dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Бүгүн, 13:40

Акыйкатчы Кубат Оторбаевге кылмыш иши козголду

Бүгүн, 13:23

Баатыр энелерди таарынтты деген Чолпон Султанбекованын жол кырсыгына кабылганы тууралуу маалымат тарады - ФОТО

Бүгүн, 12:26

Ошто өткөн Азия чемпионатында ОшМУнун 27 студенти ыктыярчы котормочу катары жардам көрсөтүштү - ФОТО

Бүгүн, 11:54

Өзгөндө бир апта мурун Жазы дарыясына аты менен кошо агып кеткен жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду

Бүгүн, 11:32

Белгилүү журналист Мыктыбек ажы Арстанбек орозо ичи жаңы видеодолбоорлорду сунуштайт

Бүгүн, 11:05

7 жыл бою КСДП башкарган Бишкек шаары Кытай грантынын гана эсебинен өзгөрүүдө - ВИДЕО

Бүгүн, 10:08

Жалал-Абад: Психикалык ден-соолук борбор тууралуу айрым интернет-сайттарда жарыяланган маалыматтар негизсиз

Кечээ, 18:57

Атамбаев: "Орозо айында араздашкандар жарашышат, бири-бирин кечиришет"

Кечээ, 15:38

Кишиневдун мэри коррупцияга шектелип кармалды + ВИДЕО

Кечээ, 15:15

Европа биримдиги Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берет

Кечээ, 13:12

Өкмөттүн өрөпкүп кеткен маалымат кызматы Өкмөт башчынын ысымын ката жазууда

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Информация, распространенная некоторыми интернет-сайтами о том, что панциенты Жалал-Абадского областного центра психического здоровья постоянно нарушают покой студентов профтехлицея №1 в городе Жалал-Абад и терроризируют их, не обоснована, поскольку
26.05.17

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74  млн. сомов

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 7  февраля 2017 года, на  специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 74 млн. 379 тыс. 929 сом. Спецсчет открыт.
08.02.17

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 20 января  2017 года, в специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 19 млн. 129 тыс. 872 сом 85 тыйын. Все желающие физические и юридические лица могут оказать финансовую помощь по следующим
20.01.17

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

Кыргызстанка Таттыгуль Дооталиева, 1984 года рождения была доставлена на допрос в ГКНБ КР. После беседы со следователями девушке было вынесено официальное предупреждение по поводу ее публикации в социальных сетях.
19.01.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Чолпон Султанбекова, вице-премьер-министр: “Жетим балдар үйүн оптималдаштыруу аркылуу балдарды урук-тууганына кайтаруу зарыл”

24.04.17 | Категория: Жанылыктар турмогу, Коом, Маек

Чолпон Султанбекова, вице-премьер-министр:  “Жетим балдар үйүн оптималдаштыруу аркылуу балдарды урук-тууганына кайтаруу зарыл” - Чолпон Аалыевна, вице-премьерлик кызматка келгенден тарта кандай иштерди жасап жатасыз?

- Эми көп эле иштер жасалып жатат. Бирок анын баары көзгө көрүнө бербейт. Учурда эң орчундуу жана көйгөйлүү реформаны ишке ашыруу боюнча аракет көрүп жатам. Тактап айтканда, жетим балдар үйүн оптималдаштыруу боюнча чоң долбоордун үстүндө иш жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө экономикалык эсептерди тактап, мыйзамдарды ирээтке салып бүтүп калдык. Долбоорду ишке ашырууга мамлекеттен эч кандай каражат кетпейт. Эл аралык уюмдардын колдоосу, каржылоосу менен жүзөгө ашырабыз. 

- Жетим балдар үйүн оптималдаштырууну максат кылып жатканыңыздардын себебине кененирээк токтолсоңсуз?

