dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Бүгүн, 00:47

Электр энергиясынын баасын кымбаттатуу демилгеси кайрадан чиновниктер тарабынан көтөрүлүүдө

Бүгүн, 00:14

Бишкекте болгон катуу шамалдан улам кулаган дарак "Лексус" автоунаасын басып калды - ВИДЕО

Кечээ, 16:18

Кубат Оторбаев, Акыйкатчы: "Мага кылмыш иши козголду деген маалымат чындыкка туура келбейт"

Кечээ, 15:53

Улуу муундарга волейбол боюнча турнир уюштурган депутат Жыргалбек Турускулов аларды жаштарга ар тараптан үлгү болууга чакырды - ФОТО

Кечээ, 15:25

Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге толугу менен ишенет

Кечээ, 15:07

Өзбек ырчысы Шавкат Мирзиёевге ыр арнап, клиби интернетке жарыяланды + ВИДЕО

Кечээ, 13:45

Атамбаев: "Кыргыз армиясы кезинде куралы, жада калса кийими да жетишпей, далай кордуктарга чыдады"

Кечээ, 13:02

Сен билесиңби же селсебет билеби?

Кечээ, 11:10

Sputnik агенттиги "Ты супер!" шоусунун катышуучуларына сыйлык тапшырды

Кечээ, 11:00

Өзбекстанда GTA, Mortal Kombat өңдүү 34 оюнга тыюу салынды

Кечээ, 10:58

Селден улам Кыргызстан менен Тажикстанды бириктирген жол жабылды

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Информация, распространенная некоторыми интернет-сайтами о том, что панциенты Жалал-Абадского областного центра психического здоровья постоянно нарушают покой студентов профтехлицея №1 в городе Жалал-Абад и терроризируют их, не обоснована, поскольку
26.05.17

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74  млн. сомов

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 7  февраля 2017 года, на  специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 74 млн. 379 тыс. 929 сом. Спецсчет открыт.
08.02.17

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 20 января  2017 года, в специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 19 млн. 129 тыс. 872 сом 85 тыйын. Все желающие физические и юридические лица могут оказать финансовую помощь по следующим
20.01.17

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

Кыргызстанка Таттыгуль Дооталиева, 1984 года рождения была доставлена на допрос в ГКНБ КР. После беседы со следователями девушке было вынесено официальное предупреждение по поводу ее публикации в социальных сетях.
19.01.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Таалайбек Турдубаев: «Үйлүү болорума эмес, тууган тапканыма кубанып жатам»

Учурунда Таалайбек Турдубаевдин аткаруусундагы «Сулууга», «Муңайган жоктур менчелик» деген ырлар абдан угумдуу болуп, радио хит-параддардан жума сайын башкы орунду бербей турчу. Бирок акыркы учурларда аталган ырчынын ырларын көп укпай калдык. Андан улам ырчы менен байланышып кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Таалайбек мырза, сахнадан эмнеге көрүнбөй кеттиңиз?

– Рысбай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев баштаган ырчылардын эң акыркы эшелонундагы вагондордун бири мен болдум окшойт. Айбек Карымовдон кийин эле мен чыктым, менден кийин жаштардын толкуну козу карындай биринин артынан бири чыгып ырчылыкты оңой оокат көрүп алышты. Компьютер деген неме сүйлөп кетип калсаң деле ырдатып жасап коёт экен, анын арты менен таланты бары деле, жогу деле чыгып жатат. Алар чет өлкөнүн ырларын уурдап кыргызча которуп, керек болсо аранжировкасын өзгөртпөй ырдап чыгып алышты. Элдин ырга болгон табити жоголду. Ырчылардын ыры көбөйгөн сайын теле-радиолорго «менин ырымды берип кой» деп чуркаш керек болуп калат экен. Мен антип чуркачу убактан өтүп калгам, чакырган жерге барып ырдап коём, чакырбаса өз ишимди кыла берем. Көрүнбөй кеткенимдин себеби ушул.

– Эмне менен алектенесиз?

