dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Кечээ, 19:36

Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр: "Терең кайгырабыз. Бул биздин жалпы кайгыбыз"

Кечээ, 17:00

Эртең, 30-апрель - Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кечээ, 16:10

Дайырбек Орунбеков, журналист: "Президент мырза! Нарк билген киши көңүл айтканда акыл үйрөтүп, кыйын болбойт"

Кечээ, 15:26

Атамбаев: "Эгерде, жер көчкү басып калган үй-бүлөлөр бар болсо... Эмне, алар мал-мүлкүн кошо ала кетеби?" - ВИДЕО

Кечээ, 11:45

Аскар Салымбеков: "Гүлмира мен үчүн ɵмүрлүк жар эле эмес, баардык тармакта кеңешчим, жан жолдошум эле..."

Кечээ, 11:07

Өзгөндөгү көчкү алдында калган жарандарды издөө иштерине 100 куткаруучу тартылды

Кечээ, 10:58

Атамбаев Өзгөндөгү жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу боюнча зарыл чараларды көрүп, жабыр тарткандарга жардам берүүнү тапшырды

Кечээ, 10:51

Президент Алмазбек Атамбаев борбор тургундарын жана конокторду Бишкек шаарынын негизделген күнү менен куттуктады

Кечээ, 10:33

Министр Кубатбек Боронов Өзгөндөгү жер көчкү жүргөн аймакка издөө иштерин көзөмөлдөө үчүн чыгып кетти

Кечээ, 10:05

ӨКМ: Өзгөндөгү жер көчкүнүн астында 24 адам калды - ФОТО

Кечээ, 09:54

Шашылыш маалымат! Бүгүн Өзгөндө жер көчкү жүрүп, алдын ала маалыматтар боюнча 7 үйдү басып калды - ФОТО

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74  млн. сомов

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 7  февраля 2017 года, на  специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 74 млн. 379 тыс. 929 сом. Спецсчет открыт.
08.02.17

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 20 января  2017 года, в специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 19 млн. 129 тыс. 872 сом 85 тыйын. Все желающие физические и юридические лица могут оказать финансовую помощь по следующим
20.01.17

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

Кыргызстанка Таттыгуль Дооталиева, 1984 года рождения была доставлена на допрос в ГКНБ КР. После беседы со следователями девушке было вынесено официальное предупреждение по поводу ее публикации в социальных сетях.
19.01.17

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 5 млн. сомов

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 5 млн. сомов

По состоянию на 10:00 часов 19 января  2017 года, в специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 5 млн. 723 тыс. 783 сом 35 тыйын. Все желающие физические и юридические лица могут оказать финансовую помощь по нижеуказанным реквизитам:
19.01.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Анара Шайымкулова: «Жолдошум чыгармачылыгымды түшүнөт, мага мындан өткөн бакыт жок»

09.02.17 | Категория: Жанылыктар турмогу, Маек

Салмактуу ырларды мыкты аткарган, учурунда «Күлгүн жаш», «Азада Бегим», «Ай Теңир» топторунун солисти болуп элге таанылган ырчы Анара Шайымкулова турмушка чыкканы сахнадан алыстап кеткен. Эми кайрадан чыгармачылыкка киришип, алдыда жеке концертин берүүгө камынып жаткан ырчы бизде конокто.

Анара Шайымкулова: «Жолдошум чыгармачылыгымды түшүнөт, мага мындан өткөн бакыт жок»

– Анара айым, үнүңүз, чыгармаларыңыз көңүл дегдетет, бирок эмнеге сахнадан көп көрүнбөй келесиз?

– Эгер бул суроо буюм болсо, сандыгыма батмак эмес (күлүп). Баамдаганыңардай, сахнадан көп көрүнбөй кеттим. Анын жалгыз себеби: балдарым кичинекей болду. Аялдык милдетимди аткарып үй-бүлөмө карадым. Бирок ара-чолодо ырдап жүрдүм. Эми чыгармачылыкка баш-отум менен киришип, жакында концерт берейин деп эки айдан бери даярдык көрүп жатам. Элге жакшы концерт берсем экен деп абдан аракет кылуудамын. Айрымдар өзү таанылбаса да хит ыры менен концерт беришет эмеспи. Аларга салыштырмалуу мени бир аз да болсо эл тааныйт. Концертим 10-11-март күндөрү Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

– Демек, азыр чуркап жүргөн убагыңыз экен да?

