dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Кечээ, 19:36

Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр: "Терең кайгырабыз. Бул биздин жалпы кайгыбыз"

Кечээ, 17:00

Эртең, 30-апрель - Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кечээ, 16:10

Дайырбек Орунбеков, журналист: "Президент мырза! Нарк билген киши көңүл айтканда акыл үйрөтүп, кыйын болбойт"

Кечээ, 15:26

Атамбаев: "Эгерде, жер көчкү басып калган үй-бүлөлөр бар болсо... Эмне, алар мал-мүлкүн кошо ала кетеби?" - ВИДЕО

Кечээ, 11:45

Аскар Салымбеков: "Гүлмира мен үчүн ɵмүрлүк жар эле эмес, баардык тармакта кеңешчим, жан жолдошум эле..."

Кечээ, 11:07

Өзгөндөгү көчкү алдында калган жарандарды издөө иштерине 100 куткаруучу тартылды

Кечээ, 10:58

Атамбаев Өзгөндөгү жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу боюнча зарыл чараларды көрүп, жабыр тарткандарга жардам берүүнү тапшырды

Кечээ, 10:51

Президент Алмазбек Атамбаев борбор тургундарын жана конокторду Бишкек шаарынын негизделген күнү менен куттуктады

Кечээ, 10:33

Министр Кубатбек Боронов Өзгөндөгү жер көчкү жүргөн аймакка издөө иштерин көзөмөлдөө үчүн чыгып кетти

Кечээ, 10:05

ӨКМ: Өзгөндөгү жер көчкүнүн астында 24 адам калды - ФОТО

Кечээ, 09:54

Шашылыш маалымат! Бүгүн Өзгөндө жер көчкү жүрүп, алдын ала маалыматтар боюнча 7 үйдү басып калды - ФОТО

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74  млн. сомов

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 7  февраля 2017 года, на  специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 74 млн. 379 тыс. 929 сом. Спецсчет открыт.
08.02.17

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 20 января  2017 года, в специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 19 млн. 129 тыс. 872 сом 85 тыйын. Все желающие физические и юридические лица могут оказать финансовую помощь по следующим
20.01.17

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

Кыргызстанка Таттыгуль Дооталиева, 1984 года рождения была доставлена на допрос в ГКНБ КР. После беседы со следователями девушке было вынесено официальное предупреждение по поводу ее публикации в социальных сетях.
19.01.17

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 5 млн. сомов

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 5 млн. сомов

По состоянию на 10:00 часов 19 января  2017 года, в специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 5 млн. 723 тыс. 783 сом 35 тыйын. Все желающие физические и юридические лица могут оказать финансовую помощь по нижеуказанным реквизитам:
19.01.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай, таасир талаш күчөй баштады

Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы жакшылыкка алпарбайт. Мамлекеттик система күчтүү болушу үчүн жогорку даражадагы кадрлар биримдиктүү иштеши шарт. Бул жагына президент Алмазбек Атамбаев эртелеп көңүл бурбаса, аягы аянычтуу бүтпөйбү?

Маселен, ММКларда буга чейин президенттин аппаратынын башчысынын орун басары Аалы Карашевге ыксыз эле асылуулар, жамандоолор байкалды. Ошол эле тушта президенттик аппараттын тышкы бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго да "компроматтар согушу" жарыяланды. Менин байкашымча, ажонун айланасындагы эки тың кадрды алдыртан каралоо планы жүрүп, бийлик бутактарын бири-бирине кайраштыруу, аягы барып алсыратууга болжонгон сценарий окшойт. Ошого катар премьер-министр Сооронбай Жээнбеков быйылкы күздөгү хан такты үчүн олуттуу талапкер болобу-болбойбу, айтор, бу жагынан да эки анжылык байкалууда. Оппозиция да, ага катар бийликтин кайсы бир топтору дагы аны буттан чалууга кызыкдар. Бирок, Сокенин артында "калбыры" болбогону, таза иштегени үчүн шеф-досуна жагып, туруктуу багытында кетүүдө.

Аныгында, бийлик кемесинин ичинде көзгө көрүнбөгөн, кулакка анчейин угулбаган, бирок, тымызын ишараттар аркылуу "таш ыргытууларды" кантебиз? Мунун өзү бир чети мыйзам ченемдүү көрүнүш дечи. А коом барган сайын чыңалууда. Күздө президент ким болору белгисиз. КСДПдан кайсы талапкер чыга турганы али айтыла элек. Ошон үчүн таасир талашуулар ырбагандай. Натыйжада, туруктуулукту бузууга аракеттенген күчтөр күчөп кетпейби?..

Жогорку Кеңештин ичи деле араң турат. "Ата Мекен" баштаган оппозициячыл фракциялар күндөн күнгө чыйралышып, жазга карай кандайдыр бир акцияларды баштачудай сезилет. Башканы айтпасак да, КСДПнын депутаттарынын көпчүлүгү Атамбаев үчүн чын ниетинен туруп беришери арсар. Бир гана фракция лидери Иса Өмүркулов айрым күчтөргө жаман көрүнгөнүнө кайыл болуп, партиянын биримдигин, досунун саясатын чыңдоого салым кошуп келет. 

