dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Бүгүн, 00:47

Электр энергиясынын баасын кымбаттатуу демилгеси кайрадан чиновниктер тарабынан көтөрүлүүдө

Бүгүн, 00:14

Бишкекте болгон катуу шамалдан улам кулаган дарак "Лексус" автоунаасын басып калды - ВИДЕО

Кечээ, 16:18

Кубат Оторбаев, Акыйкатчы: "Мага кылмыш иши козголду деген маалымат чындыкка туура келбейт"

Кечээ, 15:53

Улуу муундарга волейбол боюнча турнир уюштурган депутат Жыргалбек Турускулов аларды жаштарга ар тараптан үлгү болууга чакырды - ФОТО

Кечээ, 15:25

Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге толугу менен ишенет

Кечээ, 15:07

Өзбек ырчысы Шавкат Мирзиёевге ыр арнап, клиби интернетке жарыяланды + ВИДЕО

Кечээ, 13:45

Атамбаев: "Кыргыз армиясы кезинде куралы, жада калса кийими да жетишпей, далай кордуктарга чыдады"

Кечээ, 13:02

Сен билесиңби же селсебет билеби?

Кечээ, 11:10

Sputnik агенттиги "Ты супер!" шоусунун катышуучуларына сыйлык тапшырды

Кечээ, 11:00

Өзбекстанда GTA, Mortal Kombat өңдүү 34 оюнга тыюу салынды

Кечээ, 10:58

Селден улам Кыргызстан менен Тажикстанды бириктирген жол жабылды

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Информация, распространенная некоторыми интернет-сайтами о том, что панциенты Жалал-Абадского областного центра психического здоровья постоянно нарушают покой студентов профтехлицея №1 в городе Жалал-Абад и терроризируют их, не обоснована, поскольку
26.05.17

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74  млн. сомов

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 7  февраля 2017 года, на  специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 74 млн. 379 тыс. 929 сом. Спецсчет открыт.
08.02.17

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 20 января  2017 года, в специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 19 млн. 129 тыс. 872 сом 85 тыйын. Все желающие физические и юридические лица могут оказать финансовую помощь по следующим
20.01.17

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

Кыргызстанка Таттыгуль Дооталиева, 1984 года рождения была доставлена на допрос в ГКНБ КР. После беседы со следователями девушке было вынесено официальное предупреждение по поводу ее публикации в социальных сетях.
19.01.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Айжамал Кабылова: «Биздин ажырашуубузду каалаган адам максатына жетти»

07.04.16 | Категория: Жанылыктар турмогу, Маек

Айжамал Кабылова: «Биздин ажырашуубузду каалаган адам максатына жетти»Ырчы айым Айжамал Кабылова турмуш жолуна аттангандан кийин Москвада жашап чыгармачылыктан алыстап кеткен эле. Акыркы учурларда турмушу бузулганы тууралуу кептер биринин артынан бири айтылып келет. Чыгармачылыкка кайра кирише баштаганын да угуп калдык. Күйөрмандары кызыккан бул суроолорго ырчынын өз оозунан жооп алуу максатын көздөдүк.

– Саламатсызбы, Кыргызстанга келип кайрадан чыгармачылыкка киришкени турганыңызды угуп калдык?

– Кыргызстанга келгениме эки айдай убакыт болду. Туура, чыгармачылыгыма кайрадан баш-отум менен киришкени турам. Азыркы учурда жаңы ырларды жаздыруудамын. Негизи тыныгуудан кийин кайра шоу-бизнеске аралашып кетиш да бир топ убакытты алат. Анан да жылдан-жылга элдин ырга болгон табити өзгөрөт дегендей. Ошондон улам ыр тандап жатканда «элге жагабы?» деген санааркоолор болбой койбойт. Кыскасы, чыгармачылыкка кайтып келүүгө жасап жаткан аракеттерим бир топ энергияны, нервди талап кылууда.