– Ооба, балдарым менен үйдө отурган кезде саат 8-9га чейин уктасам, чыгармачылыкка киришкенден бери саат 7де туруп жатам. Концертке даярдангандан бери уйку качып таң атпай турчу болдум. Анткени концерт берүү оңой эмес, өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Ал жерге сени сыйлаган келет, сындаган келет дегендей. Бул эң негизгиси элге Анара Шайымкулованын ичинде эмне жашаса, ошону айта турган концерт.

– Ыр дүйнөгө аралашканыңызга канча болду?

– Студент кезимде аралашкам, тактап айтканда, 1998-жылы Жалал-Абадда Рысбай Абдыкадыровду эскерүү кечеси болуп мен «Кымбатым» деген ырын ырдадым. Кече аяктаганда Арзыбек Бедияров агай жаныма келип: «Кызым, үнүң жакшы экен, мага барып ырдасаң болот», - деди. Мен агайга бир барып коюп эле практикага кетип калгам. Кайра келсем, жатаканадагылар «сени Арзыбек Бедияров издеп келди» деп калышты. Анан агайга барып «Күлгүн жаш» тобуна солист болуп 2-3 жыл иштедим. Кийин «Азада Бегим» тобуна кирдим. Топ менен Бишкекке келип концерт берип, ар кандай фестивалдарга катышып, алардын ичинен «Шамшыкал ата азем түндөрү» аттуу республикалык масштабдагы сынакта 1-орунду алганбыз. Ал топ менен жакшы ийгиликтерге жетишкем.

– Чынында эле «Азада Бегим» тобу эл оозуна алынды эле, эмнеге тарап кетти?

– Аталган топту Рысбек Жабиров түзгөн. Концерт бергенден кийин биринчилерден болуп Рысбек байке Бишкекке баса берди. Башчыбыз кетип калгандан кийин бизге да борбор жакшы жыттана баштады. Белгилүү болгонго борбордо мүмкүнчүлүк көп деп топтогулар бир-бирден шаарга агыла баштадык. Ошентип, топ чачырап кетти. Ошол учурда Айбек Карымов Жалал-Абадга гастролдоп барып, экөөбүз мен «Ай Теңир» тобуна солист боло турган болуп сүйлөшкөнбүз. Бирок мен бир себептер менен сүйлөшкөн учурда келе албай калдым. Кийин 2005-жылы чоң ырчы болом деп Бишкекке кыштын суугунда Рысбек Жабировдун үйүнө келдим. Батирде жашаган немелердин үстүнө кошулуп кирип алдым. Айбек Карымовго телефон чалсам, «сен келбегениңден солист алып алгам», - деди. Рысбек байкенин аялы - абдан жакшы эже, мени үйүнө жашатып жүрө берди. Жазда Айбек байке кайра телефон чалып солисти турмушка чыгып жатканын айтып чакырды. Топто ырдап жүрүп Айбек байкенин инисине жолуктум. Борборго чоң ырчы болом деп келип чоң сүйүү таптым.

– Жолдошуңуз да «Ай Теңир» тобунда иштечү беле?

– Ооба, жолдошум топто музыкант болчу. Мен Бишкекке келе электе Гүлнара Кахарова биз жакка гастролдоп барып мени кошуп алды. Бир жерден Сыймык Бейшекеев, Айбек Карымов болуп чогуу концерт беришип мен да ырдагам. Сахнанын артында турсам бир жигит келип: «Саламатсызбы? Ырдаганыңыз жакты, жакшы ырдайт экенсиз», - десе, кылыктанып: «Рахмат», - деп калдым. Концерттен соң бир үйгө конок болуп барып жакын отуруп калыптырбыз. Устуканын жей албай калып: «Чогуу салып коюңузчу, бир үйгө барабыз да», - деген тамашалап. Оозуна сала бергендей, кийин бир үйгө эт ташып калдык (күлүп). Биринчи жолу ошентип таанышканбыз. Мен топко келгенден кийин бирге иштеп жүрүп ортобузда сезимдер ойгонду. Кыз-жигит болуп сегиз айдай жүрдүк. Айбек байкенин алдында тарсылдап жүрүп иниси менен сүйлөшүп алгандан кийин уялып калдым. Биз кичине таарынышсак Айбек байке ортого түшө калып: «Экөөңөр мени каршы болот деп урушуп атасыңарбы, каршы болбойм, тоюңарды өткөрүп берем», - деп тамашалап калчу. Буйрук экен, Жалал-Абаддан «ырдатпайсың» деп көп жигиттен качып келип Айбек байкеге келин болдум.

