dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Леонид Маевский прокомментировал приговор кыргызскому оппозиционеру

Леонид Маевский прокомментировал приговор кыргызскому оппозиционеру

Предприниматель, владелец акций ряда телекоммуникационных компаний Леонид Маевский в беседе с «Ъ» прокомментировал приговор, который вчера был вынесен кыргызскому оппозиционеру лидеру партии «Ата Мекен» Омурбеку Текебаеву.
18.08.17

Чиновник в соцсети призывал убить участницу конкурса красоты от Кыргызстана

Чиновник в соцсети призывал убить участницу конкурса красоты от Кыргызстана

Специалист Государственного комитета информационных технологий и связи КР Сабыр Кайыков, участвуя в обсуждении в социальной сети Facebook по поводу лишения гражданства Сусанны Егорян, представлявшей Кыргызстан на конкурсе World Next Top Model 2017,
10.08.17

Узбекистан представит странам ЦА свою региональную политику

Узбекистан представит странам ЦА свою региональную политику

Министерство иностранных дел Узбекистана при участии Информационно-аналитического центра международных отношений, Представительства ПРООН и офиса Координатора проектов ОБСЕ проведет в Ташкенте 11 августа международную конференцию «Центральная
10.08.17

В Хакасии организаторы бунта в тюрьме, среди которых были кыргызстанцы, предстанут перед судом

В Хакасии организаторы бунта в тюрьме, среди которых были кыргызстанцы, предстанут перед судом

Следственные органы Хакасии завершили расследование уголовного дела в отношении 22-летнего и 37-летнего осужденных, отбывающих наказание в в исправительной колонии №35. Об этом сообщает пресс-служба СУ СК РФ по Хакасии.
09.08.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Айнура Салахидинова: «Санжар президент болууну бала кезинен кыялданчу экен»

11.08.17 | Категория: Жанылыктар турмогу, Маек

Ырчы Айнура Салахидинованын жолдошу Санжар Энназаров алдыда боло турчу президенттик шайлоого аттанып, учурда коомдо талкуу жаратып жаткан учуру. Бул учурга чейин биз ырчынын жолдошу катары гана таанып келе жаткан кандидат тууралуу жакындан маалымат алуу максатында Айнураны маекке чакырып «Балдарымдын атасы» рубрикабыздын алкагында Санжар Энназаровдун бейнесин ачып берүүгө аракет кылдык.

Айнура Салахидинова: «Санжар президент болууну бала кезинен кыялданчу экен»

– Айнура, жолдошуң президенттик шайлоого аттанып, сен ага жардам берип жүргөн экенсиң?

– Жолдошум: «Мен сени колдойм, сен мени колдошуң керек. Ушундай убакта мага сен жардам бербесең, ким жардам берет? Мага жардам берсең, эки клип тартып берем», - деген. Анан аны менен кол алышып убадалашып, учурда колуман келишинче колдоп жатам. Санжар бала кезинен бери президент болом деп кыялданып жүрчү экен. «Кайсы солдаттын генерал болгусу келбейт, ошол сыңары менин да президент болгум келет», - дегенинен, мен алгач түшүнбөй: «менин деле президент болгум келет. Каалагандын баары эле коё берсе болбойт да», - деп тамашаласам, анын чын ниети бар экен. Чынында ал абдан патриот адам. Өткөндө тил сынагынан да жакшы балл менен өтүп келип, артка жол жок экенин айтты. Ошондон баштап мен да колдоп, жардам берүүнү чечтим.

– Демек, бул шайлоодо жолдошуңа ырдайсың да?

– Санжарга: «Сизге ырдасам, мага акча төлөйсүзбү? Ким төлөсө, ошол жакка кете берем», - деп тамашалап калам. Бирок кимге ырдайм, азырынча белгисиз. Менин балдарым али кичинекей, андыктан шаардан алыс жактарга кете албайм. Азыр курбуларым Азиза Адиева, Роза Шакирова, мен үчөөбүзгө чогуу көп жерден чакыруулар болуп жатат. Чогуу чакыргандан кийин чогуу барышыбыз керек болуп калат экен, эми аны убакыт көрсөтөт го.

– Жолдошуңдун биринчи сынчысы да, сырдашы да сен болсоң керек. Өзүң аны президенттикке татыктуу деп эсептейсиңби?