– Сахнаны сагынсаңыз керек?

– Албетте, сагынуу болот. Өзүмчө буулугуп, көкүрөгүмө бугум толуп, көңүлүмө эч нерсе жакпай калат. Ар бир адамга Жараткан «ушуну менен нан таап же» деп өнөр берет экен. Мага ушул өнөрүм аркылуу ырыскыны берген деп ойлойм.

– «АГК» тобу менен чыгасызбы же жеке ырчы катарыбы?

– Аталган топту ошол убакта чоң-чоң концерттерде гана чогуу ырдап коюу максатында түзгөнбүз. Үй-бүлөлүү болгондон кийин топ болуп иштеген бир аз ыңгайсыз болуп калат экен. Ошондуктан бүгүнкү күндө баарыбыз өз алдыбызча жеке ырчыбыз.

– Бир ирет мага «сахнаны таштадым» деп айттыңыз эле, ал оюңуздан кайткан экенсиз да?

– Атабыздын жумушу Москвада болгондуктан мен сахнаны таштап, үй-бүлөлүк жашоону тандап кеткем. Өзүм ырсыз жашоомду элестете алчу эмесмин. Бирок турмуш баарына көндүрөт экен. Ал жакта бир аз иштедим, ошол убакта чындап ырдагым келбей, ырды унутуп да калгам. Тилекке каршы, жолдошум экөөбүздүн турмушубуз болбой калгандыктан ал оюмдан кайтып кайра чыгармачылыкка келдим.

– Демек, жолдошуңуз экөөңүздөрдүн эки айрылыш жолго түшкөнүңүздөр чындыкпы?

– Ооба, чын. Бул оор бурулушка экөөбүздүн эки жакта болгондугубуз, бири-бирибизге ишенбестик, кызганыч жана ортодо ушак сүйлөгөн адамдар түрткү болду. Биздин ажырашуубуз тууралуу маалыматты тараткан адам максатына жетти. Мен ал адамды бир Кудайга койдум. Бүгүн менин жашоомду бузуп мага көр казган болсо, эртеңки күнү ошол көргө өзү түшүп каларын ойлогон жок. Бул кайтар дүйнө. 2015-жыл мен үчүн өтө оор жыл болду. Муну Кудайдын мага берген сыноосу деп гана билем жана бул сыноодон өтүп кетериме ишенем.

– Былтыр жолдошуңуз Москвада болуп, сиз Кыргызстанга келип чыгармачылык менен алек болуп жүрдүңүз эле, ортоңуздардагы жарака ошол учурларда пайда болгон го?

– Менден кеткен катачылык ошол болду окшойт. Чыгармачылыгымды бир аз алдыга жылдырсам деп мекенимде жүрүп калдым. Болбосо жашоодо үй-бүлөнү биринчи планга койгон аялзатымын. Эгерде мен ырды тандасам, турмушка чыккандан кийин беш жыл үйдө олтурмак эмесмин. Эми мунун баары тагдырдын жазганы, мүмкүн, убакыт баарын дарылайттыр.

– Сиздин жашооңузду бузууга себепчи болгон эмне болгон адам?

– Ал адамдын ким экенин ачыктабай эле коёюн. Анын өзү айтып жүргөндөй, эч кандай күйөөсү, үч баласы жок. Убактысын коротуп күнү-түнү социалдык тармактарда мени каралап олтурат. Душманды алыстан издебей эле коюш керек, баары жаныңда жүргөн адамдан чыгат экен. Ага Кудай ынсап берсин дээр элем.

– Ар бир үйдө казан-аяк кагышпай койбойт, балким, убактылуу таарынычтыр?

– Баары бүттү деп да айта албайм, убакытка койдук. Баарын убакыт көрсөтөт.

– Кайындарыңыз, ата-энеңиз бул кадамыңыздарды кандай кабылдашты?