Анара Шайымкулова: «Жолдошум чыгармачылыгымды түшүнөт, мага мындан өткөн бакыт жок»

– Канча баланын ата-энеси болдуңуздар?

– Алты жылда эки уул, бир кыздуу болдук. Кудайга шүгүр, жашообузда баары ойдогудай. Арада чыгармачылыкка такыр тиешеси жок жумуштар менен алек болдук. Базарга чыгып соода кылдым. Акча таап, курсак ток болуп, баары эле жетиштүү сыяктанганы менен көкүрөгүмдө бир көксөөм толбой турчу. Мен базарда бут кийим сатып отурам, ырчылар жыргап теледе ырдап атышат… Ич күптү болуп жүргөн ошондой күндөрдүн биринде бир эже: «Анарасыңбы?» - деп калды. Жашырып коёюн дегенимче болбой: «Тааныдым, сен Анарасың. Бул жерде эмне отурасың, сенин ордуң сахнада», - деди. Ал эженин сөзү мага катуу таасир берди. Бут кийимдердин баарын жүктөп, базардагы ордумду таштап басып кеттим. Товарларымдын калганын мындай эле сатып, акчасына форма тиктирип алдым. Бирок базарда калган күндөрүмө деле өкүнбөйм, жашоонун ал жагын да көрдүм.

– Мындай чукул бурулушту жолдошуңуз кандай кабыл алды?

– Жолдошум бир күнү сөздөн-сөз чыгып отуруп: «Ырдайсыңбы?» - деп сураганда ырдатат экен деп кубанып өңүмбү, түшүмбү, ажырата албай калгам. Анткени ата-энем «күйөөң уруксат бербесе, ырдабай эле кой» деп кулагыма куюшкан да. Жолдошума бир ооз айткан бойдон анын оюн укпай эле ырдабай калдым окшойт деп жүргөм. Жолдошум болсо качан ырдайт деп жүрүптүр. Күйөөм уруксат бергенден кийин «кантип ырдайм?» деген ой болду. Анткени топто ырдап жүрүп өз алдынча кантип иштейт, кимге барат, билчү эмесмин. Шоу-бизнестин деле жолун билбесең, татаал нерсе. Бирок аракет кылсаң, баары колдон келет экен. Түрткөн эшиктин баары эле ачылбайт, бирок бири сөзсүз ачылат. Биринен жылмайган адам чыкса, биринен мостойгон адам чыгат дегендей, кагылып-согулуп баарын билдим. Башкысы мени колдогон жолдошум, жакындарым бар.

– Жолдошуңуз да чыгармачылык менен иштейби же башка тармакка кетти беле?

– Чыгармачылык менен эле алек. Заман талабына ылайык учурда тойлордо тамадалык кылып, концерттерди да алпарып калат. Өзүнүн кесиби - сүрөтчү, бирок ал тармакта иштебей калды. Жубайлардын экөө тең чыгармачыл болгону жакшы экен. Азыр бири-бирибизди колдоп, кечинде тойдон кимибиз канчада келсек да түшүнөбүз. Эң негизгиси жолдошум чыгармачылыгымды түшүнөт, мага мындан өткөн бакыт жок. Ал ырды да мыкты тандай билет.

– Кайнагаңыз Айбек Карымов менен катышасыздар да?

– Албетте, мамилебиз абдан жакшы. Жакында жаңы чыгарып, өзү ырдаганы жаткан «Туулган жер» аттуу чыгармасын мага берип мен ырдап чыктым. Ошол күнү жаңы ыр издеп көчөгө чыккан элем, Айбек байкеге кайрылсам, «менде жаңы ыр бар», - деп бере салды. Учурда радиолордо жакшы кетип жатат. Андыктан Айбек байкенин колдоосу бар десем болот.

– Учурда эркин ырчысызбы?

