dle шаблоны

реклама yчyн орун(тел: 0550 05 67 43, 0773 05 67 43)
Редакция тууралуу Жарнама жайгаштыруу Биз менен байланыш
Логин:  
Пароль:
Башкы бет Саясат Коом Ааламда Интер гезит Куттуктоолор Эл үнү
Бүгүн, 00:47

Электр энергиясынын баасын кымбаттатуу демилгеси кайрадан чиновниктер тарабынан көтөрүлүүдө

Бүгүн, 00:14

Бишкекте болгон катуу шамалдан улам кулаган дарак "Лексус" автоунаасын басып калды - ВИДЕО

Кечээ, 16:18

Кубат Оторбаев, Акыйкатчы: "Мага кылмыш иши козголду деген маалымат чындыкка туура келбейт"

Кечээ, 15:53

Улуу муундарга волейбол боюнча турнир уюштурган депутат Жыргалбек Турускулов аларды жаштарга ар тараптан үлгү болууга чакырды - ФОТО

Кечээ, 15:25

Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге толугу менен ишенет

Кечээ, 15:07

Өзбек ырчысы Шавкат Мирзиёевге ыр арнап, клиби интернетке жарыяланды + ВИДЕО

Кечээ, 13:45

Атамбаев: "Кыргыз армиясы кезинде куралы, жада калса кийими да жетишпей, далай кордуктарга чыдады"

Кечээ, 13:02

Сен билесиңби же селсебет билеби?

Кечээ, 11:10

Sputnik агенттиги "Ты супер!" шоусунун катышуучуларына сыйлык тапшырды

Кечээ, 11:00

Өзбекстанда GTA, Mortal Kombat өңдүү 34 оюнга тыюу салынды

Кечээ, 10:58

Селден улам Кыргызстан менен Тажикстанды бириктирген жол жабылды

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Жалал-Абад: никакого террора со стороны пациентов центра психического здоровья нет

Информация, распространенная некоторыми интернет-сайтами о том, что панциенты Жалал-Абадского областного центра психического здоровья постоянно нарушают покой студентов профтехлицея №1 в городе Жалал-Абад и терроризируют их, не обоснована, поскольку
26.05.17

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74  млн. сомов

На спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 74 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 7  февраля 2017 года, на  специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 74 млн. 379 тыс. 929 сом. Спецсчет открыт.
08.02.17

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

В спецсчет МЧС Кыргызской Республики поступило более 19 млн. сомов

По состоянию на 17:00 часов 20 января  2017 года, в специальный счет МЧС Кыргызской Республики поступило 19 млн. 129 тыс. 872 сом 85 тыйын. Все желающие физические и юридические лица могут оказать финансовую помощь по следующим
20.01.17

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

8 лет может грозить кыргызстанке за высказывания о погибших в авиакатастрофе

Кыргызстанка Таттыгуль Дооталиева, 1984 года рождения была доставлена на допрос в ГКНБ КР. После беседы со следователями девушке было вынесено официальное предупреждение по поводу ее публикации в социальных сетях.
19.01.17

Медиа портал

Сурамжылоо
Коп окулгандар
Архив

Рысбек Жантөрөев: «Аялымдын мынчалык таланттуу экенин билбей жүрүпмүн»

10.12.13 | Категория: Интер гезит

КОШ КЕЛИПСИЗ!

Рысбек Жантөрөев: «Аялымдын мынчалык таланттуу экенин билбей жүрүпмүн»Манас Бердибеков баштаган кыргыз эстрадасынын куудулдар көчүн улап келе жаткан Рысбек Жантөрөев деген ысым сизге да тааныш болсо керек. Тамашалары менен боорду эзген куудул учурда концер берем деп буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн кез. Куудулдун акыркы жаӊылыктары менен бирге чыгармачылыкка аралашкан күндөрүн эсине салып, кызуу маек курдук. 

- Рысбек байке, жакында концерт берем деп даярдык көрүп жаткан учуруңуз экен?

