dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Бүгүн, 13:40

Акыйкатчы Кубат Оторбаевге кылмыш иши козголду

Бүгүн, 13:23

Баатыр энелерди таарынтты деген Чолпон Султанбекованын жол кырсыгына кабылганы тууралуу маалымат тарады - ФОТО

Бүгүн, 12:26

Ошто өткөн Азия чемпионатында ОшМУнун 27 студенти ыктыярчы котормочу катары жардам көрсөтүштү - ФОТО

Бүгүн, 11:54

Өзгөндө бир апта мурун Жазы дарыясына аты менен кошо агып кеткен жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду

Бүгүн, 11:32

Белгилүү журналист Мыктыбек ажы Арстанбек орозо ичи жаңы видеодолбоорлорду сунуштайт

Бүгүн, 11:05

7 жыл бою КСДП башкарган Бишкек шаары Кытай грантынын гана эсебинен өзгөрүүдө - ВИДЕО

Бүгүн, 10:08

Жалал-Абад: Психикалык ден-соолук борбор тууралуу айрым интернет-сайттарда жарыяланган маалыматтар негизсиз

Кечээ, 18:57

Атамбаев: "Орозо айында араздашкандар жарашышат, бири-бирин кечиришет"

Кечээ, 15:38

Кишиневдун мэри коррупцияга шектелип кармалды + ВИДЕО

Кечээ, 15:15

Европа биримдиги Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берет

Кечээ, 13:12

Өкмөттүн өрөпкүп кеткен маалымат кызматы Өкмөт башчынын ысымын ката жазууда

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Информация, распространенная некоторыми интернет-сайтами о том, что панциенты Жалал-Абадского областного центра психического здоровья постоянно нарушают покой студентов профтехлицея №1 в городе Жалал-Абад и терроризируют их, не обоснована, поскольку
26.05.17

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74  млн. сомов

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 7  февраля 2017 года, на  специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 74 млн. 379 тыс. 929 сом. Спецсчет открыт.
08.02.17

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 20 января  2017 года, в специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 19 млн. 129 тыс. 872 сом 85 тыйын. Все желающие физические и юридические лица могут оказать финансовую помощь по следующим
20.01.17

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

Кыргызстанка Таттыгуль Дооталиева, 1984 года рождения была доставлена на допрос в ГКНБ КР. После беседы со следователями девушке было вынесено официальное предупреждение по поводу ее публикации в социальных сетях.
19.01.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Айгүл, Садыр Жапаровдун жубайы: "Садырдын көзүнөн мурдагыдай курчтукту көрүп, Садыр сынбаптыр деп сүйүндүм"


Коомчулукта акылдуу, күчтүү аял экен деген жакшы баага татып, күйөөсүн, баласын коргоп, алдыга чыккан Садыр Жапаровдун өмүрлүк жары Айгүл эже тууралуу жакшы сөз айтыла баштады. Биз элдин баары алкап, мактап жаткан Айгүл эже менен байланышып, камактагы жолдошуна, уулуна жолукканы боюнча кызыккан суроолорубузга жооп алдык. 

- Айгүл эже, Садыр Нуркожоевичке киргенде эмнелерди сүйлөштүңүз?

- Садыр камакка алынганы биринчи жолу жолуктук. Кинодогудай ортобузду айнек бөлүп турду. Биз бири-бирибизди карап, телефон менен сүйлөштүк. Бирок, телефондо тыңшагыч аппарат коюлгандыктан, көп нерсени ачык сүйлөшө алган жокпуз. Эң негизгиси ал жолугушуудан мен да, Садыр да бири-бирибизди көрүп, кубат алдык. Айтайын дегеним, Садырдын көзүнөн мурдагыдай курчтукту көрүп, Садыр сынбаптыр деп сүйүндүм. Өзүн кармап, кайратынан жазбаганына кубандым. Биз сөз менен эмес, көбүрөөк көз менен сүйлөштүк.

- Жолдошуңуздун көз карашынан нелерди түшүндүңүз?