– Ошто жашап, жыйырма жылдан бери Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштейм. Доценттик наамга ээ болгом. Концерттерге, тойлорго чакыруу болсо барып ырдап берем. Ырларды жазып жатам. Гүлнара Кахарова, Асел Турдалиева, Динара Акулова, Гүлнара Калдаровалар ырларымды ырдап радиолордон жаңыртып жатышат. ЭлТР телеканалынан тез-тез эле чыгып турам. Бишкектен алыс жашаганыма байланыштуу концерттерге көп бара албай калам. Жакында жаңы клип тартып элге тартуулоонун алдында турам.

– Популярдуу болуп турган учуруңуз эмнеси менен эсиңизде калган?

– Негизи ырчы болом деген адам белгилүү ырчыларга шакирт болуп, алар менен чогуу гастролго чыгып, элге акырындык менен таанылып, анан ырчы болот. Чынын айтсам, менде ырчы болом деген ой деле жок болчу. Керек болсо обон жазып алып аны бирөөгө угузгандан уялып, бирөөнүкүнө окшош болуп калса эмне болот деп тартынчумун. Музыкант катары эле ыр жазып ырдап, төрт ырымды Оштон такси аркылуу «Кыргызстан обондору» радиосуна берип жибергем. Ал ырларды радио кабыл алып эфирден кетиришиптир. Ал тууралуу өзүм эл «сенин ырларың радиодон кетип жатат» дешкенде анан билгем. Ырларымды эл жакшы кабыл алып хит болуп кетти. Ошол учурда чоң сахнага чыгуу, концерт берүү тууралуу түшүнүгүм жок болчу. Бирок ага карабай Оштун филармониясына эки күн концерт койдум. Эл абдан көп келип супер аншлаг менен өттү. Кайра эле Бишкекке келип филармонияда эки күн концерт бердим. Азыр ойлосом, шоу-бизнести түшүнбөгөндүгүмдөн эле концерт берип жибериптирмин. Азыркыдай шоу-бизнеске аралашып, баарын көрүп калган учурум болсо концерт коймок эмесмин. Себеби азыр концерт бергенден корком. Ал учурда «эл келбей койбойбу, банкрот болбоймунбу» деген ой такыр болгон эмес. Азыр ойлоп алып абдан таң калам.

– Канча балага ата болуп калдыңыз?

– Менин эки уул, бир кызым бар. Келинчегим болсо музыка факультетин бүткөнү менен чеберчилик жагына ооп кеткен. Азыр түрдүү кийимдерди тигүү менен алектенет. Мен университетте иштеп, тойлорго барып ырдап каражат табам.

– Бишкекке келип чыгармачылык менен иштөө оюңузда жокпу?

– Бишкекке 2005-жылдары барып 3 жылдай иштеп келгем. Ошол учурда патриоттук багыттагы ырлардан менин ырым Кыргызстан боюнча 1-орунду алган. Ырды генерал Исмаил Исаков Коргоо министри болуп турган учурда Асел Турдалиева, ыраматылык Гүлзат Батыркановалар аскер хору менен ырдашкан. Ыр министрликтин гимни болуп кабыл алынып Исаковдон акчалай сыйлык алгам. Ошентип, жакшы эле иштеп теле-радиодон тынбай чыгып турчумун. Оштогу жумушумдан убактылуу эс алуу алган элем. 2009-жылы алар жумушка чакырышып кайра университеттеги жумушумду тандап келе бергем. Эгерде борбордо туруктуу жашаган үйүм болсо, балким, келбей коёт элем. Улам бир жерге батирге кирем, ал жерге көнсөм “чык” дейт, башкасына көчөм, балдарым да мектептен-мектепке көчүп кыйналып кетишти. Анан антип кыйналбай деп Ошто үйүбүз бар болгондуктан келе бергем. Азыр эми Бишкектен да үйлүү болгону калдым. Ушул жылдын башында куудул Жамбыл Камчиев, Кубаныч Миталипов байкелер менен Жалал-Абад курортуна концерт коюп барып калдык. Ошол жерде ырдап жатсам бир апа менин чыгармачылыгымды бааладыбы, айтор, мага жакшы сөзүн айтып, жылуу мамиле жасап, Бишкекте салынып жаткан үйлөрдүн биринен бир батирди мага арнады. Азыр апа менен абдан жакшы мамиледе болуп, биз барып, алар келип ынак мамиледе жүрөбүз. Буюрса, ошол үй курулуп бүтсө Бишкекке барып жашап, чыгармачылыкка жакшылап киришип иштейм деген оюм бар. 2016-жылы бүтөт деп жатышат. Бирок мен үйлүү болорума эмес, тууган тапканыма кубанып жатам.