- Мен 2005-жылы эл келбей калабы деп коркуп-үркүп жатып алгачкы жеке концертимди бергем. Жыйынтыгында эл жакшы келип жакшы өткөн. Ошондон бери борбордо такыр концерт коё элек элем. Жылдын аягында, тактап айтканда, 29-декабрда концерт берейин деп бел байлап турган учурум. Биринчиге салыштырмалуу быйыл көңүлүм ток. Бул концертти келинчегим экөөбүз тандем болуп койгону жатабыз. Концертте келинчегимдин тушоосун кесем. Негизи топ менен жүрсөң канча киши болсо ошончо кишинин жашоосу, көйгөйү болот экен да, чогулуш кыйын болуп, каалаган убакта концерт коё албай калат экенсиң. Ал эми жубайың болсо жакшы экен. Экөөбүз гастролдоп жүрө беребиз. Бул концерттин программасын биринчи айылдарга коюп бышырып, жубайымды дагы сахнага үйрөтүп эми борборго келдик. 

- Жубайыңыз дагы куудулбу?

- Жубайым Анара куудул, ырчы. Экөөбүз тең Жалал-Абаддагы Маданият техникумун бүтүргөнбүз. Бирок, Анаранын ата-энеси «артист болбойсуң» деп каршы чыгып ырдатпай коюшкандыктан, Анара сулуулук салонун ачып, бизнес жагына ооп кетиптир. Биз үйлөнгөндөн кийин менин менчигиме өттү да, мен аны сахнага чыгара турган болдум. Алгач Анара ырчы эле болом деп жаткан. Бирок, мага көптөн бери мени менен бирге сатира ойногонго куудул айым керек болуп жүргөн. Анан аны өзүмө кесиптеш, өнөктөш кылып алдым. Мен алгач келинчегимдин мынчалык таланттуу экенин билген эмесмин. Биз биринчи айылга концерт коюп барганда сынап көрөйүн деп сахнага чыгарып койсом чоң куудулдардай ойноп койду. Азыр экөөбүздүн үйүбүз театрга айланып калган. Үйдө олтуруп алып эле сатираларды жарата беребиз. Акыркы учурларда сатиралардын баары эле саясат болуп кетпедиби, биз болсо элге үй-бүлөлүк турмушка байланыштуу сатираларды алып чыгабыз. 

- Тойлорго дагы барсаңыздар керек?

- Албетте, барабыз. Тойдо мен тамада болсом, келинчегим «Жар-жар» айтып ырдап бир тойду экөөбүз эле өткөрүп коёбуз. Замандын талабына ылайык, биз деле тойлордон каражат таап жатабыз. 

- Экөөңүздөр бирдей чыгармачылыкка аралашып гастроль, той деп жүрсөңүздөр үй-жай кантип жатат?

- Үйүбүздө студенттер толтура. Жубайым экөөбүздүн тең пейилибиз кенен. Биздикине ким келсе дагы эшигибиз ачык. Ошондуктан, айылдан келгендин баары биздин үйдө. 

- Сөздү сиздин сахнага жаңы чыккан кезиңизге бургум келип турат…

- Менин куудул болушума кыргыздын белдүү куудулу маркум Манас Бердибеков түрткү болгон. Бир жолу Манас байкелер биздин айылга концерт коюп барып калышты. Агайга жолугуп куудул болгум келээрин айтсам сахнага чыгарды. Анан кетип баратып «куудул болгуң келсе билим ал» деп кетти. Мен агайга жолуккандан кийин куудул болууну мурдагыдан бетер көксөп калдым. Кийин мектепти аяктап Жалал-Абаддагы Маданият техникумунун элдик факультетинде окудум. “Билим алдым, эми Манас байке менен иштейм” деп турсам Рахман Разыков мага окшогон беш таланттуу баланы топтоп, абдан жакшы даярдап «Бешилик» деген топ ачып калды. Ошол маалда элге «Бешиликке» окшогон топ керек болуп турган экен, биз бат эле эл оозуна алынып кеттик.

- Сиз негизи бала чагыңыздан эле сатирага жакын белеңиз?

- Мен окуучулук кезде эле мектептен мугалимдерди туурай калып классташтарды көп күлдүрчүмүн. Бирок, менин куудул болушума ата-энем каршы болчу. Алар мага «артист деген кайра-кайра аял алат, эгерде айым болсо кайра-кайра күйөөгө тиет» деп айтышчу. Бирок, алардын тоскоолдугун жеңип минтип артист болуп калдым. 

