dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Кечээ, 12:59

Вашингтондо өткөн роботтордун эл аралык таймашында Ооганстандын кыздары байгелүү орунга жетишти

Кечээ, 12:53

Орус оппозиячыл жунарлитстке белгисиз кишилер журналист Юлия Латынинанын үйүнө газ чачып кетишти

Кечээ, 12:44

Биометрикалык паспортту бир катар банктар кабыл албай жатат

Кечээ, 12:31

Алгачкылардан болуп кол чогулткан Темир Сариев документтерин БШКга тапшырды

Кечээ, 11:22

"Балакет болду": Таласбаева да Токтосунова да президент болом дейт

19-07-2017, 19:21

Төрөбай Зулпукаров, депутат: "Сооронбай Жээнбеков иштейт, бирок мактанбайт" - ВИДЕО

19-07-2017, 19:09

Назира Айтбекова: "Бөдөнө тумшук мамагымды көрө албай койдуңар, иттин башындай болгондо кууратмак экенсиңер" - ФОТО

19-07-2017, 18:50

«Ош-Бишкек» автожолунун "шепи" ишине жасаган кайдыгерлиги үчүн кызматтан алынат

19-07-2017, 18:11

Жанар Акаев, ЖК депутаты: "Атамбаевди эл экинчи мөөнөткө калтырууну суранып жатат" дегенде чалкаман кете жаздадым

19-07-2017, 16:28

Камчыбек Ташиев: "Бул бир эле Текебаевдин эмес, бүгүнкү күндүн элдин тагдыры" - ВИДЕО

19-07-2017, 15:41

Өзбекстанда Мамлекеттик салык кызматы жоюлат

Чешская компания намерена инвестировать в строительство ГЭС в КР около 500 млн долларов

Чешская компания намерена инвестировать в строительство ГЭС в КР около 500 млн долларов

Чешская компания Liglass Trading CZ готова инвестировать в проект Верхненарынского каскада ГЭС около 500 миллионов долларов. Об этом в городе Нарыне (КР) 18 июля сказал представитель компании Йиржи Войтеховски.
19.07.17

Скандал. Властям Кыргызстана говорили не сотрудничать с Liglass Trading CZ

Скандал. Властям Кыргызстана говорили не сотрудничать с Liglass Trading CZ

В Кыргызстане разгорается скандал вокруг энергетического проекта между правительством Кыргызстана и Liglass Trading CZ, s.r.o. по строительству и вводу в эксплуатацию Ак-Булунской ГЭС и Нарынской ГЭС-1 Верхненарынского каскада. Эта компания также
17.07.17

Министр А.Касымалиев:  Кыргызская Республика открыта для инвесторов арабского мира

Министр А.Касымалиев: Кыргызская Республика открыта для инвесторов арабского мира

Кыргызская Республика заинтересована во внедрении новых финансовых инструментов на финансовом рынке, в частности исламских ценных бумаг (сукук) в Кыргызской Республике. Об этом заявил министр финансов Кыргызской Республики Адылбек Касымалиев 10 июля
10.07.17

По факту завышения сметы на строительство здания ГП КР возбуждено уголовное дело

По факту завышения сметы на строительство здания ГП КР возбуждено уголовное дело

Генеральной прокуратурой 6 июля 2011 года был заключен договор с ОсОО «Гарант Проект» на разработку проектно-изыскательской документации на строительство дополнительного здания Генеральной прокуратуры КР. Стоимость строительства
22.06.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Президентке каршы күчтөр чогула баштады

Президентке каршы күчтөр чогула баштадыПарламенттик шайлоого аттанган партиялар рейтинг талашуу жолуна түштү. Баары элдин колдоосу астында таразаланат. Буга чейин КСДП жана президент Алмазбек Атамбаевден бата алган партиялар жөнүндө ар түрдүү сөз болуп келген. Ал эми оппозициялык маанайдагы партия деги барбы?..