– Кайын журтум да, ата-энем да чечимди өзүбүзгө коюшту. Анткени табышып, баш кошкон да өзүбүз болчубуз. Албетте, айтчу акыл кептерин айтышты.

– Балдарыңыз сиздин колуңуздабы?

– Балдарым - менин бүтүндөй байлыгым, алар менин колумда болот. Учурда жанымда, кызым сегиз, уулум алты жашка чыгып калышты. Менин кыялым - аларга татыктуу эне болуп, элден кем кылбай билим, тарбия берип өстүрүү. Атасы аларды көргүсү келсе, катташууну кааласа, эч качан каршы болбойм.

– Ошто болосузбу же борборго келесизби?

– Мындан ары башкысы мекенимде болом. Азыр Ошто болуп ырларымды жаздыра баштадым. Буюрса, жакында борборго барып Бишкекте жашайм. Кызым Жыпар Москвада 1-класста окучу, эми аны да борбордо окутам. Мен үчүн ар дайым балдарым биринчи орунда болуп келген, дагы да биринчи орунда болот.

– Көңүлүңүз жумшак адамсыз, акыркы өзүңүз тууралуу айтылган сөздөрдү кандай кабыл алдыңыз?

– Негизи мен эле эмес, чыгармачыл адамдардын баары ушунчалык назик калк болот экенбиз. Ар бир жаман-жакшы айтылган сөздөрдүн баары жүрөккө сайылат. Мурда өзүм тууралуу айтылган ар бир сөзгө ыйлай берчүмүн. Мына ушул болуп жаткан окуя мени күчтүүлүккө тарбиялады. Азыркы айтылып жаткан сөздөрдүн баары мен үчүн желкемде турган чаң сыяктуу.

– Чыгармачылыктагы апаңыз Гүлшайыр Садыбакасовадан таарынычтар үчүн кечирим сураганыңыздарды угуп калдык, кандай таарынычтарыңыздар бар эле?

– Гүлшайыр эже менен мен урушкан эмесмин, ар дайым сый мамиледе болуп келем. Эжени эки-үч жылдан бери көрө элек элем, жолуктук. Кечирим сураганымдын себеби - жакшылык-жамандыктарына, юбилейине келе албай калгам. Эженин апасы бизге таене болчу, таенеден биз көп нерсе үйрөнүп, батасын алып жүргөнбүз. Былтыр кайтыш болуп кетти, тилекке каршы, келе албадым. Ошондуктан таенеге да куран окуттум.

– «Кыз-Бурак» тобунда ырдап жүргөн учуруңузда популярдуулукка жеттиңиз эле, ошол учурду сагынасызбы?

– Менин эң бактылуу балалык күндөрүм топто жүргөн кез болчу. Эч кандай кайгы-капаны билчү эмесмин. Албетте, ысык-суук, ачка-ток калган күндөр да болгон, ошонусу менен таттуу болчу. Популярдуулук, жылдыз оорусу дегендерди болсо билбей калдык окшойт, биз ойлонгуча ал оорулар өтүп кетти (күлүп).

– Азыр кандай багыттагы ырларды ырдагыңыз келет?

– Азыркы башымдан өтүп жаткан окуя мени көп нерсеге тарбиялады. «Адамдын кандай экенин бир оомат келгенде, бир башына оор күн түшүп турганда бил» дейт го, мен да ким дос, ким душман экенин билип олтурам. Адамдардан көңүл калган тууралуу темада ырдагым келип жатат.

Динара ЧОКОЕВА, "Леди.KG"

(оценки:2)
Похожии статьи:

10 жыл жашап, бири-бирибиздин ичибизде эмнелер катылып жатканын такыр билбептирбиз. Ошентсе да эч качан жолдошумду жаман деп айтпайм. Ал мен үчүн жаным, ашыгым, балдарымдын атасы бойдон кала берет.


