dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Бүгүн, 13:40

Акыйкатчы Кубат Оторбаевге кылмыш иши козголду

Бүгүн, 13:23

Баатыр энелерди таарынтты деген Чолпон Султанбекованын жол кырсыгына кабылганы тууралуу маалымат тарады - ФОТО

Бүгүн, 12:26

Ошто өткөн Азия чемпионатында ОшМУнун 27 студенти ыктыярчы котормочу катары жардам көрсөтүштү - ФОТО

Бүгүн, 11:54

Өзгөндө бир апта мурун Жазы дарыясына аты менен кошо агып кеткен жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду

Бүгүн, 11:32

Белгилүү журналист Мыктыбек ажы Арстанбек орозо ичи жаңы видеодолбоорлорду сунуштайт

Бүгүн, 11:05

7 жыл бою КСДП башкарган Бишкек шаары Кытай грантынын гана эсебинен өзгөрүүдө - ВИДЕО

Бүгүн, 10:08

Жалал-Абад: Психикалык ден-соолук борбор тууралуу айрым интернет-сайттарда жарыяланган маалыматтар негизсиз

Кечээ, 18:57

Атамбаев: "Орозо айында араздашкандар жарашышат, бири-бирин кечиришет"

Кечээ, 15:38

Кишиневдун мэри коррупцияга шектелип кармалды + ВИДЕО

Кечээ, 15:15

Европа биримдиги Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берет

Кечээ, 13:12

Өкмөттүн өрөпкүп кеткен маалымат кызматы Өкмөт башчынын ысымын ката жазууда

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Информация, распространенная некоторыми интернет-сайтами о том, что панциенты Жалал-Абадского областного центра психического здоровья постоянно нарушают покой студентов профтехлицея №1 в городе Жалал-Абад и терроризируют их, не обоснована, поскольку
26.05.17

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74  млн. сомов

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 7  февраля 2017 года, на  специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 74 млн. 379 тыс. 929 сом. Спецсчет открыт.
08.02.17

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 20 января  2017 года, в специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 19 млн. 129 тыс. 872 сом 85 тыйын. Все желающие физические и юридические лица могут оказать финансовую помощь по следующим
20.01.17

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

Кыргызстанка Таттыгуль Дооталиева, 1984 года рождения была доставлена на допрос в ГКНБ КР. После беседы со следователями девушке было вынесено официальное предупреждение по поводу ее публикации в социальных сетях.
19.01.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Фетхуллах Гүлен: Мен тааный албаган Түркия

19.05.17 | Категория: Жанылыктар турмогу, Ааламда

Жакында Ак Үйдө мен 20 жылга жакын убакыттан бери жашаган өлкөнүн башчысы менин Ата-Мекеним болгон Түркиянын башчылары, Түркия жана Америка Кошмо Штаттарынын Президенттери  жолугушушту.  Эки өлкөнүн орток көйгөйлөрү бар, алардын ичинде Ислам мамлекети террордук тобуна каршы күрөшүү, Сириянын келечеги жана качкындар маселеси.

Бирок, демократия жана светтик режимдин жумшак түрүн бириктирүүгө аракет кылган, үмүт туудурган өлкө катары мен билген Туркия бүгүн бийликтин баарын өз колуна топтоп жана каршылаш келгендерди багындыруу үчүн колунан келгендин баарын кылып жаткан президенттик бийликтин өлкөсү болуп калды.

Батыш Түркиянын демократия жолуна кайтуусуна жардам бериши керек. Болуп өткөн жолугушуу жана келерки жумага пландалган НАТО саммити бул күч-аракетти өркүндөтүү үчүн мүмкүнчүлүк катары колдонулушу керек.

2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинен соң Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган систематикалык түрдө күнөөсүз адамдарды куугунтуктап, күрттөр болсун, алевиттер, секуляристтер, солчулдар, журналисттер, академиктер, мага байланыштуу болгон Кызмат кыймылын жактоочулары болсун, 300 миңден ашуун адамды камап, аттырып, жашоосун кыйратты.  

Төңкөрүш аракети болуп жаткан учурда мен ага каршы пикиримди билдирип, ага эч кандай тийешем болбогондугу тууралуу айыптоолорду четке кактым. Мындан сырткары,  бул төңкөрүш аракетине катышкан адамдардын менин карманган принциптериме, идеалдарыма чыккынчылык кылганын айттым. Ошого карабай, эч кандай далилдерге таянбастан, Эрдоган дароо аны 5000 чакырым алыстагы мени уюштурууда деп айыптаган. 