– Негизи Санжарда президенттик тактыга бул шайлоодо олтуруп калам деген ой жок. Ал болгону бул шайлоодо өзүн көрсөтүп, кийинки шайлоолорго даярданам деп жатат. Андыктан бул шайлоодо 1 миллион сомду төлөп, акырына чейин катышат. Мен болсо өзүмчө: “Андан көрө ошол акчага мага эки клип тартып берсе жакшы болмок”, - деп коём. Бирок ал ушул учурга чейин эки эмес, бир нече клип тартып берди, мейли эми, өзү каалаганын кылып көрсүн. Досторунун айтымында, бала кезинен Кыргызстандын жетинчи президенти болорун көп айтчу экен. Достору бул тууралуу мурда айтышса, олуттуу кабыл алчу эмесмин, жөн гана күлүп койчумун. Президенттик шайлоого жарыш башталганда айтса да ишенген эмесмин. Анан барып арызын жазып келсе, ишенип чочуладым. Тааныштарым да: «Кыргызстандын биринчи айымы болуп калсаң эмне кыласың?» - деп тамашалап жатышат. Башында алардын тамашасынан уяла берчүмүн, азыр көнүп калдым.

– Жолдошуңдун билими кандай, кайсы окуу жайынан билим алды эле?

– Санжар Түркиянын жогорку окуу жайларынын биринен билим алып келген. 2008-жылдары Кыргызстанга келип, Улуттук университеттин да юридикалык бөлүмүндө окуган. Эки дипломдун ээси.

– Президент болом деген адам мурда мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген, басып өткөн жолу болушу керек го. Мамлекеттик кызматтарда иштеп көрдү беле?

– Чынында, мамлекеттик кызматта иштеген эмес.Түркияда окуп жүргөндө келген туристтерге кооз жерлерди көрсөтүп гид болуп жүрчү экен. Түрк, орус, кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйт. Окуусун аяктагандан кийин Россияда мигранттардын документтерин жасап 11 жыл иштеди. Кыргызстанга келгенден кийин 3-4 киши биригип, өнөктөш болуп алышып үйлөрдү салып, курулуш компаниясын иштетишет. Андыктан жолдошумду мамлекеттик кызматкер эмес, жеке ишкер десем болот.

– Анын талапкерлиги социалдык барактарда кызуу талкууланып жатпады беле, сындарды кандай кабыл алып жатат?

– Ооба, ал мени да ойлондурган. Бул тууралуу айтсам, Санжар: «Айнура, биз бардык нерсеге даяр болушубуз керек. Азыркы учурда адамдар кимди эле мактап жатышыптыр, керек болсо азыркы президентибиздин дарегине деле жагымсыз сөздөрдү айтып атышат. Эми талапкерлигин койгон кандидаттардын баарын сындашат, сен ошол нерсеге даяр бол. Керек болсо сени кошо жамандайт», - десе күлүп калдым. Чынында, мен чыгармачылыкта жүрүп сындарга бышып бүткөм, жолдошума ошол нерсе оор болуп калабы деп ойлогом. Көрсө, ал баарына даяр экен.

– Үйдө кандай адам?

– Санжарга: «Биздин үйдө президент болгонуңуз эле жетишет», - деп калам. Ал үйдө татыктуу президент. Эмне деп сүйлөсө да биз үчүн мыйзам. Үйдө тартип абдан бекем, балдарына тарбияны татыктуу бере алат. Ошол учурда эки балам менен мени эч нерседен кем кылбай каржылап турат. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп жашап келе жатабыз.

– Жолдошуң менен болгон таанышуу азыркыга чейин эсиңден кетпесе керек?

– «Синем Арт» студиясынын жетекчиси Арсен Мендебаев экөө Түркияда бирге окуган жакын достордон болушат. Санжардын башынан эле артист кыз алам деген максаты бар болчу экен. Бул тууралуу Арсен байкеге айтса, ал мени дагы 1-2 ырчы кызды сунуштаган экен. Жолдошум мени жактырып калыптыр. Алгач 20 жылдык кечесине кардар катары чакырган, ошондо тааныштык. Экөөбүз алгач дос катары жолугуп жүргөндө клипке тартылгысы келээрин айтты. Мен: «Демөөрчү болуп берсеңиз эле тартыла бериңиз», - десем, айтканымдай эле «Чырагым» деген клибиме демөөрчү да болду, башкы каармандын да ролун жаратып берди. Ошентип жакын болуп кеттик, үч айдай сүйлөшүп баш кошолу деген сунуш айтты. Мен 27ге чыгып калсам да абдан ойлонуп, ырдашым керек деген сыяктуу талаптарды коюп жатып тийгем. Ортобузда тогуз жаш айырма бар. Башында жактыруу эле сезимдери болгон, үйлөнгөндөн кийин сүйүү пайда болду. Азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы. Мага татыктуу жолдош, балдарына камкор ата боло алды.

– Күйөөң сени менен көп жүрөт го, сен ээрчитип аласыңбы же сага коргоочу болуп барабы?

– Ал чакырган жерге гана барат. Эгерде мен жалгыз бара турган жер болсо, өзүм эле барып келем. Бирок шаардан сырткаркы алыс жактарга барып ырдашым керек болсо, мени менен чогуу барат.

