаанын жебелериндей атылган оор сөздөрдү жазышат. Дайыма ичимден Устаз Ф. Гүлен Хожаефендинин мужаддид залкар чоң аалым экенин, таза кыргыз атактуу аалымдарынын бири көрүп, сезип, жалпы журтка акыйкатты айтып берсе дээр элем. " Чындап Кудай кааласа, быламыктан тиш сынат, кыламыктан бут сынат." деген кыргыздын сонун айтканы бар. Кудай каалап ниетимдегиндей биздин залкар Чубак ажыкебиз улуу Устазга жолугуп кайтты. Араң тургандар акыл үйрөтүп эле жатып калышты. Акыл үйрөткөндөр, динден олуя болуп сүйлөгөндөр, Чубак ажы окуган китептерди окумак турсун колдоруна алып көрүшө элек болсо керек. Илимдеги берилген даражалардын сырларын билгенди мындай кой, бир хадистин ачыктамасына түшүнө албай, түш жоругансып өз акылына салып аалым көрүнгүсү келишет. Анан алар Чубак ажы сезгенди кайдан сезишсин. Чубак ажыкебиз Устаз Фетхуллах Гүленди көрүп, сабагына катышып таң бергенин , дүйнөдөгү саналуу гана зор аалымдардын бири экенине ынанганын , ал жердеги абал башкача сөз менен айтып бере алгыс керемет экенин , мүмкүнчүлүк болгондо калып Улуу аалымдан сабак алгысы келгенин айтат. Бул кыскача жазганымдан түшүнгүсү келгендер түшүнсө керек, түшүнгүсү келбегендер баягы жалган жалааларын жаза башташарына шегим жок. Канча жылдыр Устаз Ф.Гүленди мактап, дүйнөнүн 180 өлкөсүнө ачылган мектеп, унивеситеттерине тамшанып таңданган, андан бүтүшкөн окуучулардын эң мыкты экенине баа берип келген, «Заман» гезитин алкыштап таңдайынан бал тамызган Түркия бийлиги ич күйдүлүгүнүн айынан заматта сексен жашты чамалап калган аксакал аалымын «террорист» деп чыга келди. Канча миңдеген кишини түрмөдө сыздатып кыйноолорду көрсөтүп жатат. Төңкөрүш жасаганга аракет кылды деген сөздөрүнүн бир дагы дүйнө ынана турган далилдери жок. Бир мусулман бир жаныбарды бир чаап сабаса , кыяматта акысы алынып берилеби? Албетте, берилет! Муну баары билет жана андан шектенбейт. Канчалаган күнөөсүз адамдардын зарлаган көз жаштарына бийлик акыретте жооп береби? Албетте, жооп берет! Билип туруп аларды мактап, улуу аалым жөнүндө жазгандар ойлонбосоңор акыбетиңер кыйын болуп калышы мүмкүн. Же жолугуп көрбөсөңөр, же китептерин окуп катасын таппасаңар, уккан ушагыңарга эле ишенип өзүңөрдүн акылыңарга эле таянганыңар - өтө чоң катачылык. Жалган жалаа жаап, ушактап шылдыңдап жазганыңарды токтотушуңар керек деп ойлойм. Эгер силер денеден жандын чыгышы оор экенине, мүрзөдөгү сурактын кыйын болооруна, макшардагы гыйбатчылардын абалы жан чыдабас азапка кабыларына чындап ыйман келтирип ишенген болсоңор. Бир жактуу гезиттерге жазып, бир жактуу бардык телесинен жамандап «террорист» деп көрсөтө берсе, түрк эли тажагандан деле ишенип алышты окшойт. Ишенбегени бар албетте, айткандан коркушат. Хожаефендинин башына ар бир аалымдын башына келгендей сыноолор келип турган учуру, тактап айтсам, өмүрү сыноолор менен келе жатат. Бир кичинекей тар бөлмөдө сыртка чыкпай, алтымыштай ооруу менен алпурушуп жашаш оңойбу. Бул дүйнөдөн бир дагы аалым жыргап жүрүп өткөн эмес. Куулган, зынданга салынган, өлтүрүлгөн… койчу, зээниң кейийт. Узап кеттим көрүнөт. Менин жазганымдан да маанилүү, далилдүү , кызыктуу кылып Чубак ажыке жакында Устаз Фетхуллах Гүлен Хожефенди жөнүндө жазып чыкса керек. Түркиядагы мекендештер санаа чекпей эле коюшса болот. Чубак ажыке, Устаз Фетхуллах Гүлен менен сүрөткө түшпөсө деле биздин мамлекеттин көз карашын Президентибиз былтыр эле билдирген болчу. «Президентиңер ушинтти» деп Түркиядагы окуган студенттерди, ишкерлерди кууп жибербеген, Чубак ажыңар чогуу сүрөткө түштү деп кууп жибербесе керек. Ар бир адам эркин басып, эркин дем алып, каалаган жерге басып, каалаган адамы менен сүрөткө түшүүгө акысы бар. Кыскасы, улуу аалым Фетхуллах Гүлен Хожаефенди айткандай : сөздүн күчү жетпеген ойлорубуз көп тура. Баарыбызга туура пикир , бекем ыйман жана башкалардын, анын ичиненен чоң аалымдардын этин жеп тозоктук болуудан сактасын.