Буга чейин коррупция беренелери менен бийлик бир топ саясатчыларды камап, кууп, качырып салганы белгилүү. Андыктан, «калбыры» менен мандатка, креслого жетүү үчүн президентке душман болуу, сын айтуу пайдасыз экенин баары түшүнүп калды. Ошол жагынан көбү коркуп, парламентке өтүүнү каалаган күчтөрдүн баары эле Атамбаевдин алдынан өтүп, жалтактагандай мүнөз күткөнү жалганбы? Чын! Аныгында, кантип Алмаз Шаршенович дээрлик саясый күчтөрдү башкарып алды? Себеби, буга чейин камакка алынган, кылмыш иши козголгон элитанын көпчүлүгү кызмат абалдарынан пайдаланып, байлыкка жеткендер болуп саналат. Карапайым калк байлардын камалышын, же куугунтукталышын колдойт. Бул – табигый көрүнүш. Президент ушул өңүттөн упай алды. Анан да Бажы биримдигине кирүү, Россияга боор тартуу саясатын Кыргызстандагы басымдуу элдин бөлүгү колдоду. Бир жагынан чек ара чыры токтобой, экинчи жагынан диний радикализм күчөп турган чакта, эл ачка калууга да кайыл болуп, тынчтыкты самаганы ачык байкалууда. Буга чейин коомчулук билгендей, Атамбаевди айланасындагы айрым фигуралар уят кылып келсе, ошого катар КСДПдагы арты таза эмес бир топ депутаттар сөзгө калтырган. Калыс караганда, Аскар Акаев, Курманбек Бакиевге салыштырмалуу Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсүн саясатка аралаштырып, мамлекеттин байлыгына кол салдырган жок. Экс-президенттердин тагдыры сабак болсо керек. Дагы бир жагдай, Кыргызстандын келечеги үчүн түндүк-түштүк стратегиялык жолунун курулушу, ГЭСтерди салуу демилгеси көтөрүлгөнү да түшүнгөн адамдарга жагып турат. Дал ушундай иш-чаралар менен президент элдин көңүлүн бура алганын эсепке алсак болот. Албетте, булар учкай гана фактылар.

Натыйжада, күздөгү шайлоого карай КСДП кайсы жетишкендиктери үчүн добуш ала алат? Буга чейин аталган партиядан элдик пикирди айткан Исмаил Исаковдон башка кимисин байкай алдык? Бир гана генерал Исаковдун калыстыкты айтып келгенин угуп жүрөбүз. Мындан башка адилеттүүлүк жолунда көзгө көрүнгөнү барбы? Менимче, КСДП негизги добушту – Атамбаевдин саясаттагы авторитети, бийликтин таасири жана финансылык ресурсу менен топтой алышы мүмкүн. КСДП биринчи орунга чыгуу үчүн катуу ат салышат. А кайсы партия каршылык көрсөтүп, таканчык бере алат дейсиз? Албетте, бүгүнкү күндө бата сурабаган «Ата Мекен» гана ачык кырчылдашууга даяр экени байкала баштады. Өткөн жумада биздин гезитке Өмүрбек Текебаевдин кеңешчиси Сабыр Муканбетов интервью берип, жыландын башын кылтыйтып койгон. «Ата Мекен» менен «Улуттар Биримдигин» жакындатуу боюнча ой таштап. Эгерде чындап эле «Улуттар Биримдиги» партиясы «Ата Мекенге» кошулса, Оштогу Мелис Мырзакматовдун 10 миңдеген күйөрмандары бурулат. Мырзакматов өзү куугун жеп, жердештерине аянычтуу көрүнүп, сыртта жүрсө, ага дагы жакшы да, душманы Атамбаевге каршы чыга турган Текебаев менен биригүү идеясы… Өткөн шайлоодо орусиячыл «Содружество» партиясынын тизмеси аркылуу аламанга аттанышкан Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, Турусбек Мамашов өңдүү тыңчыкмалар «Ата Мекен» партиясын колдоого ала турганын эшиттик. Кызыгы, Өмүрбек Чиркешович бийликтин бир ыптасында отуруп алып, акырындык менен президентке каршы саясый күчтөрдү өзүнө тартып, бош турган оппозициялык электораттын катмарын багындырууда. Саясатта мындай бурулуштарды жасоо, ар кандай амбициялуу күчтөр менен тил табышуу баарынын эле колунан келе бербейт. Аз күндө дагы да бийликке каршы күчтөр «Ата Мекенге» агыла турганы аныкталууда…

Кыскасы, шайлоого карай «Ата Мекен» партиясы өз күйөрмандары жана оппозициялык агымдын да добушун алууга үлгүрүп, КСДП чыныгы атаандаш катары чыгары байкалып калды. Негизинен эле бул эки партия 20 жылдай убакыттан бери бирде ынтымакташса, бирде атаандаштыкта келе жатканы жашыруун эмес. Башка жаш партияларды эске албаганда, «Ата Мекен» менен КСДП туруктуулугу, саясый күрөштөрдөн сынбаганы жагынан элдин эсине бекем уюган. Мындай ийгиликтерге жетүү үчүн партиянын башында күчтүү лидер болушу шарт. Чындыгында, Текебаев менен Атамбаевдин 20 жылдан ашык убакыттан бери саясатта келе жатышканы, көп азап-тозокторго чыдашканы бүгүнкүдөй таасирди жаратышууда…

Тайлак НАЗЫМОВ, "Азия ньюс"

(оценки:0)
Похожии статьи:

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Улуттар Биримдигин” кошуп алганы, Мелис Мырзакматовдун Оштогу инсандык аброюн пайдаланууга батыл киришкенине күбө болдук. “Ата Мекен” коалициялык өкмөттүн курамында турганы менен оппозицияга айланып, бийликке каршы күчтөрдүн башын бириктирүүдө. Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев жана “Вечерка” сындуу бийликтин келишпес, радикал оппоненттерин Текебаев бооруна тартып, бир заматта тилектештик маанайын түзүп койду. Мындай мисалдар дагы арбын болот. Албетте, Текебаевдин дал ушундай күтүүсүз жүрүштөрү Атамбаев үчүн кооптуу жагдайды жаратышы ажеп эмес.