- Өзүңүз сатира жазып көрдүңүз беле?

- Ооба, эки-үч сатира жазгам. «Бешилик» тобунда жүргөн учурумда алгачкы сатирамды жазгам. Бир жолу «Кыргызстан Обондору» радиосун угуп олтурсам «Арзуу» деген берүү болуп калды. Ал берүү кайгылуу болгону менен мага күлкүлүү угулду да. Анан ошол берүүнүн таасиринен алгачкы сатирам жарыкка чыккан. Бирок, ал сатираны аткаруудан уялып ойнобой койгом. Кийин Рахман байкеге оңдотуп алып ойноп жүрдүм, элге жаккан. 

- Жеке жашооңузда дагы куудулсузбу же сахнада элеби?

- Менин сахналаш досторумдун айтканына караганда, мен сахнадан дагы жашоодо абдан куудул экенмин. Анан сахнага чыкканда «скромный» боло коём деп көп куудулданбай туруп аласың дешет. Чынында өзүмө деле байкалат. Мен сахнанын сыртында чоң куудулдарды дагы күлдүрөм, Абдылда байкелердин боорлору эзилип калат. Мурда куудулдар Жамбыл Камчиев тууралуу көп айтышса, азыр мен тууралуу көп айтышат экен. 

РЫСБЕКТИН ЖОРУКТАРЫНАН

Бир учурларда Рысбек Жантөрөевдин келинчеги дүкөн иштетчү экен. Ошол күндөрдүн биринде Рысбек дүкөнгө келип калса келинчеги:

- Сен соода кылып карай турчу, мен товар алып келе калайын, - деп кетет. Рысбек дүкөндө олтурса орус киши келип бышырылып сатылчу жумуртканы көрсөтүп, Рысбектен:

- «Варённый?» -деп сураса, Рысбек:

- «Нет, куринный» деген экен. 

Анан аялы келгенде «бир орус келип жумуртка воронаныкыбы деп сурайт, мен тооктуку деп айттым» деп аялынын боорун эзген экен.

**** 

Айрым ырчылар концертте ырдаганда үнү жетпей калса «нотаны высокий алып алыптырмын» деп кутулушат экен. Анан бир жолу Рысбек сахнага чыгып канча куудулданса дагы такыр элди күлдүрө албай коёт. Сахнанын артына барганда куудул досу Тынар Курбаналиев:

- Эч ким күлбөй койду го, - десе ал:

- Кичине «высокий» алып алыптырмын, - деп кутулуптур.

***   

Рысбек сахнага караганда жашоодо кыйын куудул болгондуктан, сахналаштары аны «жөө куудул» деп коюшчу экен. Анан бир жолу досу Талант Анарбаевди күлдүрүп калса ал:

 - Ай, Рысбек, жөө куудулсуң да? – дейт. Анда Рысбек:

- Мен жөө болбой калгам. Азыр «Фольксваген» деген машина алып “машинасы бар куудул” болгом, - деп андан бетер боорун эзиптир. 

***

Рысбек Оштун базарындагы радиотүйүнгө батир издеп барып калат. Бир киши келип:

- Сизге бир бөлмөлүү батир керекпи же эки бөлмөлүүбү? - деп сураса Рысбек: 

- Кандай болсо дагы боло берет, бирок, азык-түлүгү менен болсо жакшы болот эле, - дептир. 

***  

Бир жолу Талант менен Рысбек жолугушуп калып Талант Рысбектен:

- Аяш менен жакшы эле жашап жатасыңбы же өйдө-ылдый болуп жатасыңбы? -  деп сурайт. Анда Рысбек: 

- Ээ досум, аяшың парламенттик башкаруу, мен президенттик башкаруу деп жатып коалиция тарап кетти, - деп кайгысын билдирген экен. 

                       Динара Чокоева, "Леди.KG"

 

 

(оценки:0)
Похожии статьи:

Экөөбүз бир үйдө 1971-жылдан 1975-жылга чейин бирге жашадык. Андан кийин Манас армияга кетип калды. Кийин армиядан келээри менен Санжардын апасы Калия жеңеме үйлөндү. Жеңем биздин үйдө болуп, Манас Ошко барып окуп чыгармачылыкка аралашып кетти. Жеңем ага чыдай албадыбы, айтор, экөө Санжар басып калган учурда ажырашып кетишти.


