dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
20-07-2017, 12:59

Вашингтондо өткөн роботтордун эл аралык таймашында Ооганстандын кыздары байгелүү орунга жетишти

20-07-2017, 12:53

Орус оппозиячыл жунарлитстке белгисиз кишилер журналист Юлия Латынинанын үйүнө газ чачып кетишти

20-07-2017, 12:44

Биометрикалык паспортту бир катар банктар кабыл албай жатат

20-07-2017, 12:31

Алгачкылардан болуп кол чогулткан Темир Сариев документтерин БШКга тапшырды

20-07-2017, 11:22

"Балакет болду": Таласбаева да Токтосунова да президент болом дейт

19-07-2017, 19:21

Төрөбай Зулпукаров, депутат: "Сооронбай Жээнбеков иштейт, бирок мактанбайт" - ВИДЕО

19-07-2017, 19:09

Назира Айтбекова: "Бөдөнө тумшук мамагымды көрө албай койдуңар, иттин башындай болгондо кууратмак экенсиңер" - ФОТО

19-07-2017, 18:50

«Ош-Бишкек» автожолунун "шепи" ишине жасаган кайдыгерлиги үчүн кызматтан алынат

19-07-2017, 18:11

Жанар Акаев, ЖК депутаты: "Атамбаевди эл экинчи мөөнөткө калтырууну суранып жатат" дегенде чалкаман кете жаздадым

19-07-2017, 16:28

Камчыбек Ташиев: "Бул бир эле Текебаевдин эмес, бүгүнкү күндүн элдин тагдыры" - ВИДЕО

19-07-2017, 15:41

Өзбекстанда Мамлекеттик салык кызматы жоюлат

Чешская компания намерена инвестировать в строительство ГЭС в КР около 500 млн долларов

Чешская компания намерена инвестировать в строительство ГЭС в КР около 500 млн долларов

Чешская компания Liglass Trading CZ готова инвестировать в проект Верхненарынского каскада ГЭС около 500 миллионов долларов. Об этом в городе Нарыне (КР) 18 июля сказал представитель компании Йиржи Войтеховски.
19.07.17

Скандал. Властям Кыргызстана говорили не сотрудничать с Liglass Trading CZ

Скандал. Властям Кыргызстана говорили не сотрудничать с Liglass Trading CZ

В Кыргызстане разгорается скандал вокруг энергетического проекта между правительством Кыргызстана и Liglass Trading CZ, s.r.o. по строительству и вводу в эксплуатацию Ак-Булунской ГЭС и Нарынской ГЭС-1 Верхненарынского каскада. Эта компания также
17.07.17

Министр А.Касымалиев:  Кыргызская Республика открыта для инвесторов арабского мира

Министр А.Касымалиев: Кыргызская Республика открыта для инвесторов арабского мира

Кыргызская Республика заинтересована во внедрении новых финансовых инструментов на финансовом рынке, в частности исламских ценных бумаг (сукук) в Кыргызской Республике. Об этом заявил министр финансов Кыргызской Республики Адылбек Касымалиев 10 июля
10.07.17

По факту завышения сметы на строительство здания ГП КР возбуждено уголовное дело

По факту завышения сметы на строительство здания ГП КР возбуждено уголовное дело

Генеральной прокуратурой 6 июля 2011 года был заключен договор с ОсОО «Гарант Проект» на разработку проектно-изыскательской документации на строительство дополнительного здания Генеральной прокуратуры КР. Стоимость строительства
22.06.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Мээрим Карыпова: «Турмушка эрте чыгып кетип туура кылган экенмин»

ИЗ…

Мээрим Карыпова: «Турмушка эрте чыгып кетип туура кылган экенмин»Ырдаган ыры дагы, сүйлөгөн сөзү дагы салмактуу, таланттуу ырчы Мээрим Карыпова менен чыгармачылыгы, жеке турмушу тууралуу маек курдук. Турган турпаты, мукам добушу кыргыз элине куп жарашкан ырчы айым ырларындай мазмундуу, обондорундай шайыр-шатман экен. 

- Мээрим, сахнадан аздыр-көптүр ордуңду таап калбадыңбы, учурда чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктарың бар? 

- Баарына белгилүү болгондой акыркы убактарда «Кара жорго» деген жаңы ыр жаздырып күйөрмандарыма тартууладым. Бул ырымды элдин кабыл алуусу абдан жакшы болуп жатат. Мага бул ырды режиссёр Ырыс Окенова эже менен аранжировщик Жолдош аттуу мырза сунуш кылып, күтүүсүздөн эле ырдап калгам. Бирок, аткарып чыгуу алдында ырды эл жакшы кабыл алып, ыр популярдуулукка ээ болот деп ойлогон эмесмин.  