- Чынын айтыш керек, жетим балдар үйү – өлкөбүздөгү өзгөчө социалдык көйгөйлөрдүн бири. Кыргыздын салт-санаа, менталитетин алып караганда, жетим балдар үйү, карылар үйү деген нерсе биз үчүн жат көрүнүш болуп саналат. Тилекке каршы, союз учурунан калган система азыркыга дейре уланып, кыргыз элине анчалык деле өөн учурабай калды. Мен жети облусту кыдырып, жетим балдар үйүндөгү көйгөйлөр менен толук таанышып чыктым.  Социалдык изилдөөлөр көрсөттү, эң өкүнүчтүүсү бүгүнкү күндө жетим балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдардын 90 пайызынын ата-энеси бар болуп чыкты.  Учурда социалдык жетим балдар деген түшүнүк, термин пайда болуптур. Чет өлкөгө кетип калган ата-энелер, жашоо-шартынын оордугунан айрым жакыр үй-бүлөлөр балдарын караганга шартыбыз жок дешип балдар үйүнө өткөрүп салышкан көрүнүш арбын экен. Мына ушул көрүнүштү – социалдык жетим балдар деп аташат экен. Бирок мамлекет ага карабастан андагы ар бир балага жетим бала катары казынадан ар бир айга каражат бөлүп жатпайбы. Атасы да энеси да жок деген томолой жетим калган балдардын саны тактап келсек 4 эле пайызды түзөөрүн иликтөөнүн жыйынтыгында ачыкка чыкты. Албетте, алардын деле ата-энеси жок болгон менен, көз салып карай турган жакын туугандары болот. 

- Мамлекеттин жетим балдар үйүн каржылап, кароого мүмкүнчүлүгү жетпей калдыбы, же бул жерде башка себептер барбы?

- Жок, мен бул пикирден такыр алысмын. Мамлекеттин каражаты жок, жетим балдар үйү жойгону жатышыптыр деген түшүнүк туура эмес. Бул жерде көйгөй башкада. Кудайга шүгүр мамлекет тарабынан бир эле балдар үйүнө 15 миллион сомдон 18 миллион сомго чейин каражат бөлүнөт. Андан тышкары демөөрчүлөр, кайрымдуулук кылган жарандар, ишкерлер тарабынан дагы ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша турмуш-тиричиликке керектүү техникалык жабдууларын сатып беришип, азык-түлүк, кийим-кече жана акчалай жардам беришет. Мына ушул берилип жаткан жардамдар, ошол жердеги балдардын таалим, тарбиясына, билим алуусуна, курсагы ток, кийими бүтүн болушу үчүн максаттуу жумшалып жатабы деген маселеде чоң көйгөй бар. Ала кушту атынан атасак, бул тармакта коррупциялык схема болуп көрбөгөндөй тамырлаган. 

- Маселен...

- Ачык айтайын, мамлекет тарабынан да, жеке ишкерлер тарабынан да көрсөтүлүп жаткан жардамдар максаттуу жумшалбай жатат. Мамлекет бөлгөн каражаттын 80 пайызы мугалимдер менен тарбиячылардын айлыгына, соцфондго кетип калат экен. Ар жактагы 20 пайызы балдардын тамак-ашы, кийим-кечеси, окуусуна бөлүнөт. Натыйжада, “бул жетпейт, тигил жетпейт” деген сөздөр чыгат. Балдар үйүнүн бирөө дагы эч бир талапка жооп бербейт. Баары эски. Кыздар-балдардын жуунган, жаткан жайлары бир. Балдардын түрүн көрсөң зээниң кейит. Көздөрүндө муң, мээрим жок. Баарына кайдыгер. Балдар мамлекеттин келечеги  дейбиз. Бирок татыктуу билим, тарбия албаган, жылуу мээрим көрбөгөн балдар эртеңки күнү ким болуп чыгышат? Чейрек кылымдан бери мамлекет деле, жеке жарандар деле жардам көрсөтүп келишет, бирок жаңылануу, жакшы жыйынтык деген болуш керек эле да. Тилекке каршы андай көрмөк түгүл сезбей турабыз. Баягы эле союздан калган көрүнүш. Эмеректери деле, имараты дел ошол бойдон. Берилген жардамдар кумга сиңген суудай жиги билинбейт. Ал эми балдар үйүн директорлорун карасаң, мингендери жип машина, эки этаж үйлөрдө жашашат. Алган айлыктары, 8-10 миң сом болсо, анан кантип деген суроо туулат... Мына биз балдар үйүн кыдырганда байкадык,  балдардын саны бери дегенде 100дөн, 150гө чейин деп катталган. Бирок факты боюнча ал жерде 20-30, ашып баратса 40 бала эле болот. Демек, калган балдарга бөлүнгөн каражатты чөнтөктөрүнө салып алып жатышат да. Коррупция тамырлап кетиптир дегеним ушундан. Бул боюнча биз тиешелүү мамлекеттик органдардан турган атайын комиссия түзүп, бөлүнгөн каражаттардын, берилген жардамдарын кандай максатта жумшалганын текшерип чыгалы деп жатабыз. Мына бүгүнкү күндө бюджетинин тең жарымы социалдык тармакка кетет. Бирок социалдык көйгөйлөр чечилип, оңолуп кеткен жокпуз да. Мага жетим балдар үйүн кармап, каражат бөлүү менен  өзүбүздүн келечегибизди кетмендеп жаткандай сезилет... 