- Садырдын көзүнөн сүйүктүү уулу Рустамдын, агасынын жана тарапташтары кошо камалып калды деп кейип турганын окудум. Мен сен адам өлтүргөн жоксуң. Сен жаман иш жасап, камалып калган жоксуң. Сен элдин тагдырына кайдыгер карай албай көтөргөн маселеңдин айынан камалдың. Эң негизгиси сени эл колдоп турат. Ар нерсени ойлонуп кыжаалат болбой, өзүңдү, ден соолугуңду кара. Бизге сенин аманчылыгың керек. Алтын башың аман болсо, бул күндөр да өтөт дедим. Кыскасы, Садырга жылуу сөз айтып, ага  кубат берип чыктым.

- №47-колонияга түштү дегенди укканда оюңузга эмнелер келди?

- Садырдын амандыгын тиледим. Балдарымды ойлодум. Жаратканга жалындым. Биз саат эртең мененки 7де барганыбыз менен 11ге чейин мени эмес, адвокаттарды дагы киргизген жок. Акыйкатчынын өкүлүнүн өңүн көргөндө, акыбалы оор экенин билдим. “Супер Инфонун” сайтына чыккан сүрөтүн көргөндө жүрөгүм оозума кептелип, Садыр оор абалда экенин билдим. Оюма ар нерселер келди. Анан эл көтөрүлүп кетпесин дедиби өзүмө өзүм кол салдым деген видео тасмасын жана анын айтып берүүсү боюнча жазылган тил катын интернетке жарыялашты. Кыскасы, акыркы эки айда көп кыйынчылык көрдүм. Күтүлбөгөн эч кимге каалабай турган окуяларга туш болдум. Жараткан пендем десе, эч бирин андай күнгө кептебесин. Мен тарткан азапты эч ким тартпасын. Садырдын алтын башы аман болсун деп анын амандыгын тилеп калдым.

- Уулуңуз Рустам менен да жолугупсуз. Анын абалы жакшы эле бекен?

- Уулум Рустам экөөбүздүн жолугушуубуз “Апа, кыйналдыңызбы?” деген суроодон башталды. Мен кыйналган жокмун,  балам. Сен башка иш менен бул жерге түшүп калганыңда жаман болмокмун. Мен кыйналгыдай сен жаман ишке барып, анан камакка алынган жоксуң. Сен атаңды тосуп барып камалдың. Сен атаңдын баласысың. Бул кыйынчылыктарга да чыда.  Кайгырба, чөкпө, уулум.  Алтын башың аман болсо чыгасың дедим.

- Ден соолугу кандай экен?

- Рустам мени менен жолукканда жакшы эле дегени менен  башкалардан эки жумада эки жолу грипп болгонун уктум. Ошондой эле уулумдан эмес, бирөөлөрдөн  СИЗОнун ичинде бир гана “аналгин” деген даары берилет деген маалымат алдым.  Чыны калпын билбейм. Сегиз бала жаткан жерде 4 гана керебет бар деп уктум. Бирок, аны тактай алган жокмун.

- Айылга барып, кандай иш менен алек болдуңар?

- Айылга барып, Садырды коргоо комитетин түздүк. Биз барганча “Садырды колдоп, кандайдыр бир акцияларга катышсаңар камалып кетесиңер” деген  коркутуу иштери катуу жүргөн экен. Биз барып,  Садырды коргоо комитетин түзүп, Садыр жаман иш кылган жок. Ал саясаттын гана курмандыгы болду деп элдин духун көтөрүп келдик. Элден айланса болот. Садырды эли, анын тарапташтары, жакшы санаалаштары колдоп, анын амандыгын тилеп отурушат. Жараткандын мунусуна да шүгүр кылам. Садыр жалгыз эмес, анын таянар тоосу, калдайган эли бар.

- Кайнатаңызга көп нерсени айтпай жашырып жатабыз дедиңер эле го? Ал Садыр байкенин абалынан кабардар экен го?

- Ооба. Биз жашырганыбыз менен “сентябрь” телеканалынан болгон чындыктын баарын угуп алыптыр. Ал тургай кайнатамдын ичинде бугу көп экен. Журналисттерге даярдап жүргөн сөзү бар экен. Сыртына чыгарбай өзүн бекем кармап жүргөнү менен ичи эзилип эле жатыптыр. Журналисттер Садыр тууралуу суроо бергенде жашып кетип да  жатты. Чынын айтканда 85ке чыгып калган кайнатам менен кайненеме кыйын болду. Кайнатам ичинен сызып, бирин укса бирин укпай, балдарынын, небересинин амандыгын тилеп, бийликтен ырайым күтүп отурат. Бирок, кайненем Садырдын жана кайнагамдын, Рустамдын  камалганын укканда эле ооруп калыптыр. Биз барганда дагы  ооруканада экен. Көтөрө албай калбасын деп апама көп нерсени айтпай баары жакшы деп жашырып  отурабыз.