Ток этери, Атамбаев оппозициялык маанайдын күчтөнүшүнө туура анализ берип, бийлик ичиндеги тирешүүлөргө акыйкат сөзүн айтпаса, ары жагы тунара баштабайбы? Күздөгү аламан байгеде эл ичинде ынтымак ыдырабай, мамлекеттин стабилдүүлүгү сакталышы шарт. Анүчүн жогорку башкаруучунун адилеттүүлүгү гана керек, ошондо кемебиз чайпалбай сүзөт... 

"Азия ньюс"

(оценки:0)
Похожии статьи:

Бийлик азырынча Аалы Карашевди «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» таптап жаткандай сезилүүдө. Өзгөчө Аалы мырзанын илбериңки мамилеси, иш-билги сапаты Атамбаевге жакканы, экөө мамлекеттик чоң маселелерди акылдашып чечип калышканын Акүйдөгү өздүк булактарыбыз ырасташууда. 


Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкерлигин Путин жактырдыбы?Алмазбек Атамбаев Кремль менен эсептешпей коё албайт. Өзгөчө кийинки жылкы президенттик шайлоодо кайсы адам КСДПдан чыкса, ага карата Россиянын симпатиясы болушу шарт. Бул жагдайды эртелеп эске алган А.Атамбаев соңку ирет В.Путин менен жолукканда Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырып турганын, аны колдоо үчүн сөз баштаганы бекер жерден эмес го? Кыргыз лидеринин сунушун В.Путин туура түшүнүп, каршы чыкпаганы эле өзүнчө жеңиш да. Анүстүнө Д.Медве­дев менен С.Жээнбековдун мамилеси да түзүк экен. Кийинки президентти тандоодо Россия лидери ме­нен сөз башы ийгиликтүү башталган соң, мындан ары ишенимди бекемдетүү жагы калды.


Темир Сариев эртеңки оппозиция лидериби?Премьер-министр Темир Сариевдин ишине оң жагынан баа берүүгө караганда, популизмдик кадамдарын сындагандар көбөйдү. Ошол эле учурда бийлик ичиндеги таасирдүү топтордун да жактырбаганы эмнени каңкуулайт? Булардын баарын туюп турган Темике да оңой жоо эмес, өзүнчө акыл калчап атса керек...


Бул шайлоодо КСДП биринчи орунга чыгуу үчүн катуу ат салышат. А кайсы партия каршылык көрсөтүп, таканчык бере алат дейсиз? Албетте, бүгүнкү күндө бата сурабаган «Ата Мекен» гана ачык кырчылдашууга даяр экени байкала баштады. Өткөн жумада биздин гезитке Өмүрбек Текебаевдин кеңешчиси Сабыр Муканбетов интервью берип, жыландын башын кылтыйтып койгон. «Ата Мекен» менен «Улуттар Биримдигин» жакындатуу боюнча ой таштап. Эгерде чындап эле «Улуттар Биримдиги» партиясы «Ата Мекенге» кошулса, Оштогу Мелис Мырзакматовдун 10 миңдеген күйөрмандары бурулат. Мырзакматов өзү куугун жеп, жердештерине аянычтуу көрүнүп, сыртта жүрсө, ага дагы жакшы да, душманы Атамбаевге каршы чыга турган Текебаев менен биригүү идеясы… 


Адиль Турдукулов, "Прогресс" фондусунун төрагасы: "Оппозиция ичинде ичкүйдүлүк чоң роль ойнойт"Эски элита, бийликте же оппозицияда болобу, бири-бирин сатып, артына бычак сайып кеткенге көнүп калышкан. Эски карт бөрүлөрдө ишеним таптакыр жок болууда. Анан дагы көбү куугунтук болуп жатканга байланыштуу сырт жактан, ачык карап турушат. Кээ бирлери тымызын бийлик менен да сүйлөшүп жатышат. Экинчи себеп, бул оппозиция ичиндеги күчтүү амбиция. Баарынын тең президент болуп калууга эки көзү төрт. Клан-клан, жердешчиликке булар эбак эле бөлүнүп калышкан. Ичкүйдүлүк дагы чоң роль ойнойт...


Комментарии: КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай, таасир талаш күчөй баштады:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай,  таасир талаш күчөй баштады
Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы
Эл берген мандатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган Үмбөт Кыдыралиев
Эл өкүлү Үмбөт Кыдыралиевдин буга дейре кыргыз спортуна кошкон эбегейсиз эмгегин эч кимибиз тана албасак керек.
КСДПдагы Артыков баштаган айрым депутаттар мандаттарын тапшырбай тырышууда
Айтылуу «серый кардинал» Икрамжан Илмиянов ажонун кеңешчилигинен кеткени парламентке келээри боюнча катуу кеп болгон. Аныгында иш
Болотканов
Көп жылдан бери Өмүрбек Бабановдун жеке иштерин бүткөрүп, анын коомдук жардамчысы, жандоочусу, маалымат катчысы,
Ширшовдун үйү Албек Ибраимовго өттүбү?
Ширшов курган ошол элиталык үйлөрдөн (корей улутундагы Тень аттуу жардамчысынын наамында дейт) андагы ИИМ жетекчиси Мелис
Феликс Кулов алдыдагы аламан байгелерге жаңы адамдар менен чыгат
Жанагы жарашса-жарашпаса да жанталашып сүйлөп калганга аракет кылып, “Бакылдак” атка конгон Кожобек Рыспаев баш болгон бир




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.