- Эмне себептен?..

- Мына союз учурундагы өлкөлөрдү алалы, дээрлик баары жетим балдар үйүн жоюшту. Анткени, каралбай ташталган жетим балдар үйү бар экен деген нерсе уят катары кабылданып, мамлекеттин аброюн, элдин  ар-намысын, моралдык  жоопкерчилигинин аныктаган чен-өлчөм катары бааланып жатат. Экинчиден, жогоруда айткандай түздөн-түз балдарга көрсөтүлгөн жардамдар даректүү жумшалбай, максаттуу пайдаланылбай жаткан коррупциялык нюанстар эске алынып, татыктуу тарбия, билим албаган балдар келечекте өлкөгө кандай салым кошушат деген маселеге жооп изделген. 

Кыргызда Султан сөгүн кордобойт деген жакшы накыл бар. Биздин элде жакынын карабай таштап коюу деген уят, жат көрүнүш болгон. Андайлар элден чыгып калган. Ошол себептен, кыргыз кандай кыйынчылык оор-турмуш болсо дагы баласын, жакынын кароосуз көчөгө таштаган эмес. Кыргыз эли моралдык жоопкерчиликти, уят, ар-намыс, абийир дегенди бийик үлгү туткан. Мына ушул кагазда жазылбаган, бирок көкүрөгүбүздө кастарлаган ыйык касиетибизди сактап, арыбызга, намысыбызга келишибиз керек.

Эгер биз жетим балдар үйүн кармай турган болсок, балдар 18ге толгондон кийин көчөдө “таштанды” катары калбаш керек. Мамлекет андан ары алардын тагдырына кайдыгер карабай, үй-бүлө куруп, турмуштан орун-очок алганга чейин көзөмөлдөп, жардам көрсөтүшү абзел. Тилекке каршы, учурда андай эмес да. Азыркы тапта, ыйлай-сыктай жетим балдар үйүндө тарбияланган балдар 18ге толуп өз алдынча паспортко ээ болгондон кийин, көчөдө калышат. Алардын андан аркы тагдыры эч кимге кызык эмес. Билимин улантып окуп жатышабы, же жумуш орду менен камсыз болуп иштеп жатышабы, болбосо үй-бүлө курушуп, ынтымактуу жашап жатышабы, кайсы жерде күн көрүп жүрүшөт эч кимдин иши болбойт. Натыйжада, туруктуу жашай турган жайлары жок, ансыз да чалагайым тарбия, эптеп-септеп билим алган, жылуулук, мээрим эмне экенин билбеген, урук-тууганын тааныбаган балдар ар кандай тескери жолго түшүп кетип жатышат. Эркек балдар криминалдык чөйрөгө аралашып киши өлтүрүп, же баңги зат колдонуп тагдыры талкаланып жатса, кыздар денесин сатып бузулуп жатат. Аларда мамлекет, элим-жерим деген патриоттук сезим жок. Турмуштун запкысын жеп, баарына кайдыгер болуп калышкан. Статистиканы алсак, эгемендүүлүктү алган жалдардан бери жетим балдар үйүнөн чыккан балдардын дээрлик көбүнүн тагдыры жакшы болбоптур. Мамлекеттин келечегин ойлосок, ушул нерселерге бөгөт коюлуш керек. Ошондуктан коом дагы, мамлекет дагы бул көйгөйгө олуттуу мамиле жасап, түшүнүү менен көңүл буруш керек.

- Демек, жетим балдар үйүн жоюп салсак эле көйгөйдөн кутулуп, баары жай-жайын келет десек болобу? Бул көйгөйдү кандай жол менен чечели деп жатасыздар?