- Кыйын күнү сизге кол сунуп, жардам бергендер болуп жатабы?

- Албетте, болуп жатат. Жардам эле эмес,  жылуу сөзүн айтып, аз болсо да түйшүгүмдү кошо көтөрүшүп жаткандарга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле  Москвадагы мигранттарга өзгөчө  ыраазычылык айтам. Алар карапайым адамдар экенине карабай   камактагы 12 баланын тамак-ашын көтөрүп жатышат.  Жумасына эки жолу тамак киргизсек, анын бир жолкусун мигранттар өздөрү киргизет. Алар 200 рублдан баштап 1000 рублга чейин салышат. Интернетте өздөрүнчө группа ачып алышып, бизге колдоо көрсөтүп, Садырды чын жүрөктөн сыйлаарын, урматтаарын билдирип жатышат.

Дагы бир нерсени баса белгилеп коёюнчу. Биз кандай акция уюштурсак да, элге акча тараткан жокпуз. Башкача айтканда, Садыр элдик уул экенин билип, элдин баары  өздөрү чыгып, колдоо көрсөтүп жатышат.

- Садыр байкени соттун алдынан көргөндө кандай абалда калдыңыз?

- Аман-эсен экенин көргөндө Кудайга ыраазычылыгымды айтып, сүйүндүм. Саясый куугунтукка алынып, ак жеринен камалып, кыйын күндү баштан кечирип жатканын эстегенде  ичим ачышып, Садырды аяп кеттим. Ал бизге кол булгалады. Биз да кол булгалап, аны көргөнүбүзгө жетине албай алдыбыз көзүбүзгө жаш алдык.

- Айгүл эже, Садыр байке жана уулуңуз камакка алынгандан бери өзгөргөнүңүз өзүңүзгө байкалдыбы?

- Өзгөрбөскө айла жок экен. Мурун мен Садырдын көлөкөсүндө жүргөн, анын жакшы иштерин колдоого алып, балдарды багып, публикага чыкканды анча жактыра бербеген жан болчумун. Ал тургай Садырдын жанында сүрөткө түшкөндөн да тартынчумун. Себеби,  сүрөтүм жарыяланып кетет деп кооптончумун. Бармактайыбызда баш кошкон өмүрлүк жарым, чырактай уулум камалганда эл алдына чыгууга аргасыз болдум. Ал тургай чыйралдым. Кыйынчылык чыйралтат экен. Ыйлап отура берсем, маселе чечилбесине көзүм жетип, мурдагыдан да чечкиндүү боло түштүм. Айрыкча Садыр 47-колонияга түшкөндө белимди бекем бууп, кадимкидей чыйралып, аларды коргоого бел байладым…

Анткени, Садыр жаман иш жасап, камалган жок. Ал мамлекеттин, элдин  кызыкчылыгын жогору койду. Ошон үчүн камакка алынып, ак жеринен караланып, азаптуу күндөрдү башынан кечирди. Кыскасы, ал “Кумтөр”, “Мегаком” боюнча көтөргөн маселесинин курмандыгы болду. Ал көтөргөн маселелер элге жакканы менен кимдир бирөөлөргө жаккан жок. Ошон үчүн аны ушундай абалга кептешти.

Айгүл, Садыр Жапаровдун жубайы: "Садырдын көзүнөн мурдагыдай курчтукту көрүп, Садыр сынбаптыр деп сүйүндүм"

Чынайым Кутманалиева, factor.kg

 

(оценки:2)
Похожии статьи:

Саясатчы Садыр Жапаров интернеттен катуу күпүлдөп, кыргызстандыктардын баарын 10-апрелде боло турган оппозициялык күчтөрдүн биримдигине чакырып, оппозициялык күчтөрдүн лидерлери да салмагы сайдын ташындай оор болбосо деле "Садыр Жапаров бизге кошулмай болду, бирикмей болду" дешип чуулдатып жатышкан. Бирок кечээки митингде Садыр Жапаровдун карааны да көрүнгөн жок. Демек, ал караламан калкты каратып туруп калп айтып, өзүнүн Кыргызстанда эмес экендигин тастыктап койду.