Анара Шайымкулова: «Жолдошум чыгармачылыгымды түшүнөт, мага мындан өткөн бакыт жок»2005-жылы чоң ырчы болом деп Бишкекке кыштын суугунда Рысбек Жабировдун үйүнө келдим. Батирде жашаган немелердин үстүнө кошулуп кирип алдым. Айбек Карымовго телефон чалсам, «сен келбегениңден солист алып алгам», - деди. Рысбек байкенин аялы - абдан жакшы эже, мени үйүнө жашатып жүрө берди. Жазда Айбек байке кайра телефон чалып солисти турмушка чыгып жатканын айтып чакырды. Топто ырдап жүрүп Айбек байкенин инисине жолуктум. Борборго чоң ырчы болом деп келип чоң сүйүү таптым.


Элдин ырга болгон табити жоголду. Ырчылардын ыры көбөйгөн сайын теле-радиолорго «менин ырымды берип кой» деп чуркаш керек болуп калат экен. Мен антип чуркачу убактан өтүп калгам, чакырган жерге барып ырдап коём, чакырбаса өз ишимди кыла берем. Көрүнбөй кеткенимдин себеби ушул.


 Качан болсо чыгармачылыкта кумурскадай кыбырап иштеп жүргөн мырза Борончу Кудайбергенов бүгүнкү күндө элге ырчы, куудул, тамадалык кызматты аткарып келет. Өзү да, сүйлөгөн сөзү да оригиналдуу куудул “Кош келипсиз!” рубрикабыздын бүгүнкү коногу болду.


Тынар Курбаналиев: «Эмки парламенттик шайлоого сөзсүз аттанам»Жалган сөз, мен эч кандай куугунтукталып качканым жок. Бул жөн гана сатира, аны айрымдар түшүнбөй жатышат. Депутаттардын өзүлөрү эч нерсе деген жок, болгону бирөөнүн жанындагы кошоматчылары мага телефон чалып ар кайсыны сүйлөштү. Кесиптешим Майрамбек Осмоновго да катуу тийиптир го, ал кимдин сөзүн сүйлөп жүрөт, билбейм.


Комментарии: Рысбек Жантөрөев: «Аялымдын мынчалык таланттуу экенин билбей жүрүпмүн»:

Добавить комментарий
Имя:   E-Mail:  


Код:
Включите эту картинку для отображения кода безопасности
обновить, если не виден код


код:



Валюталардын курстары

Кыргызстандагы аба ырайы



Праздники Кыргызстана
КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай,  таасир талаш күчөй баштады
Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы
Эл берген мандатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган Үмбөт Кыдыралиев
Эл өкүлү Үмбөт Кыдыралиевдин буга дейре кыргыз спортуна кошкон эбегейсиз эмгегин эч кимибиз тана албасак керек.
КСДПдагы Артыков баштаган айрым депутаттар мандаттарын тапшырбай тырышууда
Айтылуу «серый кардинал» Икрамжан Илмиянов ажонун кеңешчилигинен кеткени парламентке келээри боюнча катуу кеп болгон. Аныгында иш
Болотканов
Көп жылдан бери Өмүрбек Бабановдун жеке иштерин бүткөрүп, анын коомдук жардамчысы, жандоочусу, маалымат катчысы,
Ширшовдун үйү Албек Ибраимовго өттүбү?
Ширшов курган ошол элиталык үйлөрдөн (корей улутундагы Тень аттуу жардамчысынын наамында дейт) андагы ИИМ жетекчиси Мелис
Феликс Кулов алдыдагы аламан байгелерге жаңы адамдар менен чыгат
Жанагы жарашса-жарашпаса да жанталашып сүйлөп калганга аракет кылып, “Бакылдак” атка конгон Кожобек Рыспаев баш болгон бир




Inter.kg - маалыматтык порталы © 2013 Powered by Erkin Urmanbetov
Материалды колдонууда www.inter.kg шилтемесин колдонунуз.