- Мен жетим балдар үйүн жоюп салсак көйгөй чечилет деген ойду айткан жокмун. Дароо эле бир учурда баардык жетим балдар үйүн жаап салбайбыз. Баары этап-этап менен ишке ашырылат. Баары ойлонуштурулуп, жети өлчөнүп, бир кесилип жасалат. Баардык мыйзамдуу база иретке салынып, ошонун негизинде иш жүрөт. Коомчулукта Өкмөт жетим балдар үйүн жоюп, балдарды көчөгө калтырат тура деген ой жаралышы мүмкүн. Кээ бирөөлөр атайлап ушундай сөздөрдү да чыгарышы да ыктымал. Ансыз да жетим балдар үйүн бетке кармап, ошол тармактагы системадан пайда көрүп көнүп алышкан адамдар каршы болуп, бут тозуу аракетин көрүп жатышат. Жетим балдар үйүн жоюу маселеси мурда эле бир нече ирээт көтөрүлгөн. Бирок ар кандай тоскоолдукка учурап, ишке ашпай келген. Системалуу саясат жүргөн эмес. Биз мына ушул ишти жүзөгө ашыралы деп бел байлап жатабыз. 

Буюрса, жетим балдар үйүн оптималдаштырып, аларды жакын урук-туугандарына кайтарабыз. Жетим балдар үйүнө берилген каражатты түз ошол баланы карган тууганына беребиз деп жатабыз. Биз эсептеп чыктык, айына ар бир балага 10-12 миң сомдон бөлүнүп калат экен. Бул акча айыл жергесинде бир баланы түгүл бир үй-бүлөнү бакканга жетет. Мен жер-жерлерди кыдырганда көптөгөн жарандар: “Мен баланча тууганымдын баласынын балдар үйүндө жүргөнүнө арданам, уялам. Багып алайын десем, өз балдарымды араң багып жатам. Эгер мамлекет пособия бөлүп жардам кылса, башкалардын көзүн каратып жалдыратпай өзүм эле багып алат элем”. – деп айтып жатышат. Ансыз да ар бир балдар үйүнө мамлекет 15-18 миллион сом бөлүп жатат. Ошол акчаны эле балдарды караган тууганына бөлүштүрүп берсек, урук-тууганы менен чогуу болуп, ата-энелүү балдардай жылуу мээримге бөлөнүп, психологиялык жактан жабыр тартпай таалим-тарбия, билим алышына чоң өбөлгө болот. Бөтөн шаар, бөтөн жерде эмес, өз эл, өз жеринде, өз урук-туугандарында чоңойгон балага жетпейт. Келечеги да, тагдыры да жакшы нукта кетет. 

- Биздин балдар кодекси жана башка мыйзамдар азыркы учурдун талабына жооп береби?

- Чындыгында биздин мыйзамдар аябай жакшы. Айрым гана мыйзамдарга анча-мынча өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү талап кылынбаса, негизинен мыйзамдык база азыркы талапка толук жооп берет. Бизге жардам көрсөтүп жаткан эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар деле “силердин мыйзамдык базаңар аябай жакшы жазылган, бирок аны ишке ашырууда аксап жатасыңар” деп айтып жатышат. Өзгөчө биздин мыйзамдарда фостердик үй-бүлө боюнча, балдарды асырап алуу боюнча жакшы мыйзамдарыбыз бар. 

Жетим балдар үйүн жаап, балдарды урук-туугандарына кайтарабыз деп жатпайбызбы, эгер такыр эле эч кимиси жоктор болсо, кайсы аймак болсун ошол жеринде фостердик үй-бүлөлөрдү түзүп ошолорго беребиз. Балдар өз элинде, өз ата-тегинде, өз жеринде тарбияланат. Азыр биз көрүп чыктык, фостердик үй-бүлөдө тарбияланып, билим алып жаткан балдардын шарты аябай жакшы. Кийимдери таза, ичкен тамак-аштары, алган билим-тарбиясы баары талапка шайкеш келет. Экинчиден фостердик үй-бүлөнүн жакшы жери бир тууган балдар бир жерде чоңоюшат. Азыр бир туугандардын бир көлдө, бири Бишкекте болуп бөлүнүп кеткен көрүнүш абдан көп. Ошондой эле, такыр эч кимиси жок балдарды бала кылып асырап алам деген ата-энелер арбын. Мына ошондой ата-энелердин баардык шартын, үй-бүлөлүк жагдайын карап туруп, мыйзамга тууралап бала багып алууга уруксаат беришибиз керек.  Ушул жерде белгилеп коёюн, баланы асырап алууга бир гана Кыргызстандын жарандарына уруксаат берилет. Чет өлкөнүн жарандарына берилбейт. Биз ушул нерсени мыйзамга атайын белгилеп, киргизип жатабыз. Жалпысынан алганда Кыргызстан боюнча жетим балдар үйүндө тарбияланып жатышкан 8800 дөй бала бар. Ал эми алардын арасында асыроого муктаж, тактап айтканда тоголок жетим 475 эле бала бар. Калганынын ата-энеси, жакын урук-тууганы бар. 

