dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Леонид Маевский прокомментировал приговор кыргызскому оппозиционеру

Леонид Маевский прокомментировал приговор кыргызскому оппозиционеру

Предприниматель, владелец акций ряда телекоммуникационных компаний Леонид Маевский в беседе с «Ъ» прокомментировал приговор, который вчера был вынесен кыргызскому оппозиционеру лидеру партии «Ата Мекен» Омурбеку Текебаеву.
18.08.17

Чиновник в соцсети призывал убить участницу конкурса красоты от Кыргызстана

Чиновник в соцсети призывал убить участницу конкурса красоты от Кыргызстана

Специалист Государственного комитета информационных технологий и связи КР Сабыр Кайыков, участвуя в обсуждении в социальной сети Facebook по поводу лишения гражданства Сусанны Егорян, представлявшей Кыргызстан на конкурсе World Next Top Model 2017,
10.08.17

Узбекистан представит странам ЦА свою региональную политику

Узбекистан представит странам ЦА свою региональную политику

Министерство иностранных дел Узбекистана при участии Информационно-аналитического центра международных отношений, Представительства ПРООН и офиса Координатора проектов ОБСЕ проведет в Ташкенте 11 августа международную конференцию «Центральная
10.08.17

В Хакасии организаторы бунта в тюрьме, среди которых были кыргызстанцы, предстанут перед судом

В Хакасии организаторы бунта в тюрьме, среди которых были кыргызстанцы, предстанут перед судом

Следственные органы Хакасии завершили расследование уголовного дела в отношении 22-летнего и 37-летнего осужденных, отбывающих наказание в в исправительной колонии №35. Об этом сообщает пресс-служба СУ СК РФ по Хакасии.
09.08.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Менин деңгээлиме асылгандар мендей болуп депутат, директорго кеңешчи болуп алышсынчы”


- Мээрбек мырза, учурда тергөө абагында камалып сурак берип жаткан Өмүрбек Текебаев сизди “Мегаком” компаниясында иштеп жатканыңызды, 150 миң сом айлык алаарыңызды айтып чыкты. Сиздин иштээриңиз чын экен, бирок Текебаев айткандай көп суммадагы айлык албай турганыңызды айттыңыз, ушул тууралуу айтып берсеңизчи?

- Менин “Мегакомго” ишке киргеним жана андан алган айлыгым Өмүрбек Текебаевди аябай кызыктырып жатса керек. Мен айтат элем, Текебаев менин алган айлыгымды аңдыбай, “мародёрство”, дагы башка чуулагандуу иштерин бүткөрүп алса жакшы болот эле. Чын-чынына келгенде Текебаев мага ичи күйүп жатат. Анткени мен депутат болуп турганда Текебаевдин былыктарын, “Мегакомдогу” чууларын, мыйзамсыз үй-мүлктөрүнүн  баарын чукуп чыккам да. Менин айлыгым Текебаев айткан суммадан кыйла аз. Мен Текебаевдей болуп 7-апрелде “мародерлук” кылып, мамлекеттин менчигиндеги мүлктөрдү талап-тоногон эмесмин. Андай болуп орус ишкеринен 1 миллион доллар пара алган эмесмин. Мен өз мээнетим менен иштеген акымды, айлыгымды алып иштеп жатам. Текебаевдин мени айыптаганы жөн гана коомдук пикир жаратуу жана сотту алаксытуу экени сокурга да белгилүү эмеспи...

- "Парламентте Текебаевдин бетине айткам" деп жүрөсүз, эмнени айттыңыз эле?

- "Сиз эртедир-кечтир жасаган ишиңиз боюнча мыйзам астында жана 7-апрелде ок тийип жарат алган балдардын алдында жооп бересиз, ушунча баланын каны төгүлүп кыргыз эли кан жутуп турганда, сиздин мындай мыйзамсыз иш кылганыңыз туура эмес болгон" деп, болгон ишти бетине айткам. Чынын айтсам, мен Текебаевдин мындай ыплас адам экенин эч билген эмесмин. Азыр анын талапташтары мени каралап "Текебаев ким? Мискенбаев ким?" деп жатышпайбы. Ошол мени сындап жаткандардын көбү 7-апрелге чеийн Курманбек Бакиевдин командасында аны жактап, мактап жүрүшкөндөр. Мен муну менен эле токтобойм, мен дагы айтам, Текебаевдин дагы далай былык иштери бар. Азыркы сотто белгилүү болуп жаткандары - бул чекеси эле. 

- Сизди “Мегакомго” кантип жумушка кирди дегендер болууда, буга жообуңуз кандай?

- Депутаттык мандатымды тапшыргандан кийин 6 ай бош жүрдүм. Мага ар кандай жумуштар сунушталды. Баарынан баш тарттым. “Мегакомго” кеңешчиликке сынак жүрүп, резюмемди тапшырып өтүп кеттим. Ошондон бери кеңешчи катары иштеп келе жатам. Журналисттер апыртып "150 миң сом айлык алат экен" деп жазып коюшуптур. Ал жалган, андан аз эле алам. Бирок канча алаарымды иштин шартына ылайык ачык айтпай эле коёюн. Анан дагы бир нерсени айтайын, оозуна алы келбегендер "Мискенбаев акылы жок" деп жатышат. Алар менден акылдуу болсо, анда мендей болуп депутат, мендей болуп “Мегакомдун”жетекчилигине кеңешчи болуп алышсын. Бир-эки кишиге кадыры жоктор уялбай, өз деңгээлдерин билбей, мага асылып жатышат. 