Садыр Жапаров ММКлар тарабынан берилген 2013-жылдын эң көп номинацияларына ээ болдуБыйылкы жылы Садыр мырзанын “Кумтөр” үчүн көтөргөн опол тоодой эмгектери эске алынып, бир канча басылмада жылдын мыктысына татып отурат;


Садыр Жапаров: "Бакиев өзү мени издеп, “чай ичип кет” десе, жолугам"Эмнеси бар экен? Баарын сурамакмын. Ячейкада чындыгында канча акча болгон? Көлдө кайсы коттедждер кайсы пансионаттар калган? Кимдер ээлеп олтурушат? Азыркы бийликтин Кумтөр боюнча коррупциялык жүзүн ачпадымбы! Эми мародерчулугун да ачмакмын.


2012-жылы «Кумтөрдү» ийне-жибине чейин текшерип келип, мамлекетке албасак болбой калыптыр, экологиялык катастрофа жакындап калган экен. (Бир жылдан кийин экологиялык катастрофа башталды. Азыр да жүрүп жатат). Мамлекет көзөмөлгө алалы. Калган 5 миллиард доллардын алтыны өз өлкөбүздө калсын деген токтомду даярдап келгенимде, Атамбаев беш фракциянын лидерлерин топтоп алып, мага каршы койгон. Ошондо жалгыз «Ата-Мекен» фракциясы «Садыр Жапаровдун сунушун колдойбуз» деген чечим чыгарып беришкен. Атамбаевдин коркутуусун чымын чаккандай да көрүшкөн эмес. Ошон үчүн мен өз оюмду айттым. Бүгүнкү шайлоого катыша турган партиялардын жетекчилери баары Атамбаевке кирип «Парламентке келсек сиздик эле болуп беребиз» деп батасын алып чыгып жатышат. Дагы бир партия «Калп эле оппозиция болумуш болуп кыйкырып беребиз, бизге 25-30 орун берип, үчүнчү партия кылып койсоңуз болду» деп соодалашып алды. Жалгыз «Ата-Мекен» партиясы соодалашкан жок. 


Садыр Жапаров, экс-депутат: "Бийлик оппозициядан күнөө издегенди  токтотушу керек"Садыр мырза менен 10-апрелде болчу митингде көтөрүлчү маселелер жана эмне үчүн Улуттук оппозициялык кыймылга бириккени тууралуу баарлаштык. Анда кеп башынан болсун.


Комментарии: Айгүл, Садыр Жапаровдун жубайы: "Садырдын көзүнөн мурдагыдай курчтукту көрүп, Садыр сынбаптыр деп сүйүндүм":

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай,  таасир талаш күчөй баштады
Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы
Эл берген мандатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган Үмбөт Кыдыралиев
Эл өкүлү Үмбөт Кыдыралиевдин буга дейре кыргыз спортуна кошкон эбегейсиз эмгегин эч кимибиз тана албасак керек.
КСДПдагы Артыков баштаган айрым депутаттар мандаттарын тапшырбай тырышууда
Айтылуу «серый кардинал» Икрамжан Илмиянов ажонун кеңешчилигинен кеткени парламентке келээри боюнча катуу кеп болгон. Аныгында иш
Болотканов
Көп жылдан бери Өмүрбек Бабановдун жеке иштерин бүткөрүп, анын коомдук жардамчысы, жандоочусу, маалымат катчысы,
Ширшовдун үйү Албек Ибраимовго өттүбү?
Ширшов курган ошол элиталык үйлөрдөн (корей улутундагы Тень аттуу жардамчысынын наамында дейт) андагы ИИМ жетекчиси Мелис
Феликс Кулов алдыдагы аламан байгелерге жаңы адамдар менен чыгат
Жанагы жарашса-жарашпаса да жанталашып сүйлөп калганга аракет кылып, “Бакылдак” атка конгон Кожобек Рыспаев баш болгон бир




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.