- Бул ырды Асел Касмакунова дагы аткарып жүрбөйбү, негизи кимиңер биринчи ырдап чыктыңар?

- Бул ырды кытайлык кыргыздардан «Санжыра» деген топтогу балдар алып келишиптир. Мен ырдаардын алдында бул ырды мурун ким ырдаганын билчү дагы эмесмин, териштирген дагы эмесмин. Менимче ыр Асел Касмакунова экөөбүз тең ырдап чыккандан кийин атаандаштыктан улам популярдуу болуп кетти. А негизинен бул элдик ыр болгондон кийин ким кааласа ырдай бергенге уруксат. Кеп ким ырдаганда эмес, кеп ырды ким элге жеткире аткара алды дегенде. Ал эми Аселди мен бийчи катары сыйлайм, ырчы катары көрө албайм.

- Айрым радиолор Аселдин аткаруусундагы ырды кабыл албай, сенин аткарууңдагы ырды кетирип жатышыптыр го? Ага ылайык «Мээримдин колдоочусу күчтүү» деген дагы сөздөр айтылууда…  

- Ар бир радио ырчынын деңгээлине карап, өзүнө жаккан гана ырларды кабыл алат. Мисалы, мен Кыргыз улуттук консерваториясында жети жыл окуган билимдүү ырчы болсом дагы бир кезде көп эле радиолор менин ырларымды кабыл алышчу эмес. Ошол учурда мен талапты өзүмө коюп, жакшылап иштедим. Азыр кайсы радиого ырымды алып барбайын ырдын сапатына карап баары кабыл алышат. Менин ушул учурга чейин эч кандай колдоочум болгон эмес. Талантымды сыйлаган ага-эжелерим гана жакшы ойлорун айтып жүрүшөт. 

- «Маржан» тобу менен дагы деле иштешесиңби?

- Менин аталган топтон жеке ырчы катары бөлүнүп кеткениме эки жылга жакындап калды. Биз бул топтун алгачкы мүчөлөрү болуп топту түптөп бердик. Артыбыздан таланттуу кыздар келди. Топто ырдагандан кийин кыздар менен дайыма чыгармачылыктын үстүндө чогуу иштеп, чогуу жүрүп, чоң жоопкерчилик менен жүрүш керек. Бирок, ал маалда менин өзүм жеке катыша турган концерттерим же жалгыз барып ырдашым керек болуп калып жатты. Мындай ыңгайсыздыктан улам топ менен иштегенге убактым болбой калганда устатым, топтун жетекчиси Роза Аманова эжекемдин батасын алып топтон кеткем. 

- Роза Аманова сенин устатың эле эмес, өкүл апаң дагы деп укканым бар…

- Ооба, Роза Аманова менин өкүл апам болот. Эже мага 6-классымдан баштап устат болуп жүргөнгө экөөбүз эже-сиңдидей эле мамиледе болуп калганбыз. Чогуу жүргөнүбүздү көргөндөр эжеге «кызыңбы?» деген суроону көп беришчү. Эже дагы аларга «ооба, кызым» деп, мага «сени кызым кылып алам» деп жылмайып койчу. Кийин мен турмушка чыкканда эң жакын адамым болгон Роза эжемди өкүл апа кылып алгам. Өкүл апа десе эле көпчүлүгү кошоматтыктан коюп алган деп ойлошот. Бирок, менде кошоматтык же болбосо эже мага жардам берсин деген ой болгон эмес. Аны эже өзү, бизди жакындан тааныгандардын баары жакшы билишет. Мен өкүл апа шайлаган учурда эже азыркыдай наамдарга ээ боло элек, «Мен сага таарынгым келет» деген ырын ырдап жүргөн жөнөкөй гана ырчы болчу. 

- Устатың менен табышкан балалык кезиңди унутпайт болушуң керек?

- Мен кичине кезимден колума комуз кармап дастан айтып жүрчүмүн. Окуучу кезимде «Жаш таланттар» деген сынакка катышып, дайыма биринчи орунду ээлечүмүн. Анан бир ирет Ысык-Көлдө гала концерт болуп, баш байгенин ээлери катышып калдык. Мен «Угузуу» деген дастанды айткам. Роза эже мени ошол жерден эле жактырып калыптыр. Концерттин аягында Роза эже катышуучулар менен учурашып жүрөт. Бирок, мен батынып жанына бара албай, ары кетип калсам эже артымдан келип «сен жакшы ырдайт экенсиң, менин шакиртим бол» деди. Анан Чүй облусунан бизди алып барган эжекебизге түшүндүрүп айтып, ата-энеме тил кат жазып берип мени алып калды. Ошол учурда Роза эже, Сыймык Бейшекеев, Болот Токтобаевдер Ысык-Көлдө гастролдо жүрүшкөн экен. Күтүлбөгөн эле жерден мен аларга кошулуп гастролдоп, ошону менен эженин шакирти болуп калгам. Гастроль аяктагандан кийин Роза эже мени үйгө алып барып, ата-энеме тапшырып кеткен. Андан кийин гастроль, концерттер болгондо эженин чакыруусу менен келип катышып турдум.