- Жанагы урук-туугандарына, фостердик үй-бүлөлөргө, же асырап алууга берилген балдар чындап эле татыктуу тарбия, билим алып жатканын, психологиялык жактан басмырлоого тушукпаганын кимдер көзөмөлгө алат?

- Албетте, биз жетим балдар үйүн жоюп жаткандан кийин, урук-туугандарына, фостердик үй-бүлөлөргө, же асырап алууга берилген балдардын андан аркы тагдырына да мамлекет тарабынан көз салынат. Биздин ар бир облуста, райондордо, айыл өкмөттөрдө социалдык кызматкерлерибиз бар. Облус жетекчисинин жана акимдердин бирден орун басары социалдык тармакка жооптуу. Бүгүнкү күндө алар өздөрүнүн мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерин аткара албай жатышат. Кайсы бир майрамдык иш-чара уюштуруп коюшуп, ошого ыраазы болуп басып жүргөндөр бар. Биздин жетим балдар боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа иш жүзүнө ашырылса, жер-жерлердеги социалдык кызматкерлер ошол аймактагы ар бир баланын запкы көрбөй чоңоюшун көзөмөлгө алып, жоопкер болушат. Биз учурда облус, район, айыл өкмөттөрдөгү социалдык кызматкерлерге атайын окуу семинарлар өтүлөт.  Балдарга кандай көзөмөл жүргүзүш керек, асырап алган ата-энелердин жоопкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Келечекте буюрса биз социалдык кызматкер, социалдык психолог деген адистерди даярдайлы деп жатабыз. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине атайын факультет ачуу боюнча тапшырма берип, окуу программасын иштеп чыгуу талабын койдук. Анткени бүгүнкү заман шартына ылайык ар бир мектепте социалдык психолог иштеш керек. Бул керектүү адистик. Бүгүнкү күндө коомчулук жакшы билет, юрист, экономисттер өтө көп. Алардын баарын мамлекет иш менен камсыз кыла албай жатат. Ошондуктан биз айрым кесиптеги адистерди ашыкча эле даярдай бербей, керектүү кесиптин ээлерин даярдап чыгарышыбыз керек. 

- Айткандай, жетим балдар үйү оптималдаштырылса, майып балдардын тагдыры кандай болот?

- Абдан туура суроо. Учурда майып болуп, оорулуу болуп төрөлгөн балдарын ата-энелер балдар үйүн таштап койгон көрүнүш көп кездешет. Биз ошол балдарды өз ата-энесине кайтарып, мамлекет тарабынан дары-дармегине, тамак-ашына жөлөк пул төлөйбүз. Төрөгөндөн кийин карап, багыш керек. Кимдин бирөөнүн мойнуна арта салып, жоопкерчиликтен качкан абийир алып келбейт, кыргыздын салтына да жатпайт. Дүйнөлүк практикада далилденген майып бала ата-энесинин кароосунда болсо, жетим балдар үйүнө караганда турмуштун сыноосун көп кыйналбай көтөрө алат экен. Эми бул маселенин тамыры тереңде жатат. Биз качан майып бала төрөлгөндөн кийин гана анын көйгөйлөрү менен алпурушпай, анын кесепеттерин алдын-алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды көрүшүбүз милдет. Азыр доплер деген бар. Кош бойлуу энелер текшерилип өтүп турушу керек. Бала кандай өсүп жатат, дене мүчөлөрү жайындабы баары көрүнүп турат. Бирок ага түшүш үчүн баасы кымбат экен. Баардык эле энелердин доплерге түшкөнгө шарты туура келбейт. Айыл жергесиндегилердин доплер боюнча такыр эле түшүнүктөрү жок. Биз ушул нерсени баарына жеткиликтүү кылышыбыз абзел. Экинчиси энелердин туура тамактануусу боюнча агартуу иштери жүргүзүлүшү керек. Антпесек, бир эне 5 бала төрөсө бешөө тең майып болуп төрөлгөн учурлар бар. Жылына 3 миңден ашык бала майып болуп төрөлөт. Эгер бул абалды эмитеден оңдоп, тиешелүү чара көрбөсөк, улуттун саламаттыгына доо кетип калышы ыктымал. Келечекте биз социалдык тармакка бөлүнгөн каражатты майып балдарга жумшап отура беребиз. Мындан маселе чечилбейт. Ошондуктан биз көйгөй пайда болгонго чейинки алдын-алуу иштерин көбүрөөк жүргүзүп, системалуу иш алып барышыбыз зарыл. Эми бул боюнча президенттик аппарат, өкмөт тарабынан абдан чоң долбоор иштелип жатат.  