Төңкөрүш аракетинин эртеси күнү эле бийлик кызмат кыймылына байланышы бар деп миңдеген адамдардын тизмесин жарыялады, анын ичинде банкта эсеп ачкан адамдар, мектептерде сабак берген мугалимдер, гезиттерде иштеген журналисттер - жана бул сыяктуу байланышты кылмыш деп эсептеп, алардын жашоосун кыйратууну баштады. Тизме бир топ ай мурун көз жумган адамдардын жана ал учурда Европада НАТОнун штаб-квартирасында кызмат өтөп жаткан адамдардын аттарын да камтыган. 

Эл аралык уюмдар кыйноолор жана камактарда болуп аткан өлүмдөрдөн тышкары, көптөгөн адамдардын уурдалышы тууралуу айтып жатышат. 

Түркия өкмөтү өлкө сыртындагы бейкүнөө адамдарды  да куугунтуктап жатат, мисалы, Малайзия өлкөсүн кысымга алып, өткөн жумада Кызмат кыймылын жактырган үч адамды, алардын ичинде он жылдан ашык убактан бери ал жерде жашаган бир мектеп директорун карматып, Түркияга камоо, кыязы, кыйноолорго дуушар кылуу үчүн  өлкөдөн чыгарып жиберүүгө жетишти.

Апрель айында президент олуттуу бурмалоолордун коштоосунда тар шайлоону утуп, бул референдумдун натыйжасында бийликтин бардык үч бутагынын көзөмөлгө алды жана токтотуучу жана тең салмактуулукту сактоочу системасы жок, толук президенттик бийликти орнотту.  Чындыгында, “тазалоо” иштери жана паракорчулук натыйжасында, бул бийликтин көбү буга чейин эле анын колуна өткөн болчу. Мен, авторитаризм режиминин бул жаңы этабына кирип бараткан түрк эли үчүн кооптонуп жатам.  

Мунун башталышы мындай эмес эле. Бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АКП) 2002-жылы демократиялык реформалар аркылуу Европа Биримдигине мүчө болууну  убада кылып бийликке келген. Бирок, убакыттын өтүшү менен Эрдоган эч кандай критикага, пикир келишпестикке сабырсыз болуп, жол бербей баштады. Ал өкмөттүн контролдоочу органдары аркылуу көптөгөн маалымдоо каражаттарынын өзүнүн жакындарына өтүшүнө   көмөктөштү. 2013-жылдын июнь айында Гези паркында бийликке каршы уюштурулган митингди катаалдык менен токтоткон. Ошол жылдын декабрында, анын өкмөт мүчөлөрү ири өлчөмдө паракорчулукка тиешеси ачыкка чыкканда, ал сот системасын жана маалымат каражаттарын баш ийдирип алган. 15-июлда жарыяланган “өзгөчө кырдаал абалы” дале уланууда. Amnesty International айтымында, дүйнөдөгү бардык камалган журналисттердин үчтөн бири түрк түрмөлөрүндө жатат. 

Эрдогандын өз элинин куугунтукка алышы тек гана ички иш эмес. Жарандык коомду, журналисттерди, академиктерди жана Түркиядагы күрттөрдү куугунтуктоо өлкөнүн узак мөөнөттүү туруктуулугуна коркунуч туудурууда. Түрк калкынын АКП режими айланасында терең бөлүнүүсүн көрүүгө болот.  Диктаторлук режимдин астында болгон Түркия, мыкаачы радикалдарга башпаанек берүү менен жана өзүнүн күрт жарандарын аргасыздыкка түртүү аркылуу, Жакынкы Чыгышка өтө чоң кооптуулук жаратуунун алдында. 

Түркия эли өз демократиясын калыбына кайра келтирүү үчүн Европалык  өнөктөштөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын жардамына муктаж болуп турат. 

1950-жылы Түркия НАТОго кирүү үчүн чыныгы көп партиялуу шайлоону өткөрүү демилгеси менен чыккан. НАТО, анын мүчөлүлүгүнүн бир талабы катары, Түркиядан убада кылынган демократия нормаларын бекем орнотулуусун жана кармануусун талап кыла алат жана кылышы керек. Эки чара Түркиядагы демократиянын жок болушуна бөгөт катары абдан маанилүү болуп саналат.

Биринчиден, жаңы жарандык конституция коомдун бардык сегменттерин камтыган демократиялык жол менен иштелип чыгып, Батыштын узак мөөнөттүү демократиялык ийгилигинен сабак алуу менен эл аралык укук жана гуманитардык ченемдер менен ишке кириши  керек.