– Өзүңүздүн апаңыз бар беле?

– Мен апамдан эрте ажырагам, апам мен 7-класста окуп жүргөн учурда каза болуп калган. Атам 96 жашка чыгып каза болду. Азыр ал адам мага энелик мээримин төгүп апа ордуна апа болуп жатат десем болот. Быйыл 1-сентябрда кызым 1-класска окууга кирди, «неберемди партага өзүм олтургузам» деп Бишкектен самолёт менен учуп келип кызымды окууга өзү жетелеп барып киргизип, батасын берип кетти. Андай нерсени анча-мынча ата-эне да кыла бербейт.

Лида Аруунова: «Жүрөгүмдүн бир бөлүгү үч баламда болсо, бир бөлүгү Таалайбекте»

– Жазында Жалал-Абад шаарына курортко барып калдым. Маанайым жок олтурсам концерт келип көрүп калдык. Башында концерт мага анчалык таасир эткен эмес. Бир убакта Таалайбек чыгып ырдаганда эле жүрөгүм башкача болуп ысып чыкты. Толкунданып, кайра-кайра кол чаап ырдатып, ыры бүтпөсө экен деп турдум. Жараткан мага энелик башкача бир жылуу сезим берди. Ырдап бүткөндө сахнага чыгып бетинен өөп: «Алдыңа кетейин, Турак жай куруу кооперативинин башчысымын, эл алган үйдөн сага дагы берейин, келип бир үйгө жазылып, чыгармачылыгыңды Бишкекке барып өркүндөт. Менин эки уул, бир кызым эле бар, мага бала болчу», - дедим. Таалайбек дагы ийилип: «Макул, сизди апа кылып алайын», - дегенде көзүмдөн жаш кетип «балам» деп калдым. Концерт бүтүп ал кеткенден кийин баламдан айрылгансып жаман абалда калдым. Эртеси «апа» деп телефон чалды, абдан кубандым. Ортобузда жакындык пайда болуп өзүм төрөп алгандай болдум. Чынын айтсам, Таалайбектин ата-энеси жогун, чыгармачыл адам экенин билген эмесмин. Кудайым мага бир бала берди да. Балдарымдан улуу экен, Таалайбек келгенде балдарым да улуу агасы келгендей тосуп алышты. Улуу балам: «Апа, Таалай байкем улуубуз болду, эми баарын байкем чечет», - деп коёт. Улуу уулумдун баласына сүннөт той, ортончу балам балалуу болгон, ага, анан балалуу болдум деп Таалайга да жээнтек той кылып чоң той бердим. Туугандарым абдан жакшы кабыл алып, баары кубанышты. Азыр эне-баладай катышып жатабыз. Жүрөгүмдүн бир бөлүгү үч баламда болсо, бир бөлүгү Таалайбекте. Күн сайын «апа» деп телефон чалып турат. Таалайбек экөөбүздүн ортобузда жасалма мамиле жок, эне-бала катары бири-бирибизди чын жүрөктөн кабыл алдык.