- Демек, чыгармачылык менен кетериң ошол кенедей кезиңден эле чечилген экен да?..

- Мен 9-классты аяктап жатканымда Роза эже ата-энеме барып «Мээримди өзүмдүн колума алып, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга  тапшыртайын» десе, ата-энем «11-классты бүткөндө эле Консерваторияга тапшырат» деп болбой коюшкан. А консерваторияга музыкалык сабаты жоюлган балдар гана барат экен. Кийин 11-классты аяктап келип тапшыра албай калдым. Агам болсо «сен ырчы болбойсуң, орган кызматкери болосуң» деп каршы чыкты. Мен «ырчы болом, өз күчүм менен өтөм» деп бир күн кечке балкондо ыйлап отургам. Анан «Жаш таланттар» сынагынан алган дипломдорум менен консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев агайга кирсек дароо эле окууга  кабыл алышкан. Ошентип, Улукмырза Полотов агайдын колуна барып, агайдан билим алып калдым. Андан кийин Жалал-Абадда иштеп жүргөн Роза эже келди. Ошондо Улукмырза агайдын же Роза эженин колунан сабак алууну тандоомо туура келип калды. Мен агайды дагы, эжени дагы абдан сыйлачумун. Бирок, кичинемден устат болуп келе жаткан Роза эжеге кетүүнү туура таптым. Ошол учурда агайым мага таарынып калган, таарынычы азыркыга чейин жазыла элек. Өзүм агайды абдан сыйлайм, менин ырчы болуп тапталышыма агайдын салымы зор. Кудай буюрса, агайдын таарынычын жазып, эмгегин актайм.   

- Сен турмуш жолуна студент кезиңде эле аттандың. А адатта чыгармачыл адамдар үй-бүлөгө кезекти кеч беришет го…

- Ошол учурда турмушка чыкпаганымда мындан дагы атак-даңктуу болмокмун. Бирок, үй-бүлө жагы аксап калмак. Мен азыр эч нерсеге өкүнбөйм. Турмушка эрте чыгып кетип туура кылган экенмин. Азыр Кудайга шүгүр жашоом жакшы, бир уул, бир кыздын энеси болдум. Уулум он жашка, кызым беш жашка чыгып, чоңоюп калышты.

 - Жолдошуң сенин чыгармачылыгыңды туура түшүнөбү?

- Жолдошум башында чыгармачылыгыма түшүнө албай жүрдү. Экөөбүз жаш кезибизде, тактап айтканда 19-20 жашыбызда эле үйлөнүп алдык да. Анан жолдошум ырчылар тууралуу ар кимден ар кандай сөздөрдү укчу дагы, кызганычы жанып кетчү. Мен жаңыдан турмушка чыгып, балалуу болуп үйдө олтурган учурумда мени менен бирге окуган кыздар-балдардын теледен ырдап калышканын көрүп абдан жүрөгүм ооручу. Мен дагы алардай болуп эл алдына ырдагым келип же антүүгө мүмкүндүк болбой кыйналчумун. Ошондон улам коомдук телеканалды такыр көрчү эмесмин. Ошол маалда торго камалган чымчыктай болуп калгам. Анан кызым төрөлгөндөн кийин жолдошум «сен ырдап чыкпасаң болбойт. Сахнага чык, ырда, каалаганыңды кыл» деп калды. Анткени, менин талантымды сыйлаган көп адамдар ага мен жөнүндө айтышкан экен. Азыр жолдошум менин талантымды ар тараптан колдоп келет. 

- Жолдошуң кесиби боюнча ким?

- Жолдошумдун кесиби архитектор-куруучу. Азыр өзүнүн чакан иши менен алек болууда. Мен болсо ырчылыктан сырткары искусство институтунда мугалиммин жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин «Түрк дүйнөсү» деген ансамблинде солистмин.

- Эки жаш студентке турмуш өзүнүн бир топ сыноолорун көргөзгөн болсо керек?