– «Арашан» элдик ансамблинде иштейм жана жеке ырчымын. Буюрса, чыгармачылыкта кандай бийиктик болсо, баарына жетким келет. Эмгегим, элдин колдоосу менен Эмгек сиңирген артист, Эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты болсом деп тилейм.

Динара ЧОКОЕВА, "Леди.KG"

(оценки:0)
Похожии статьи:

Элдин ырга болгон табити жоголду. Ырчылардын ыры көбөйгөн сайын теле-радиолорго «менин ырымды берип кой» деп чуркаш керек болуп калат экен. Мен антип чуркачу убактан өтүп калгам, чакырган жерге барып ырдап коём, чакырбаса өз ишимди кыла берем. Көрүнбөй кеткенимдин себеби ушул.


Анара ШАИМКУЛОВА, ырчы: "Жакшы мугалим болмокмун"ЖАМУнун филология факультетинде билим алып, кийин Токтосун Тынымбетов атындагы филармонияда иштедим. Ал эми 2005- жылы Бишкекке келип, бир жыл Айбек Карымов менен иштештим. Чыгармачылыкка жаңыдан аралашып, эл алдына чыга баштаган кезде турмушка чыгып, балалуу болуп, эки жылдан ашуун үйдө олтуруп, чыгармачылыктан бир аз алыстап кеткем. Азыр элдик ырларды ырдап, чыгармачылыкка баш-отум менен киришип иштеп жатам. 


Рысбек Жантөрөев: «Аялымдын мынчалык таланттуу экенин билбей жүрүпмүн»Жубайым экөөбүздүн тең пейилибиз кенен. Биздикине ким келсе дагы эшигибиз ачык. Ошондуктан, айылдан келгендин баары биздин үйдө. 


Мээрим Карыпова: «Турмушка эрте чыгып кетип туура кылган экенмин»Баарына белгилүү болгондой акыркы убактарда «Кара жорго» деген жаңы ыр жаздырып күйөрмандарыма тартууладым. Бул ырымды элдин кабыл алуусу абдан жакшы болуп жатат. Мага бул ырды режиссёр Ырыс Окенова эже менен аранжировщик Жолдош аттуу мырза сунуш кылып, күтүүсүздөн эле ырдап калгам. Бирок, аткарып чыгуу алдында ырды эл жакшы кабыл алып, ыр популярдуулукка ээ болот деп ойлогон эмесмин.


Ырчы айым Айжамал Кабылова турмуш жолуна аттангандан кийин Москвада жашап чыгармачылыктан алыстап кеткен эле. Акыркы учурларда турмушу бузулганы тууралуу кептер биринин артынан бири айтылып келет. Чыгармачылыкка кайра кирише баштаганын да угуп калдык. Күйөрмандары кызыккан бул суроолорго ырчынын өз оозунан жооп алуу максатын көздөдүк.

 


Комментарии: Анара Шайымкулова: «Жолдошум чыгармачылыгымды түшүнөт, мага мындан өткөн бакыт жок»:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай,  таасир талаш күчөй баштады
Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы
Эл берген мандатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган Үмбөт Кыдыралиев
Эл өкүлү Үмбөт Кыдыралиевдин буга дейре кыргыз спортуна кошкон эбегейсиз эмгегин эч кимибиз тана албасак керек.
КСДПдагы Артыков баштаган айрым депутаттар мандаттарын тапшырбай тырышууда
Айтылуу «серый кардинал» Икрамжан Илмиянов ажонун кеңешчилигинен кеткени парламентке келээри боюнча катуу кеп болгон. Аныгында иш
Болотканов
Көп жылдан бери Өмүрбек Бабановдун жеке иштерин бүткөрүп, анын коомдук жардамчысы, жандоочусу, маалымат катчысы,
Ширшовдун үйү Албек Ибраимовго өттүбү?
Ширшов курган ошол элиталык үйлөрдөн (корей улутундагы Тень аттуу жардамчысынын наамында дейт) андагы ИИМ жетекчиси Мелис
Феликс Кулов алдыдагы аламан байгелерге жаңы адамдар менен чыгат
Жанагы жарашса-жарашпаса да жанталашып сүйлөп калганга аракет кылып, “Бакылдак” атка конгон Кожобек Рыспаев баш болгон бир




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.