Динара ЧОКОЕВА, "Леди.KG"

(оценки:0)
Похожии статьи:

Самара Каримова: «Айрымдар “эми Самара продюсеринин колунда болот экен" деп ойлоп алышыптыр»– Негизи адам ар кандай ачылыштарды жасап көрүшү керек экен. Мисалы, мен азыр фольклор жанрындагы ырларды ырдайт эмесминби, ырларымды көбүнчө отуз жаштан жогорку адамдар угушат. Акыркы ата-эне жөнүндөгү ырларымды гана жаш-кары дебей баары угушту. Эми биз башка жанрдагы ырлар менен да иштейбиз. Эстрадага биротоло өтүп кетпесем да бул жанрдагы ырларды ырдайын деп жатам. Формаларым болсо баягыдай эле кыргыз колоритинде, бирок заманбап кийимдер болушу мүмкүн. Негизи менин европа стилиндеги көйнөктөрдү кийип жүргөнүмдү көргөндөр «жарашат экен, бирок сенин көркүңдү кыргыз көйнөктөрү ачат» деп айтышат. Азыр менин формаларымды даярдай турган дизайнерлер иштеп башташты.


Кундуз «Кыргызстан» партиясында ырдап жүрөт. Ырчы кыз бул партияны төлөй турган акчасына эмес, шайлоодо көрсөтүп жаткан программасына карап «ырдап бер» деп сунуш кылган үч партиянын ичинен тандап алган. «Мага партиянын «завод, фабрикаларды ачып чет жерде кара жумушта иштеп жүргөн мекендештерибизди кайтарабыз. Жаштарды жумуш менен камсыз кылабыз» дегени жакты, ошондуктан ырдап бергенге макул болдум», - деген ырчы азыр аймактарды кыдырып партияны колдоп ырдап жүргөндөрдүн катарында.


Өмүрбек Текебаевдин кызы Айсара: «Ооба, апа, мен ыйлайм, бирок акырын ыйлайм»«Атаң тордун ичинде отурат, сага оор болуп калат. Сен атаңды көрүп ыйлайсың, анан бизди эшикке чыгарып салышат», -десем, кызым: «Ооба, апа, мен ыйлайм, бирок акырын ыйлайм»,- деди.


Күйөө балам токтоо, тарбиялуу адам экен, мага дароо эле жакты. Негизи биз сотто иштеп, психолог болуп калганбыз да, Алмаздын мыкты адам экенин бир көрүп эле баамдагам. Андан эки күндөн кийин чогуу концертке, кафеге бардык, ошол жерден кенен баарлаша алдык. Кийин Алмаз үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгенде дагы Бактыгүл мени менен кеңешти. Жаңылбаптырбыз, жакшы күйөө балалуу болдум. 


Анара Шайымкулова: «Жолдошум чыгармачылыгымды түшүнөт, мага мындан өткөн бакыт жок»2005-жылы чоң ырчы болом деп Бишкекке кыштын суугунда Рысбек Жабировдун үйүнө келдим. Батирде жашаган немелердин үстүнө кошулуп кирип алдым. Айбек Карымовго телефон чалсам, «сен келбегениңден солист алып алгам», - деди. Рысбек байкенин аялы - абдан жакшы эже, мени үйүнө жашатып жүрө берди. Жазда Айбек байке кайра телефон чалып солисти турмушка чыгып жатканын айтып чакырды. Топто ырдап жүрүп Айбек байкенин инисине жолуктум. Борборго чоң ырчы болом деп келип чоң сүйүү таптым.


Комментарии: Айнура Салахидинова: «Санжар президент болууну бала кезинен кыялданчу экен»:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
Сусанна Егорян вице-мисс титулун жеңгендигин далилдейм дейт
Дүйнөлүк сулуулар сынагына аттанган Сусанна сынактын жыйынтыгын  жарыялап, биринчи вице-мисс титулун жеңгендигин шардана
Кечээги Бакиевдин “куйругу” бүгүн Атамбаевдин “куйругуна” айланганда
Жасалма мүнөз күткөн, кур дымак үчүн зөөкүрлөнгөн Алтынбек Сулайманов деген эргул
Акбаралы аламандан чыкты
Президент болсом гүлдөтөм, жыргатам, кыйратам деп жаткан талапкерлердин саны күндөн-күнгө азайып жатат.
Кубан Чороев, президенттикке талапкер: “Бир тыйыны жок президенттикке аттандым”
Миллионду кайдан табам деп тынчсызданган жокмун. Кудай өзү берет
Илим Карыпбеков еврейби?
Эл арасында мамилеге, убадага өтө так адамды “еврейлердей жүрөт тим эле” деп коюшат эмеспи. КТРКнын башкы
Исаев “ит оорусун” карматып жатабы?
Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев өлкөнүн түндүгү менен




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.