- Чынында жолдошум экөөбүз баарын нөлдөн баштадык. Жоктон бар кылдык десем болот. Негизи экөөбүздүн тең эле ата-энелерибиз мал-жандуу, колунда бар адамдар. Бирок, биз намыстанып, алардан эч нерсе сураган жокпуз. Ал учурда жолдошум дүкөндө сатуучу болсо, мен комузумду көтөрүп тойлорго барып ырдап акча тапчумун. Кыйналып жүргөн кезибизде досторубуздун «силер жашай албай каласыңар го, ажырашып кетпесеңер болду» деген учурлары болгон. Ошентсе да, экөөбүз тең ортобуздагы сүйүү үчүн бардык кыйынчылыктарга чыдадык. Негизи жолдошум абдан оор басырыктуу, жашоого болгон көз карашы терең адам. Экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөн учурда сүйлөшкөндөн такыр тажачу эмеспиз. Азыр бир көз караш менен бири-бирибизди түшүнүшөбүз. Бул бактыбыз аягына чейин улансын деп Кудайдан тилеп келем. 

                                                             Динара Чокоева, "Леди.KG"

Фото автордуку

 

 

 

 

 

  

(оценки:1)
Похожии статьи:

-Баардык ырчылардан сурасаң деле "кичинемден бери эле ырдаганды жакшы көрчүмүн” деп ушул жоопту жооп беришсе  керек. Менин дагы ушул сыяктуу кичинемдеги кыялдарымдын бири болчу. Ырдаган агаларымды, эжелеримди көрүп, мен дагы ушулардай болуп ырдасам дечүмүн. Концерттерине барып көрүп калсам, кадимкидей толкунданчумун. Эгерде, жолдон көрүп калсам, жакшылыкка жооруп, балким бул дагы мага белги деп койчумун. Жаштын тилегин берет демекч, Кудайдан кандай жакшылыктарды тилесең берет экен. Буйруса баары акырындык менен аткарылып, минтип ырчы болуп калдым.


Элдин ырга болгон табити жоголду. Ырчылардын ыры көбөйгөн сайын теле-радиолорго «менин ырымды берип кой» деп чуркаш керек болуп калат экен. Мен антип чуркачу убактан өтүп калгам, чакырган жерге барып ырдап коём, чакырбаса өз ишимди кыла берем. Көрүнбөй кеткенимдин себеби ушул.


Анара Шайымкулова: «Жолдошум чыгармачылыгымды түшүнөт, мага мындан өткөн бакыт жок»2005-жылы чоң ырчы болом деп Бишкекке кыштын суугунда Рысбек Жабировдун үйүнө келдим. Батирде жашаган немелердин үстүнө кошулуп кирип алдым. Айбек Карымовго телефон чалсам, «сен келбегениңден солист алып алгам», - деди. Рысбек байкенин аялы - абдан жакшы эже, мени үйүнө жашатып жүрө берди. Жазда Айбек байке кайра телефон чалып солисти турмушка чыгып жатканын айтып чакырды. Топто ырдап жүрүп Айбек байкенин инисине жолуктум. Борборго чоң ырчы болом деп келип чоң сүйүү таптым.


Шоктугумдун арты менен кыздарга тартынбастан эле кат жаза берчүмүн. Ал кезде кайсы кыз жакшы окуса эле ошону жактыра берчүбүз. Эсимде, 5-класста окуп жүргөнүмдө классыбызда жакшы окуган кызды жактырып, ага кат жазып жүрдүм. Ал катыма болгону «Салам кат! Саламдашкан Данияр» деп баштап анан «….. + Данияр = Сүйүү» деп жазчумун.


«ТААЛАЙ ЭЛЕСИ» ТОБУ: «Топту кайра жандандырып, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берели деп жатабыз»"Жүрөк сырын" элге алып чыгарыбыз менен эле кайра өзүбүз бул ырды эл оозунан байма-бай уга баштадык. Азыр ойлосом, ошол учурда ушул ырыбыз менен эл арасында аябай эле популярдуулукка ээ болгон экенбиз.


Комментарии: Мээрим Карыпова: «Турмушка эрте чыгып кетип туура кылган экенмин»:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
Иштейм деген инвесторлорду “Аю” эки тиштеп, бир жутуп жатса, кайдагы өнүгүү?
Кыргыз парламентинде акчалуу көпөстөр көп экенин билебиз. Үргүлөп уктабай, элдин үнү менен
“Бирболчу” Пирматов жакында камакка алынаарын билип качууга камынуудабы?
Максимдин мүлкү жасалма түрдө колдон колго өткөрүлүп, аягында Пирматовго тийген. Бул жерде Исхактын
Мурунку
Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынан Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго коррупция беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон болчу.
Министрлер бүтүп, орун басарлары да бизнес-класс тандап калышканбы?
2016-жылы Экономика министрлигинин кызматкерлери чет мамлекетке 204 жолу, Бажы кызматынын өкүлдөрү болсо 147 жолу иш сапары
КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай,  таасир талаш күчөй баштады
Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы
Эл берген мандатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган Үмбөт Кыдыралиев
Эл өкүлү Үмбөт Кыдыралиевдин буга дейре кыргыз спортуна кошкон эбегейсиз эмгегин эч кимибиз тана албасак керек.




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.