Асланбек САРТБАЕВ, «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору: «Саясаттагы негизги күрөш – Атамбаев, Текебаев жана Бабановдун ортосунда болот»Өмүрбек Текебаев идеялык жогорку үлгүлүү баскычтарды, акыл-эсти, дээрлик тазалык жаатында добуш алгысы келет. Ооба, Текебаев таза саясатчылардын көч башында турат. Ага ыктагандар, идеал туткандар азыр көбөйө баштады… А Бабанов болсо, шайлоодо жеңишке жетүү үчүн анча-мынча уят-сыйтты жыйыштырып коюп, керек болсо элди сатып деле алат. Ага иштин натыйжасы маанилүү, керек болсо, 30-40 миллион долларды чачып, парламенттик шайлоодо №1 болуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Шайлоого 3 күн калганда, кокус Бабанов элдин оозун майлап, 100 доллардан таратса, пулга туйтунган эл добушун берет, көпчүлүк катмар идея-сидеяңды уруп ойнобойт! Ошон үчүн ал азыр ашыкпай, адыраңдап акчасын чачпай турат…


-Адиль мырза, сизди “КСДП менен шайлоого барат” деген кептер айтылып жатат го!


Атамбаевге азуусун кайрагандар арбый баштады4– октябрь жакындаган сайын шайлоого аттанган партиялар ортосундагы атаандаштык күчөп, апогейине жете турганы жашыруун эмес. Жеңишке умтулгандар финансылык жана моралдык эбегейсиз ресурстарды пайдаланууда. Мындай учурда эч ким жемин жедиргиси келбейт. Өзгөчө бийликтин СДПКсына баары душман болгондой бел байлаганы эмитен эле байкалып калды.


Сабыр МУКАНБЕТОВ, КТРКнын БК мүчөсү: «Баары бир «Ата Мекен» партиясына баш ийебиз…»Эркиндикке көнүп алган «Ата Мекен» партиясы менен жаңы тарыхыбызда моюн толгоону карманган «Улуттар биримдиги» партиясынан башка карманаары калбаганын кыргыз журтчулугу деле кабыргасынан сезип турат. Акыркы «көтөн зордукка» чыдабай, Мелис Мырзакматовдун партиясы менен ажырашууга мажбур болуп, бийлик алдына ийилүүгө мажбур болгон «өнүүгүүчүлөр» да обоймадан «буйт» этип, эл алдында шагы сынып отурат. Дагы кимиси чыгып, бийликке короктоп, кандай номер көрсөтөөрүн ким билсин? Кандай дегенде да, жогорудагы экөөнөн башка бийликке атаандаш туула калары жагын айтыш кыйын. Ал эми, акаарат келтирип жаткан «Ата Мекен» менен «Улуттар биримдиги» партияларынын деле эсеби табылгандай. Мырзакматовдун талапташтарын ачык күчкө салуу менен басуу пландалып жатса, «атамекенчилер» үчүн «татар-жөөт» аралашкан кымбат баалуу проект сунушталганы айтылууда. 


Комментарии: Президентке каршы күчтөр чогула баштады:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
Иштейм деген инвесторлорду “Аю” эки тиштеп, бир жутуп жатса, кайдагы өнүгүү?
Кыргыз парламентинде акчалуу көпөстөр көп экенин билебиз. Үргүлөп уктабай, элдин үнү менен
“Бирболчу” Пирматов жакында камакка алынаарын билип качууга камынуудабы?
Максимдин мүлкү жасалма түрдө колдон колго өткөрүлүп, аягында Пирматовго тийген. Бул жерде Исхактын
Мурунку
Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынан Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго коррупция беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон болчу.
Министрлер бүтүп, орун басарлары да бизнес-класс тандап калышканбы?
2016-жылы Экономика министрлигинин кызматкерлери чет мамлекетке 204 жолу, Бажы кызматынын өкүлдөрү болсо 147 жолу иш сапары
КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай,  таасир талаш күчөй баштады
Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы
Эл берген мандатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган Үмбөт Кыдыралиев
Эл өкүлү Үмбөт Кыдыралиевдин буга дейре кыргыз спортуна кошкон эбегейсиз эмгегин эч кимибиз тана албасак керек.




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.