 INTER.KG

(оценки:1)
Похожии статьи:

Чубак Жалилов: "Фетхуллах Гүлендин террористтик идеяларды жайылтат дегени саясий көз караш деп эсептейм"Дин аалымы Чубак Жалилов АКШдагы 10 күндүк сапарында Чикаго университетинин Теология факультетинде, Ислам колледждеринде болгонун, мындан сырткары Вашингтон, Нью-Йорк шаарларындагы жана Огайо штатындагы кыргыз мусулмандары жана Фетхуллах Гүлен менен жолукканын бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына билдирди.


Атактуу дин аалымдары Чубак ажы менен Гүлендин жолугушуусу коомчулукта талкуу жараттыАтактуу түрк аалымы Фетхуллах Гүлен Америкада жашай турганын баарыбыз билебиз. Мен АКШга сапар алган учурда ал киши менен да жолугууну ниет кылгам. Сурансам, ооруп жатканын айтып, кийинки күнү жолугушууга макул болду. Барып сабактарына катышып, өзү менен баарлашып, үй-бүлөм үчүн, Кыргызстан үчүн бата алып келдим. Биринчиден, Түркия мамлекети Гүленди террорчу деп жарыялаганын билем, бирок аны бир да мамлекет туура деген жок. Мисалы, АКШ өзү деле аны террорчу деп таанып, түрк өлкөсүнө өткөрүп берген жок. Анын үстүнө жеке бир адамдын, жеке бир мамлекеттин жактырбоосунун айынан эле бир адамды террорчу деп чыгарып койгонго болбойт. Экинчиден, Гүленге карата биздин Кыргызстандын көз карашы түз, анын лицейлери, башка мекемелери иштеп жатат


Түркия Фетхуллах Гүленди камоо боюнча АКШга расмий өтүнүч кат жибердиАнкара аны аскердик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп айыптоодо. Динаятчы Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда ыктыярдуу бозгунда жүрөт. Ал Түркиядагы июлдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы жок экенин айтып келет. Түрк өкмөтү Гүлен негиздеген “Хизмет” кыймылын террордук деп таап, аны менен тилектеш делгендерди камап же ишинен айдоодо.


1-сабак. Айтылуу аалым Чубак ажы Жалилов орозо боюнча суроолорго жооп берет.


Чубак ажы Жалилов депутат болобу?Бирөө мени “депутат бол!” – деди. Анан мен айттым: “макул, болоюн”. “Эмне пайдасы бар?” - деп сурадым. Сурасам ал: “машинаң болот” – деди. “Азыр жөө жүрөмбү?” – дедим. Анан “сен дейт камри машина айдайсың?” – дейт. Мен айттым: “мага дагы бир досубуз камри машина белек берди”. Мен өзүм машина алдым эле. Анан муну алып келгенден кийин, аны атама берип жибердим. Арзаныраак машина эле, айылда айдагыла деп бердим. Муну мага бирөө белекке берди. Бир тыйын короткон жерим жок. Ошондой депуттаттардыкындай. Маркасы бирдей. Башкасы дагы бирдей. Анан “депутат болсоң элдер менен жоолугушасың” – дейт.


Комментарии: Жеңишбек Жумакадыр, акын: «Президентиңер ушинтти» деп Түркиядагы студенттерди куубаган түрк бийлиги эми “Чубак ажыңар чогуу сүрөткө түштү” деп кууп жибербесе керек...:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
Сусанна Егорян вице-мисс титулун жеңгендигин далилдейм дейт
Дүйнөлүк сулуулар сынагына аттанган Сусанна сынактын жыйынтыгын  жарыялап, биринчи вице-мисс титулун жеңгендигин шардана
Кечээги Бакиевдин “куйругу” бүгүн Атамбаевдин “куйругуна” айланганда
Жасалма мүнөз күткөн, кур дымак үчүн зөөкүрлөнгөн Алтынбек Сулайманов деген эргул
Акбаралы аламандан чыкты
Президент болсом гүлдөтөм, жыргатам, кыйратам деп жаткан талапкерлердин саны күндөн-күнгө азайып жатат.
Кубан Чороев, президенттикке талапкер: “Бир тыйыны жок президенттикке аттандым”
Миллионду кайдан табам деп тынчсызданган жокмун. Кудай өзү берет
Илим Карыпбеков еврейби?
Эл арасында мамилеге, убадага өтө так адамды “еврейлердей жүрөт тим эле” деп коюшат эмеспи. КТРКнын башкы
Исаев “ит оорусун” карматып жатабы?
Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев өлкөнүн түндүгү менен




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.