Динара ЧОКОЕВА, "Леди. kg"

(оценки:0)
Похожии статьи:

Анара Шайымкулова: «Жолдошум чыгармачылыгымды түшүнөт, мага мындан өткөн бакыт жок»2005-жылы чоң ырчы болом деп Бишкекке кыштын суугунда Рысбек Жабировдун үйүнө келдим. Батирде жашаган немелердин үстүнө кошулуп кирип алдым. Айбек Карымовго телефон чалсам, «сен келбегениңден солист алып алгам», - деди. Рысбек байкенин аялы - абдан жакшы эже, мени үйүнө жашатып жүрө берди. Жазда Айбек байке кайра телефон чалып солисти турмушка чыгып жатканын айтып чакырды. Топто ырдап жүрүп Айбек байкенин инисине жолуктум. Борборго чоң ырчы болом деп келип чоң сүйүү таптым.


Рысбек Жантөрөев: «Аялымдын мынчалык таланттуу экенин билбей жүрүпмүн»Жубайым экөөбүздүн тең пейилибиз кенен. Биздикине ким келсе дагы эшигибиз ачык. Ошондуктан, айылдан келгендин баары биздин үйдө. 


Жоодарбешим: «Кыздар телефон номерлерин жүз сомдуктарга жазып беришет»- Окуучулук кезде балалык жактыруулар болгон. Кийин студент куракта болсо мен гастролдоп кетип калып, сүйлөшкөн кызымды ала качтырып жибергем. Ошол учурда сүйүүдөн көңүл калып капа болгом. Азыр ошол кызды чын сүйдүм беле же жаштык кылдым беле деп ойлонуп калам. Эгерде азыр сүйлөшкөн кызымды ала качып кетишсе жөн эле калып калбай артынан бармакмын. 


Бегимай Бекбоева: “Биздин үй-бүлөгө көз тийип кетти окшойт...”Кичине кезимден эле атама абдан жакынмын. Атам менин досум, сырдашым да болот. Ал адамдан эч нерсе жашырбайм. Ким менен достошуп жатам, же ким менен таарынышып кеттим. Ал турсун, кайсы бала тийишип жатат, ошондон бери айтып турам. Мен дүйнөдө атамдай алтын адам жок деп ойлойм. Абдан таланттуу, жулунбаган, ыймандуу, жөнөкөй адам. 


Анара ШАИМКУЛОВА, ырчы: "Жакшы мугалим болмокмун"ЖАМУнун филология факультетинде билим алып, кийин Токтосун Тынымбетов атындагы филармонияда иштедим. Ал эми 2005- жылы Бишкекке келип, бир жыл Айбек Карымов менен иштештим. Чыгармачылыкка жаңыдан аралашып, эл алдына чыга баштаган кезде турмушка чыгып, балалуу болуп, эки жылдан ашуун үйдө олтуруп, чыгармачылыктан бир аз алыстап кеткем. Азыр элдик ырларды ырдап, чыгармачылыкка баш-отум менен киришип иштеп жатам. 


Комментарии: Таалайбек Турдубаев: «Үйлүү болорума эмес, тууган тапканыма кубанып жатам»:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай,  таасир талаш күчөй баштады
Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы
Эл берген мандатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган Үмбөт Кыдыралиев
Эл өкүлү Үмбөт Кыдыралиевдин буга дейре кыргыз спортуна кошкон эбегейсиз эмгегин эч кимибиз тана албасак керек.
КСДПдагы Артыков баштаган айрым депутаттар мандаттарын тапшырбай тырышууда
Айтылуу «серый кардинал» Икрамжан Илмиянов ажонун кеңешчилигинен кеткени парламентке келээри боюнча катуу кеп болгон. Аныгында иш
Болотканов
Көп жылдан бери Өмүрбек Бабановдун жеке иштерин бүткөрүп, анын коомдук жардамчысы, жандоочусу, маалымат катчысы,
Ширшовдун үйү Албек Ибраимовго өттүбү?
Ширшов курган ошол элиталык үйлөрдөн (корей улутундагы Тень аттуу жардамчысынын наамында дейт) андагы ИИМ жетекчиси Мелис
Феликс Кулов алдыдагы аламан байгелерге жаңы адамдар менен чыгат
Жанагы жарашса-жарашпаса да жанталашып сүйлөп калганга аракет кылып, “Бакылдак” атка конгон Кожобек Рыспаев баш болгон бир




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.