Биздин үй-бүлө мүчөлөрүнүн баардыгы намаз окушат. Бирок хиджаб кийбей, жоолук эле салынып жүрүшөт. Мен турмушка чыккан жылдары намаз окучумун. Кийин чыгармачылыктан алыстап, үй-бүлө кургандан кийин өз каалоом менен хиджаб кие баштагам. Жолдошум менен ажырашкан соң өз алдынча жашоого көнүп, жумушка орношууга туура келип, жумуш издей баштадым. Бирок хиджаб менен жумушка албай жатышты. Хиджаб кийгеним менин чыгармачылыгыма да бир топ терс таасирин тийгизмек. Киного да тартыла албай калмакмын. Мына ушундай себептерден улам чечкенге туура келди.


Элдин ырга болгон табити жоголду. Ырчылардын ыры көбөйгөн сайын теле-радиолорго «менин ырымды берип кой» деп чуркаш керек болуп калат экен. Мен антип чуркачу убактан өтүп калгам, чакырган жерге барып ырдап коём, чакырбаса өз ишимди кыла берем. Көрүнбөй кеткенимдин себеби ушул.


Самара Каримова: «Айрымдар “эми Самара продюсеринин колунда болот экен" деп ойлоп алышыптыр»– Негизи адам ар кандай ачылыштарды жасап көрүшү керек экен. Мисалы, мен азыр фольклор жанрындагы ырларды ырдайт эмесминби, ырларымды көбүнчө отуз жаштан жогорку адамдар угушат. Акыркы ата-эне жөнүндөгү ырларымды гана жаш-кары дебей баары угушту. Эми биз башка жанрдагы ырлар менен да иштейбиз. Эстрадага биротоло өтүп кетпесем да бул жанрдагы ырларды ырдайын деп жатам. Формаларым болсо баягыдай эле кыргыз колоритинде, бирок заманбап кийимдер болушу мүмкүн. Негизи менин европа стилиндеги көйнөктөрдү кийип жүргөнүмдү көргөндөр «жарашат экен, бирок сенин көркүңдү кыргыз көйнөктөрү ачат» деп айтышат. Азыр менин формаларымды даярдай турган дизайнерлер иштеп башташты.


Замир Арыкбаев: «МАИ кызматкери болушум керек эле, чыгармачылыкка сүңгүп кирип кеттим"Албетте, элдин ою мен үчүн чоң мааниге ээ. Кыргыздын менталитетин эске ала жүрүш керек. Эл - сынчы дегендей, элдин оюн эске алабыз. Айтылган ар кандай ушак-айың болсо мага катуу эле тиет. Анткени чыгармачыл адамдар сезимтал келет эмеспизби.


Комментарии: Айжамал Кабылова: «Биздин ажырашуубузду каалаган адам максатына жетти»:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай,  таасир талаш күчөй баштады
Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы
Эл берген мандатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган Үмбөт Кыдыралиев
Эл өкүлү Үмбөт Кыдыралиевдин буга дейре кыргыз спортуна кошкон эбегейсиз эмгегин эч кимибиз тана албасак керек.
КСДПдагы Артыков баштаган айрым депутаттар мандаттарын тапшырбай тырышууда
Айтылуу «серый кардинал» Икрамжан Илмиянов ажонун кеңешчилигинен кеткени парламентке келээри боюнча катуу кеп болгон. Аныгында иш
Болотканов
Көп жылдан бери Өмүрбек Бабановдун жеке иштерин бүткөрүп, анын коомдук жардамчысы, жандоочусу, маалымат катчысы,
Ширшовдун үйү Албек Ибраимовго өттүбү?
Ширшов курган ошол элиталык үйлөрдөн (корей улутундагы Тень аттуу жардамчысынын наамында дейт) андагы ИИМ жетекчиси Мелис
Феликс Кулов алдыдагы аламан байгелерге жаңы адамдар менен чыгат
Жанагы жарашса-жарашпаса да жанталашып сүйлөп калганга аракет кылып, “Бакылдак” атка конгон Кожобек Рыспаев баш болгон бир




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.