- Учурда КСДПда эле мүчөсүзбү?

- Ооба, башында эле КСДПга мүчө болгом, азыр деле аталган партиянын мүчөсүмүн. Саясатчыларга, элге айтып коеюн, биз 7-апрелде Кыргызстанга ынтымакты, биримдикти алып келдик. Биз элди ыдыратып, бөлүп-жарып, шайлоодон кийин чуу чыгарабыз дегендерге эч убакта жол бербейбиз. Жакында коомдук бирикмелер чогулуп талкуу уюштуралы, өзүбүздүн түшүндүрмө баракчаларыбызды элге таркаталы деп турабыз. 

- Ок тийип жараат алгандардан куралган “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюму бийликтин коргоочусуна айланды дегендер да жок эмес, буга кандай жооп бересиз?

- Туура, бул бийликти биз 7-апрелде алып келгенбиз. Бийликтин башында Алмаз Шаршенович Атамбаев турган. Убактылуу өкмөт башында кандай эле, кийин кандай болду, ким эмне кылып, эмнени жеди - баарын көрдүк. Азыр Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү чогулуп алып, бүгүнкү бийликке каршы чыгууга аракет жасап жатышат. Алардын аракетин таш капсын. Биз алардын аракетине эч жол бербейбиз. Революциянын максаттарын бир гана президент Алмазбек Атамбаев ишке ашырды. Эми анын ишин Сооронбай Жээнбеков улаганы турат. Биз Сооронбай Шариповичти колдойбуз!

Мирлан Алымбаев, "Фабула"

(оценки:0)
Похожии статьи:

Депутаттык мандатын тапшырып кеткенден бери дайыны чыкпай кеткен Мээрбек Мискенбаев бүгүн, 8-августта соцтармактагы өзүнүн баракчасы аркылуу үн катты. Анда Өмүрбек Текебаевдин ал боюнча айткандары (айлыгы-ред.) жалган экенин, Текебаев кыңыр иштерин мойнуна алышы керектигин, ал мындан сырткары да 7-апрель элдик революциясынына кара так түшүргөндүгү үчүн да жооп бере турган күн келээрин жазган.


-Адиль мырза, сизди “КСДП менен шайлоого барат” деген кептер айтылып жатат го!


- Зарылбек мырза, “Ата Мекен” партиясы сиздин үстүңүздөн милицияга арыз жазып, ал эмес психикалык анализ өткөрүүнү да талап кылып жатыптыр. Бул партиянын мындай аракетин кандай баалайсыз?

Зарылбек Рысалиев, экс-ички иштер министри: “Өрттөлгөн иште Текебаевдин жалган көрсөтмөлөрү болгон”


Шайлоо таза өтүшү керек. Эгер шайлоо таза өтпөй добуштар уурдалып, кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, анда элдин бийликке болгон ишеними өчөт. Ошондуктан, шайлоону таза өткөрүү бийликтин колунда болгондуктан, бийлик колунан келишинче аракет кылып, шайлоону таза өткөрүшү керек. 


Азат Базаркуловду "Мегакомго" директор кылып ошол койгон. Ошон үчүн Базаркулов эч нерсе айта албай жжатат. Жанагы Мискенбаев деген мени жамандап жүргөндү 150 000 сом айлыгы менен кеңешчи кылып Атамбаев алып барды "Мегакомго. Эмне, Сооронбай алып барды дейсиңби?..


Комментарии: Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Менин деңгээлиме асылгандар мендей болуп депутат, директорго кеңешчи болуп алышсынчы”:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
Сусанна Егорян вице-мисс титулун жеңгендигин далилдейм дейт
Дүйнөлүк сулуулар сынагына аттанган Сусанна сынактын жыйынтыгын  жарыялап, биринчи вице-мисс титулун жеңгендигин шардана
Кечээги Бакиевдин “куйругу” бүгүн Атамбаевдин “куйругуна” айланганда
Жасалма мүнөз күткөн, кур дымак үчүн зөөкүрлөнгөн Алтынбек Сулайманов деген эргул
Акбаралы аламандан чыкты
Президент болсом гүлдөтөм, жыргатам, кыйратам деп жаткан талапкерлердин саны күндөн-күнгө азайып жатат.
Кубан Чороев, президенттикке талапкер: “Бир тыйыны жок президенттикке аттандым”
Миллионду кайдан табам деп тынчсызданган жокмун. Кудай өзү берет
Илим Карыпбеков еврейби?
Эл арасында мамилеге, убадага өтө так адамды “еврейлердей жүрөт тим эле” деп коюшат эмеспи. КТРКнын башкы
Исаев “ит оорусун” карматып жатабы?
Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев өлкөнүн түндүгү менен




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.