Экинчиден, критикалык ой жүгүртүүгө үндөгөн, демократиялык жана плюралисттик баалуулуктарга басым кылган мектеп окуу программасы иштелип чыгышы керек. Ар бир студент мамлекеттик ыйгарым укуктардын жана жеке укуктарынын балансынын, бийликтин бутактарга бөлүштүрүүнүн,   сот системасынын көз карандысыздыгынын жана басма сөздүн эркиндигинин маанилүүлүгүн, ошондой эле радикал улутчулдуктун, динди саясатташтыруунун, мамлекетке же кандайдыр бир жетекчиге табынуунун зыяндуулугун билиши керек.

Буларды ишке ашыруудан мурун, түрк өкмөтү элди репрессиялоону токтотуп, Эрдоган тарабынан адилетсиздикке кабылган адамдардын укуктарын калыбына келтирүүсү керек.

Мен, балким, Түркиянын үлгүлүү демократия өлкөсү болуп калганын көрбөй калам, бирок  өтө кеч болуп кала электе авторитардык бийликтин бороонунан кутулушун тилеп келем. 

Булак: washingtonpost.com

 

(оценки:0)
Похожии статьи:

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 16-апрелде өткөн референдумдагы жеңишинен кийин алдына койгон максаттарын ишке ашырууга киришти. Референдумдун жыйынтыгына ылайык, шайлоочулардын жарымынан көбү президенттик бийликтин бекемделишин жана өлкөнүн парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүшүн колдоп добуш беришкен.


"Бул адамдар аркылуу маанилүү жана так бир жыйынтыктарга келе алабыз. Баарыңар көрүп тургандай бул Кыргызстан, Дагестан жана Тажикстандан чыккандар. Тилекке каршы, бул ишке коңшу мамлекеттердин да тийиштиги бар", — деди Түркия президенти.


Түркия Фетхуллах Гүленди камоо боюнча АКШга расмий өтүнүч кат жибердиАнкара аны аскердик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп айыптоодо. Динаятчы Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда ыктыярдуу бозгунда жүрөт. Ал Түркиядагы июлдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы жок экенин айтып келет. Түрк өкмөтү Гүлен негиздеген “Хизмет” кыймылын террордук деп таап, аны менен тилектеш делгендерди камап же ишинен айдоодо.


Түркия өкмөтү Twitter кичиблогуна Түркиянын аймагында кирүүнү жаап салды."Түркия өкмөтү Twitter кичиблогуна Түркиянын аймагында кирүүнү жаап салды. Мындай чечимди Түркиянын премьер-минстри Реджеп Тайип Эрдоган тарапка , аталган сервис аркылуу жасалган коркутуп-үркүтүүлөрдөн соң кабыл алынды",-деп жазат "Хюрриет" гезити.


Эрдоган: "Биз Сириядагы операцияны улантабыз"“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жана күрд элдик кошууну жарандар үчүн коркунуч жаратууну токтотконго чейин Түркия Сириядагы аскердик операциясын уланта берет. Бул тууралуу президент Режеп Эрдоган билдирди.


Комментарии: Фетхуллах Гүлен: Мен тааный албаган Түркия:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай,  таасир талаш күчөй баштады
Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы
Эл берген мандатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган Үмбөт Кыдыралиев
Эл өкүлү Үмбөт Кыдыралиевдин буга дейре кыргыз спортуна кошкон эбегейсиз эмгегин эч кимибиз тана албасак керек.
КСДПдагы Артыков баштаган айрым депутаттар мандаттарын тапшырбай тырышууда
Айтылуу «серый кардинал» Икрамжан Илмиянов ажонун кеңешчилигинен кеткени парламентке келээри боюнча катуу кеп болгон. Аныгында иш
Болотканов
Көп жылдан бери Өмүрбек Бабановдун жеке иштерин бүткөрүп, анын коомдук жардамчысы, жандоочусу, маалымат катчысы,
Ширшовдун үйү Албек Ибраимовго өттүбү?
Ширшов курган ошол элиталык үйлөрдөн (корей улутундагы Тень аттуу жардамчысынын наамында дейт) андагы ИИМ жетекчиси Мелис
Феликс Кулов алдыдагы аламан байгелерге жаңы адамдар менен чыгат
Жанагы жарашса-жарашпаса да жанталашып сүйлөп калганга аракет кылып, “Бакылдак” атка конгон Кожобек Рыспаев баш болгон бир




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.