Маектешкен Алмаз Темирбек уулу

"Фабула"


(оценки:0)
Похожии статьи:

Майрамдык балатыга шаар аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жакшы окуган мектептин алдыңкы окуучулары, ошону менен катар мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана жарым жетим балдар болуп, 500 катышты. Бул жерде балдарга концерттик программа, жомокторду сахналаштыруу, башка да оюн-зооктор көрсөтүлүп, ар бир балага атайын белектер тапшырылды


Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен жетим балдар үчүн заманбап жабдыктар менен камсыз болгон атайын мектеп түзүү чечими кабыл алынды. Бул мектептен жетим балдар татыктуу орто билимге гана ээ болбостон, атайын кесип дагы  алышат.


Айганыш Адамкалиева, Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар үйүнүн тарбиячысы: «Балдар апасы алып кетчү күндү күтүп жашашат»Колумда тарбияланган балдар которулуп кетип жатканда ичим ачышып, ыйлап, аларды башка колго ыраа көрбөй жаман абалда болом. Аларды бетинен өөп “бактылуу бол, жакшы адам бол” деп узатам. Кеткенден кийин дагы андан аркы тагдыры эмне болду деп тынчсызданып, бир топко чейин алардын жоктугуна көнбөй жаман болом. Азыр бул тайпада Аман деген бала бар, ал башка балдардан өзгөчөлөнүп басса-турса мени “апалап” турат.


Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин берген маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстан аймагында 1258 кароосуз бала катталса, анын 688и томолой жетим болуп саналат.


Кара-Сууда жакын туугандардын үйлөнүшүнөн улам майып төрөлгөн балдардын саны көбөйүүдө«Айрыкча мында өзбек улутунда «Кожо» деген уруусу бар. Алар ошол эле өзбектердин башка бир уруусундагы урук туугандарына кызын бербейт дагы, кыз албайт дагы. Ошолордун арасында ушундай майып балдар көп туулуп жатат», — дейт А. Акматов.


Комментарии: Чолпон Султанбекова, вице-премьер-министр: “Жетим балдар үйүн оптималдаштыруу аркылуу балдарды урук-тууганына кайтаруу зарыл”:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай,  таасир талаш күчөй баштады
Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы
Эл берген мандатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган Үмбөт Кыдыралиев
Эл өкүлү Үмбөт Кыдыралиевдин буга дейре кыргыз спортуна кошкон эбегейсиз эмгегин эч кимибиз тана албасак керек.
КСДПдагы Артыков баштаган айрым депутаттар мандаттарын тапшырбай тырышууда
Айтылуу «серый кардинал» Икрамжан Илмиянов ажонун кеңешчилигинен кеткени парламентке келээри боюнча катуу кеп болгон. Аныгында иш
Болотканов
Көп жылдан бери Өмүрбек Бабановдун жеке иштерин бүткөрүп, анын коомдук жардамчысы, жандоочусу, маалымат катчысы,
Ширшовдун үйү Албек Ибраимовго өттүбү?
Ширшов курган ошол элиталык үйлөрдөн (корей улутундагы Тень аттуу жардамчысынын наамында дейт) андагы ИИМ жетекчиси Мелис
Феликс Кулов алдыдагы аламан байгелерге жаңы адамдар менен чыгат
Жанагы жарашса-жарашпаса да жанталашып сүйлөп калганга аракет кылып, “Бакылдак” атка конгон Кожобек Рыспаев баш болгон бир




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.